КАЙРА КУРУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЙРА КУРУУ</b> (1985–91) – СССРде М. С. <i>Гор­бачевдун</i> демилгеси м-н жүргүзүлгөн саясий ж-а | <b type='title'>КАЙРА КУРУУ</b> (1985–91) – СССРде М. С. <i>Гор­бачевдун</i> демилгеси м-н жүргүзүлгөн саясий ж-а экономикалык реформалар. Кайра курууга партиянын эски кадр­лары каршы турган, анткени бул система неги­зинен СССРдин тоталитардык системасын өзгөртүүгө багытталган. Маалымат каражатта­ры айкындуулук алып, саясий плюрализмге, кансыз согуштун аякташына, ошондой эле экономи­канын, айыл чарбасынын кризисине, улуттар аралык чыр-чатактарга алып келген [к. <i>Желтоксан (Де­кабрь) окуясы; Карабах жаңжалы (1988)</i>]. Сис­темалык кризистен чыгуу үчүн кескин чаралар­ды көрүү талап кылынган. Мындай кырдаалда 1985-жылы 11-мартта КПСС БКнын Генералдык сек­ретары болуп М.С. Горбачев шайланган. Жаңы башчы «өнүккөн социализмди» жаңылануу про­цессинен көргөн. Ушуга байланыштуу өлкөнүн экономикасын кайрадан куруп чыгуу концеп­циясын иштеп чыгуу каралган. 1985-жылы ички­ликке каршы өнөктүк башталып, күч колдонуу м-н арак-шарап чыгаруу азайтылып, жүзүмзар­лар кыйылып жок кылынган. Жогорку бийлик­тегилер алмаштырылып, «кадрдык революция» башталган. 1985–91-жылы КПСС БКнын мүчөлө­рүнүн 85%и жаңыланган. Партия м-н өкмөт жетекчилигине жаңы адамдар: Н. И. Рыжков, Б. Н. Ельцин, Э. А. Шеварднадзе, А. Н. Яков­лев ж. б. келишкен. КПСС БКнын 1987-жылдагы ян­варь пленумунун чечимине ылайык демократия ж-а айкындык жарыяланган. Кайра куруу процесси театр, кино, телекөрсөтүүлөрдүн программа­ларына өз таасирин тийгизген. Сталиндик реп­рессиянын курмандыктарын актоо боюнча 1987-жылы А. Н. Яковлев жетектеген комиссия түзүлгөн. Комиссия 20–30-жылдары саясий процесстерде курман болгондордун иштерин карап чыккан. Курман болгондорду комиссия 1989-жылы толук актаган. Ошондой эле айыл чарбасын коллективдештирүү мез­гилинде дыйкандарга болгон репрессия мыйзам­сыз деп табылган. 1988-жылы партиянын бүткүл союздук 19-конференциясынын чечимине ылайык бийлик партияга эмес, Советтерге тиешелүү бо­луш керек деп эсептелген. Бийликтин жогорку органы эл депутаттарынын съезди болуп кал­ды. Ушул максатта КПСС БКнын Генералдык секретарынын ж-а СССР Жогорку Советинин төрагалык пост­торун бириктирүү каралган. 1989-жылы май айын­да эл депутаттарынын 1-съезди болуп, ал эбе­гейсиз зор коомдук кызыкчылык жараткан. Съездде ар түрдүү саясий фракциялар түзүлгөн. 1990-жылы март айында эл депутаттарынын кезек­сиз 3-съездинде М. С. Горбачев СССРдин Прези­денти болуп шайланган. Ушул эле съездде СССР Конституциясынын 6-статьясы алынып, бул статья өлкөнүн турмушунда КПССтин жетекчи­лик ролун мыйзам түрүндө бекиткен. Коомдук турмушту демократиялаштыруунун натыйжа­сында өлкөдө кыймылдар м-н партиялар пайда боло баштады. Коомдук саясий кыймылдардын эң барандуусу Элдик фронттор болду. Союздук республикалардагы Элдик фронттор [«Саюдис» (Литва), «Рух» (Украина) ж. б.] өз элдеринин улуттук ж-а маданий кайра жаралуусу үчүн СССРден чыгуу ж-дө талаптарды ачык эле коё баштады. 1985–91-жылдарда КПССтин катарынан 5 млн адам чыккан. Партияда консервативдик ж-а радикал реформачыл топтор пайда болгон. Өлкөнүн эко­номикасын кризистен алып чыгуу үчүн Н. Рыж­ков, Г. Явлинский ж. б. өздөрүнүн программа­ларын сунуштап, кыска мөөнөттө менчиктеш­тирүү жүргүзүп, рыноктук мамилелерге өтүү бел­гиленген. Президент М. С. Горбачев компромисс­тик вариантты тандаган. Улуттар аралык ма­милелер кескин курчуп кеткен. 1989–90-жылдарда союздук республикаларда жогорку бийликке шайлоо­лор жүрүп, улуттук элитанын өкүлдөрү жеңип чыккан. 