КАДЫРОВ Зайдулла: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАДЫРОВ</b> Зайдулла (1886 – | <b type='title'>КАДЫРОВ</b> Зайдулла (1886, [[Россия империясы]] – өлгөн жылы белгисиз, [[СССР]]) – Түштүк [[Кыргызстан]]да Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Екатеринослав губерниясындагы (азыркы [[Украина]], Кропивницк облусу) Юзовкада (азыркы Донецк) жергиликтүү социал-демократиялык уюмду, 1905–1907-жылдарда [[Баку]] шаарында революциячыл кыймыл түзүүгө катышкан. 1912–1917-жылдарда [[Сүлүктү]]дө иш таштоо­лорду уюштурган. 1917-жылы Сүлүктүдөгү кенчи­лердин арасында социал-демократиялык топту түзүүнүн демилгечилеринен жана Сүлүктүдөгү жумушчулар советинин төрагасы болуп шайланган. 1918–1920-жылдарда мамлекеттештирилген Сүлүктү кен баш­кармасында ж. б. ишканаларда партиялык, советтик же­текчи кызматтарда иштеген. | ||
үчүн күрөшкөндөрдөн. Екатеринослав (азыркы | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
01:30, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КАДЫРОВ Зайдулла (1886, Россия империясы – өлгөн жылы белгисиз, СССР) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Екатеринослав губерниясындагы (азыркы Украина, Кропивницк облусу) Юзовкада (азыркы Донецк) жергиликтүү социал-демократиялык уюмду, 1905–1907-жылдарда Баку шаарында революциячыл кыймыл түзүүгө катышкан. 1912–1917-жылдарда Сүлүктүдө иш таштоолорду уюштурган. 1917-жылы Сүлүктүдөгү кенчилердин арасында социал-демократиялык топту түзүүнүн демилгечилеринен жана Сүлүктүдөгү жумушчулар советинин төрагасы болуп шайланган. 1918–1920-жылдарда мамлекеттештирилген Сүлүктү кен башкармасында ж. б. ишканаларда партиялык, советтик жетекчи кызматтарда иштеген.