КАГАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАГАН</b> , к а х а н (хандардын ханы, башкы хан деген маанини билдирет) – байыркы Түрк мамлекет башчыларынын титулу. Кээде мам­лекет да кагандык деп аталган ж-а 6- | <b type='title'>КАГАН</b> , к а х а н (хандардын ханы, башкы хан деген маанини билдирет) – байыркы Түрк мамлекет башчыларынын титулу. Кээде мам­лекет да кагандык деп аталган ж-а 6-кылымда кыр­гыз, түрк, уйгур кагандыгын башкарган адам­дар же башкы аскер жетекчиси да каган наамын алган. Алар согуш ачуу, тынчтык келишимин түзүү, чет элдик элчилерди кабыл алуу, бектер­ди (<i>жабгу, шад, элтебер, тархан</i> ж. б.), уруу башчыларын дайындоо, алык-салыктын өлчө­мүн белгилөө сыяктуу иштерди чечкен. Каган ал­гачкы жолу ж<i>ужандардын</i> аскер башчысынын наамы катары б. з. 312-жылы кытай хроникала­рында эскерилип, кийин авар, хазар, хунн, бул­гарларда да белгилүү болгон. 8-кылымдын аягы – 9- кылымдын башынан 13-кылымга чейин Киев княздары да каган титулун пайдаланышып, саясий жактан өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсө­түүгө аракеттенишкен. Моңгол мамлекетин не­гиздеген Темучин (<i>Чыңгыз хан</i>) дагы ушул наам­ды кабыл алган. «каган» термини мусулман дарек­теринде «хан», «хакан», моңголдордо «каан» түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» деген­ди билдирерин белгилешет. Бул титул жазуу эс­теликтеринде антропонимдердин компонентте­ри катары (<i>Бумын каган</i>, Ай каган, Боз каган, <i>Билге каган, Барсбек</i> каган ж. б.) колдонулган. | ||
өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсө­түүгө аракеттенишкен. Моңгол мамлекетин не­гиздеген Темучин (<i>Чыңгыз хан</i>) дагы ушул наам­ды кабыл алган. | |||
түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» деген­ди билдирерин белгилешет. Бул титул жазуу эс­теликтеринде антропонимдердин компонентте­ри катары (<i>Бумын каган</i>, Ай каган, Боз каган, <i>Билге каган, Барсбек</i> каган ж. б.) колдонулган. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
04:04, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАГАН , к а х а н (хандардын ханы, башкы хан деген маанини билдирет) – байыркы Түрк мамлекет башчыларынын титулу. Кээде мамлекет да кагандык деп аталган ж-а 6-кылымда кыргыз, түрк, уйгур кагандыгын башкарган адамдар же башкы аскер жетекчиси да каган наамын алган. Алар согуш ачуу, тынчтык келишимин түзүү, чет элдик элчилерди кабыл алуу, бектерди (жабгу, шад, элтебер, тархан ж. б.), уруу башчыларын дайындоо, алык-салыктын өлчөмүн белгилөө сыяктуу иштерди чечкен. Каган алгачкы жолу жужандардын аскер башчысынын наамы катары б. з. 312-жылы кытай хроникаларында эскерилип, кийин авар, хазар, хунн, булгарларда да белгилүү болгон. 8-кылымдын аягы – 9- кылымдын башынан 13-кылымга чейин Киев княздары да каган титулун пайдаланышып, саясий жактан өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсөтүүгө аракеттенишкен. Моңгол мамлекетин негиздеген Темучин (Чыңгыз хан) дагы ушул наамды кабыл алган. «каган» термини мусулман даректеринде «хан», «хакан», моңголдордо «каан» түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» дегенди билдирерин белгилешет. Бул титул жазуу эстеликтеринде антропонимдердин компоненттери катары (Бумын каган, Ай каган, Боз каган, Билге каган, Барсбек каган ж. б.) колдонулган.