1991-жылы 12-июнда Россияда президент­тик шайлоо болуп, Б. Н. Ельцин жеңишке же­тишкен. 1991-жылы жай мезгилинде союздук респ­убликаларда эгемендик жөнүндө мыйзам кабыл алынып, республикалык мыйзамдар жалпы союздук мыйзамдан жо­гору турат деп жарыяланган. Мындай шарттар­да жаңы союздук келишим гана өлкөнүн би­римдигин сактап калмак. Келишимге кол коюу 1991-жылдын 20-августунда белгиленген. Кыргызстанда кайра куруу процессинде бүтүндөй өлкө боюнча партиялык же­текчиликти жаңылоо жүргөн. 1985-жылы чейрек кылымга жакын Кыргызстан КП БКны жетектеген Т. Усубалиев кызматынан бошотулуп, ордуна А. Масалиев шайланган. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Совети Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Анда кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланып, орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары таа­нылган. Республикадагы ишканалардын, айыл чарба өндү­рүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансы­лоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1991-жылы 7-августта Кыргызстанда рынок экономикасына өтүү боюнча мыйзам кабыл алы­нып, анда мамлекеттик ж-а коммуналык ишкана­ларды ижаралык, мамлекеттик акционердик ж-а ком­мерциялык коомдорго айландыруунун жол­дору аныкталган. | ||
өзгөртүүгө багытталган. Маалымат каражатта­ры айкындуулук алып, саясий плюрализмге, кансыз согуштун аякташына, | |||
чыр-чатактарга алып келген [к. <i>Желтоксан (Де­кабрь) окуясы; Карабах жаңжалы (1988)</i>]. Сис­темалык кризистен чыгуу үчүн кескин чаралар­ды көрүү талап кылынган. Мындай кырдаалда 1985- | |||
башталган. 1985–91- | |||
«Рух» (Украина) ж. б.] өз элдеринин улуттук ж-а маданий кайра жаралуусу үчүн СССРден | |||
чыгуу ж-дө талаптарды ачык эле коё баштады. 1985–91- | |||
чыккан. Партияда консервативдик ж-а радикал | |||
реформачыл топтор пайда болгон. Өлкөнүн эко­номикасын кризистен алып чыгуу үчүн Н. Рыж­ков, Г. Явлинский ж. б. өздөрүнүн программа­ларын сунуштап, кыска мөөнөттө менчиктеш­тирүү жүргүзүп, рыноктук мамилелерге өтүү бел­гиленген. Президент М. С. Горбачев компромисс­тик вариантты тандаган. Улуттар аралык ма­милелер кескин курчуп кеткен. 1989–90- | |||
чыккан. 1991- | |||
өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансы­лоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1991- | |||
<p align='right'><i type='author'>К. Алымкулов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>К. Алымкулов.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
11:08, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЙРА КУРУУ (1985–91) – СССРде М. С. Горбачевдун демилгеси м-н жүргүзүлгөн саясий ж-а экономикалык реформалар. Кайра курууга партиянын эски кадрлары каршы турган, анткени бул система негизинен СССРдин тоталитардык системасын өзгөртүүгө багытталган. Маалымат каражаттары айкындуулук алып, саясий плюрализмге, кансыз согуштун аякташына, ошондой эле экономиканын, айыл чарбасынын кризисине, улуттар аралык чыр-чатактарга алып келген [к. Желтоксан (Декабрь) окуясы; Карабах жаңжалы (1988)]. Системалык кризистен чыгуу үчүн кескин чараларды көрүү талап кылынган. Мындай кырдаалда 1985-жылы 11-мартта КПСС БКнын Генералдык секретары болуп М.С. Горбачев шайланган. Жаңы башчы «өнүккөн социализмди» жаңылануу процессинен көргөн. Ушуга байланыштуу өлкөнүн экономикасын кайрадан куруп чыгуу концепциясын иштеп чыгуу каралган. 1985-жылы ичкиликке каршы өнөктүк башталып, күч колдонуу м-н арак-шарап чыгаруу азайтылып, жүзүмзарлар кыйылып жок кылынган. Жогорку бийликтегилер алмаштырылып, «кадрдык революция» башталган. 