КАДАМЖАЙ СУРЬМА КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАДАМЖАЙ СУ́РЬМА КЕНИ</b> Баткен | <b type='title'>КАДАМЖАЙ СУ́РЬМА КЕНИ</b> Баткен облусунун Кадамжай районунда, Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы Шаймерден суусунун сол өйү­зүндө, деңиз деңгээлинен 800–1222 <i>м</i> бийикте. 1914-жылы табылган. 1933–87-жылдарда мезгил-мезгили м-н чал­гындалган. Кен аймагын силур, девон ж-а кар­бондун карбонаттуу терригендүү чөкмө тектери (сланец, кумдук, гравелит, акиташ) түзөт. Кен­таш негизинен карбондун акиташ теги м-н де­вондун сланецтери кошулган жерде, тектон. кыймылдан пайда болгон роговик-жаспероид брекчиясында топтолгон. Брекчия кабатынын калыңдыгы 25–30 <i>м</i>ге жетет. Кенташ тулкусу негизинен татаал кабатча, кээде тарам же лин­за түрүндө кездешет. Негизги минералдары: ан­тимонит, кээде пирит, сфалерит, реальгар, аури­пигмент, халькопирит, марказит, галенит ж. б. Кен жер бетине жакын (3 <i>км</i>ге чейинки) терең­дикте, төмөнкү температурадагы шартта, гидротерм­ден пайда болгон. Кендин базасында Кадам­жай сурьма комбинаты 1934-жылдан бери ий­гиликтүү иштеп жатат. Кадамжай кенинин сурь­масы 1958-ж. Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө Чоң алтын медалга ээ болгон. Азыр­кы мезгилде тазалыгы боюнча дүйнөлүк эталон катары эсептелет. Сурьманын кенташтагы орточо өлчөмү 2,62%. Бир аз өлчөмдө алтын (0,2–1,5 <i>г/</i>т), күмүш (0,8–2 <i>г/</i>т), флюорит (0,2–2,5%) кездешет. Кенташтын С<sub>2 </sub>категориясы б-ча за­пасы 4067,0 миң т, сурьма – 104811 т, алтын –2,5 т. | ||
көргөзмөдө Чоң алтын медалга ээ болгон. Азыр­кы мезгилде тазалыгы | |||
өлчөмү 2,62%. Бир аз өлчөмдө алтын (0,2–1,5 <i>г/</i>т), күмүш (0,8–2 <i>г/</i>т), флюорит (0,2–2,5%) кездешет. Кенташтын С<sub>2 </sub>категориясы б-ча за­пасы 4067,0 миң т, сурьма – 104811 т, алтын | |||
Ад.: Рудные месторождения СССР // Под ред. акад. В. И. Смирнова. Т. 2. М., 1974. | Ад.: Рудные месторождения СССР // Под ред. акад. В. И. Смирнова. Т. 2. М., 1974. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:29, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАДАМЖАЙ СУ́РЬМА КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы Шаймерден суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 800–1222 м бийикте. 1914-жылы табылган. 1933–87-жылдарда мезгил-мезгили м-н чалгындалган. Кен аймагын силур, девон ж-а карбондун карбонаттуу терригендүү чөкмө тектери (сланец, кумдук, гравелит, акиташ) түзөт. Кенташ негизинен карбондун акиташ теги м-н девондун сланецтери кошулган жерде, тектон. кыймылдан пайда болгон роговик-жаспероид брекчиясында топтолгон. Брекчия кабатынын калыңдыгы 25–30 мге жетет. Кенташ тулкусу негизинен татаал кабатча, кээде тарам же линза түрүндө кездешет. Негизги минералдары: антимонит, кээде пирит, сфалерит, реальгар, аурипигмент, халькопирит, марказит, галенит ж. б. Кен жер бетине жакын (3 кмге чейинки) тереңдикте, төмөнкү температурадагы шартта, гидротермден пайда болгон. Кендин базасында Кадамжай сурьма комбинаты 1934-жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. Кадамжай кенинин сурьмасы 1958-ж. Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө Чоң алтын медалга ээ болгон. Азыркы мезгилде тазалыгы боюнча дүйнөлүк эталон катары эсептелет. Сурьманын кенташтагы орточо өлчөмү 2,62%. Бир аз өлчөмдө алтын (0,2–1,5 г/т), күмүш (0,8–2 г/т), флюорит (0,2–2,5%) кездешет. Кенташтын С2 категориясы б-ча запасы 4067,0 миң т, сурьма – 104811 т, алтын –2,5 т.
Ад.: Рудные месторождения СССР // Под ред. акад. В. И. Смирнова. Т. 2. М., 1974.