КАЙЫҢДЫ (Панфилов районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page КАЙЫҢДЫ to КАЙЫҢДЫ (Панфилов районундагы кыштак)) |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЙЫҢДЫ</b> – Чүй | <b type='title'>КАЙЫҢДЫ</b> – Чүй облусунун Панфилов районунда­гы шаарча (1934-жылдан), райондун борбору. Чүй өрөөнүндөгү Чоң Кайыңды суусунун боюн­да, деңиз деңгээлинен 860 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Биш­кек шаарынан 88 <i>км</i> чыгыш тарапта. Кара-Балта темир жол бекетинен 20 <i>км</i>. Шаарча аркылуу Чал­дыбар – Бишкек – Балыкчы темир жолу өтөт. Кыштак катары 1917-жылы негизделген. Калкы 10 миң (2022). «Кайыңды кант», <i>«Кайыңды кабель заводу»,</i> «Кайыңды эт комбинаты» АКтары, кыш заводу, «Шоола» жоопкерчилиги чектелген коому иш­тейт. Шаарчада 3 орто мектеп, 6 китепкана, клуб, маданият үйү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врач­тар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайла­ры, ресторан, мончо, сауналар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго обелиск тургузулган. | ||
Чүй өрөөнүндөгү Чоң Кайыңды суусунун боюн­да, деңиз | |||
( | |||
«Кайыңды эт комбинаты» АКтары, кыш | |||
«Шоола» жоопкерчилиги чектелген коому иш­тейт. Шаарчада 3 орто мектеп, 6 китепкана, клуб, | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:33, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЙЫҢДЫ – Чүй облусунун Панфилов районундагы шаарча (1934-жылдан), райондун борбору. Чүй өрөөнүндөгү Чоң Кайыңды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 860 м бийикте жайгашкан. Бишкек шаарынан 88 км чыгыш тарапта. Кара-Балта темир жол бекетинен 20 км. Шаарча аркылуу Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы темир жолу өтөт. Кыштак катары 1917-жылы негизделген. Калкы 10 миң (2022). «Кайыңды кант», «Кайыңды кабель заводу», «Кайыңды эт комбинаты» АКтары, кыш заводу, «Шоола» жоопкерчилиги чектелген коому иштейт. Шаарчада 3 орто мектеп, 6 китепкана, клуб, маданият үйү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, ресторан, мончо, сауналар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго обелиск тургузулган.