1985–91-жылы КПСС БКнын мүчөлөрүнүн 85%и жаңыланган. Партия м-н өкмөт жетекчилигине жаңы адамдар: Н. И. Рыжков, Б. Н. Ельцин, Э. А. Шеварднадзе, А. Н. Яковлев ж. б. келишкен. КПСС БКнын 1987-жылдагы январь пленумунун чечимине ылайык демократия ж-а айкындык жарыяланган. Кайра куруу процесси театр, кино, телекөрсөтүүлөрдүн программаларына өз таасирин тийгизген. Сталиндик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча 1987-жылы А. Н. Яковлев жетектеген комиссия түзүлгөн. Комиссия 20–30-жылдары саясий процесстерде курман болгондордун иштерин карап чыккан. Курман болгондорду комиссия 1989-жылы толук актаган. Ошондой эле айыл чарбасын коллективдештирүү мезгилинде дыйкандарга болгон репрессия мыйзамсыз деп табылган. 1988-жылы партиянын бүткүл союздук 19-конференциясынын чечимине ылайык бийлик партияга эмес, Советтерге тиешелүү болуш керек деп эсептелген. Бийликтин жогорку органы эл депутаттарынын съезди болуп калды. Ушул максатта КПСС БКнын Генералдык секретарынын ж-а СССР Жогорку Советинин төрагалык постторун бириктирүү каралган. 1989-жылы май айында эл депутаттарынын 1-съезди болуп, ал эбегейсиз зор коомдук кызыкчылык жараткан. Съездде ар түрдүү саясий фракциялар түзүлгөн. 1990-жылы март айында эл депутаттарынын кезексиз 3-съездинде М. С. Горбачев СССРдин Президенти болуп шайланган. Ушул эле съездде СССР Конституциясынын 6-статьясы алынып, бул статья өлкөнүн турмушунда КПССтин жетекчилик ролун мыйзам түрүндө бекиткен. Коомдук турмушту демократиялаштыруунун натыйжасында өлкөдө кыймылдар м-н партиялар пайда боло баштады. Коомдук саясий кыймылдардын эң барандуусу Элдик фронттор болду. Союздук республикалардагы Элдик фронттор [«Саюдис» (Литва), «Рух» (Украина) ж. б.] өз элдеринин улуттук ж-а маданий кайра жаралуусу үчүн СССРден чыгуу ж-дө талаптарды ачык эле коё баштады. 1985–91-жылдарда КПССтин катарынан 5 млн адам чыккан. Партияда консервативдик ж-а радикал реформачыл топтор пайда болгон. Өлкөнүн экономикасын кризистен алып чыгуу үчүн Н. Рыжков, Г. Явлинский ж. б. өздөрүнүн программаларын сунуштап, кыска мөөнөттө менчиктештирүү жүргүзүп, рыноктук мамилелерге өтүү белгиленген. Президент М. С. Горбачев компромисстик вариантты тандаган. Улуттар аралык мамилелер кескин курчуп кеткен. 1989–90-жылдарда союздук республикаларда жогорку бийликке шайлоолор жүрүп, улуттук элитанын өкүлдөрү жеңип чыккан. 1991-жылы 12-июнда Россияда президенттик шайлоо болуп, Б. Н. Ельцин жеңишке жетишкен. 1991-жылы жай мезгилинде союздук республикаларда эгемендик жөнүндө мыйзам кабыл алынып, республикалык мыйзамдар жалпы союздук мыйзамдан жогору турат деп жарыяланган. Мындай шарттарда жаңы союздук келишим гана өлкөнүн биримдигин сактап калмак. Келишимге кол коюу 1991-жылдын 20-августунда белгиленген. Кыргызстанда кайра куруу процессинде бүтүндөй өлкө боюнча партиялык жетекчиликти жаңылоо жүргөн. 1985-жылы чейрек кылымга жакын Кыргызстан КП БКны жетектеген Т. Усубалиев кызматынан бошотулуп, ордуна А. Масалиев шайланган. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Совети Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Анда кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланып, орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары таанылган. Республикадагы ишканалардын, айыл чарба өндүрүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансылоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1991-жылы 7-августта Кыргызстанда рынок экономикасына өтүү боюнча мыйзам кабыл алынып, анда мамлекеттик ж-а коммуналык ишканаларды ижаралык, мамлекеттик акционердик ж-а коммерциялык коомдорго айландыруунун жолдору аныкталган.
К. Алымкулов.