КАИР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАИ́Р</b> (ар. Аль-Кахира) – Египет Араб | <b type='title'>КАИ́Р</b> (ар. Аль-Кахира) – Египет Араб Республикасынын борбору, шаар. Өз алдынча административдик бирдикти түзөт (мухафаза статусуна ээ). Өлкөнүн түндүк-чыгы­шында, Нил дарыясынын оң жээгинде жайгашып, Гезира ж-а Рода аралдарын ээлейт. Калкы 7,9 млн (2008; агломерациясында 16 млн; өлкөнүн калкынын <sup>1</sup>/4 и). Африкадагы эң ири шаар. Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополи­тен. Каирди 969-жылы Фатимиддердин кол башчысы Жаухар ас-Сакали негиздеп, 973-ж. «Миср аль- Кахира» («Жеңиштүү Мысыр», арабча Кахира) деп аталган. 973–1171-жылдарда Фатимид халифатынын, | ||
[[File:КАИР104.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:КАИР104.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||
Айюбилердин (1171–1250), мамлюктардын (1250–1517) мезгилинде | Айюбилердин (1171–1250), мамлюктардын (1250–1517) мезгилинде Каир – ири соода кол өнөр­чүлүктүн очогу. 1517-жылы шаарды осмон түрктөрү басып алып, бүлдүргөн. 1795-, 1804–05-жылдарда мам­люктар м-н түрктөргө каршы көтөрүлүштөр чык­кан. 1882-жылы англиялык аскерлер Египетти басып алганда Каирдин жаңы бөлүгү колониялык анк­лавга айланган. 1914–22-жылдарда Британия протек­таратынын административдик, 1922-жылдан Египет Королду­гунун, 1953–58-жылдарда Египет Республикасынын, 1958–71-жылдарда Бириккен Араб Республикасынын, 1971-жылдан Египет Араб Республикасынын борбору. Каирде Араб мамлекеттер лигасынын штаб-квартирасы (1945-жылдан), Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн тилектештик комитетинин туруктуу секретариатынын резиден­циясы (1957-жылдан) жайгашкан. Шаардын эко­номикасынын негизин жеңил өнөр жайы м-н туризм түзөт. Металл иштетүү, машина куруу, химия, тек­стиль өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (металл, тери ж. б. материалдардан буюм жа­соо) өнүккөн. Университеттер, Египет искусство академия­сы, музейлер (анын ичинде Египет, Копт, ислам искусст­восу), консерватория (1959-жылы негизделген), театрлар (анын ичинде опера, улуттук, эркин, куурчак ж. б.) бар. Ар кыл тарыхый доорлордогу 400дөн ашык архитектура эстеликтери, анын ичинде Рим (Вави­лон чебинин Траян мунарасы, б. з. 100-жылдар чен), Византия (копттордун чиркөөлөрү) мезгили­нин эстеликтери, Ибн-Тулун (9-кылым), аль-Азхар (10-кылым; анын астында дүйнөдөгү эң мурдагы университет иштейт, ал куранды үйрөтүүнүн башкы борбору) мечиттери, дарбаза (11-кылым), цитадель (12-кылым), көптөгөн медреселер, мамлюктардын мавзолейлери (15-, 16-кылымдардын башы) сакталган. Шаардын эски бөлүгү <i>Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын</i> тизмесине киргизилген. | ||
<p align='right'><i type='author'>Т. Чодураев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Чодураев.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:15, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАИ́Р (ар. Аль-Кахира) – Египет Араб Республикасынын борбору, шаар. Өз алдынча административдик бирдикти түзөт (мухафаза статусуна ээ). Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Нил дарыясынын оң жээгинде жайгашып, Гезира ж-а Рода аралдарын ээлейт. Калкы 7,9 млн (2008; агломерациясында 16 млн; өлкөнүн калкынын 1/4 и). Африкадагы эң ири шаар. Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен. Каирди 969-жылы Фатимиддердин кол башчысы Жаухар ас-Сакали негиздеп, 973-ж. «Миср аль- Кахира» («Жеңиштүү Мысыр», арабча Кахира) деп аталган. 973–1171-жылдарда Фатимид халифатынын,

Айюбилердин (1171–1250), мамлюктардын (1250–1517) мезгилинде Каир – ири соода кол өнөрчүлүктүн очогу. 1517-жылы шаарды осмон түрктөрү басып алып, бүлдүргөн. 1795-, 1804–05-жылдарда мамлюктар м-н түрктөргө каршы көтөрүлүштөр чыккан. 1882-жылы англиялык аскерлер Египетти басып алганда Каирдин жаңы бөлүгү колониялык анклавга айланган. 1914–22-жылдарда Британия протектаратынын административдик, 1922-жылдан Египет Королдугунун, 1953–58-жылдарда Египет Республикасынын, 1958–71-жылдарда Бириккен Араб Республикасынын, 1971-жылдан Египет Араб Республикасынын борбору. Каирде Араб мамлекеттер лигасынын штаб-квартирасы (1945-жылдан), Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн тилектештик комитетинин туруктуу секретариатынын резиденциясы (1957-жылдан) жайгашкан. Шаардын экономикасынын негизин жеңил өнөр жайы м-н туризм түзөт. Металл иштетүү, машина куруу, химия, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (металл, тери ж. б. материалдардан буюм жасоо) өнүккөн. Университеттер, Египет искусство академиясы, музейлер (анын ичинде Египет, Копт, ислам искусствосу), консерватория (1959-жылы негизделген), театрлар (анын ичинде опера, улуттук, эркин, куурчак ж. б.) бар. Ар кыл тарыхый доорлордогу 400дөн ашык архитектура эстеликтери, анын ичинде Рим (Вавилон чебинин Траян мунарасы, б. з. 100-жылдар чен), Византия (копттордун чиркөөлөрү) мезгилинин эстеликтери, Ибн-Тулун (9-кылым), аль-Азхар (10-кылым; анын астында дүйнөдөгү эң мурдагы университет иштейт, ал куранды үйрөтүүнүн башкы борбору) мечиттери, дарбаза (11-кылым), цитадель (12-кылым), көптөгөн медреселер, мамлюктардын мавзолейлери (15-, 16-кылымдардын башы) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Т. Чодураев.