КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ</b> | <b type='title'>КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ</b> Борбордук Теңир-Тоодо. Эңил­чек, Ат-Жайлоо ж-а Кайыңды кырка тоолору­нун аралыгында чыгыштан батышка 75 <i>км</i>ге созулуп жатат. Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан. Туурасы 5 <i>км</i>. Аянты 599 <i>км</i><sup>2</sup>. Эң бийик жери 5420 <i>м</i>. Жапыз жери 2100 <i>м</i>. Рельефи төртүнчүлүк мезгилдин ортоңку бөлү­гүндөгү байыркы мөңгүнүн жылышынан калып­танган тепши сымал (трог), орто жери жайык. Өрөөндүн капталдары кыска, кууш жылгалуу. Азыркы учурда эрозиялык процесстер ургаал­дуу жүрүүдө. Негизинен палеозойдун кристалл­дык ж-а аны жиреп чыккан интрузия тектери­нен турат. Ортоңку бөлүгүндө олигоцен-миоцен­дин кызыл түстүү конгломераттары жер бетине чыгып турат. Климаты континенттик, январ­дын орточо температурасы –16...–17°С, июлдуку 10– 11°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 <i>мм</i>. | ||
Өрөөндүн капталдары кыска, кууш жылгалуу. | |||
Азыркы учурда эрозиялык процесстер ургаал­дуу жүрүүдө. Негизинен палеозойдун кристалл­дык ж-а аны жиреп чыккан интрузия тектери­нен турат. Ортоңку бөлүгүндө олигоцен-миоцен­дин кызыл түстүү конгломераттары жер бетине | |||
чыгып турат. Климаты континенттик, январ­дын | |||
[[File:КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ118.png | thumb | Өрөөндүн жогорку бөлүгү. | [[File:КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ118.png | thumb | Өрөөндүн жогорку бөлүгү. | ||
]]Өрөөндөгү | ]]Өрөөндөгү негизги суунун алабына таандык 73 мөңгүнүн жалпы аянты 158 <i>км</i><sup>2</sup>, алардын эң ириси Кайыңды (узундугу 25,8 <i>км</i>, аянты 107,4 <i>км</i><sup>2</sup>). Өрөөн аркылуу <i>Кайыңды</i> суусу (куймалары: Ат-Жай­лоо, Карагатты) агат. Тескейине токойлуу шал­баа, субальп, альп ж-а нивалдык-гляциалдык алкактар мүнөздүү. Суу бойлой кайың, ар кыл бадал өсөт. Карагай токою ортоңку бөлүгүндө ж-а Үч-Чат тоолорунун түндүк капталдарында кез­дешет. Кышкы жайыт. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
10:12, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ Борбордук Теңир-Тоодо. Эңилчек, Ат-Жайлоо ж-а Кайыңды кырка тоолорунун аралыгында чыгыштан батышка 75 кмге созулуп жатат. Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан. Туурасы 5 км. Аянты 599 км2. Эң бийик жери 5420 м. Жапыз жери 2100 м. Рельефи төртүнчүлүк мезгилдин ортоңку бөлүгүндөгү байыркы мөңгүнүн жылышынан калыптанган тепши сымал (трог), орто жери жайык. Өрөөндүн капталдары кыска, кууш жылгалуу. Азыркы учурда эрозиялык процесстер ургаалдуу жүрүүдө. Негизинен палеозойдун кристаллдык ж-а аны жиреп чыккан интрузия тектеринен турат. Ортоңку бөлүгүндө олигоцен-миоцендин кызыл түстүү конгломераттары жер бетине чыгып турат. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы –16...–17°С, июлдуку 10– 11°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм.

Өрөөндөгү негизги суунун алабына таандык 73 мөңгүнүн жалпы аянты 158 км2, алардын эң ириси Кайыңды (узундугу 25,8 км, аянты 107,4 км2). Өрөөн аркылуу Кайыңды суусу (куймалары: Ат-Жайлоо, Карагатты) агат. Тескейине токойлуу шалбаа, субальп, альп ж-а нивалдык-гляциалдык алкактар мүнөздүү. Суу бойлой кайың, ар кыл бадал өсөт. Карагай токою ортоңку бөлүгүндө ж-а Үч-Чат тоолорунун түндүк капталдарында кездешет. Кышкы жайыт.