КАГАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАГАН</b> , к а х а н (хандардын ханы, башкы хан деген маанини билдирет) – байыркы Түрк мамлекет башчыларынын титулу. Кээде мам&shy;лекет да кагандык деп аталган ж-а 6-к-да кыр&shy;гыз, түрк, уйгур кагандыгын башкарган адам&shy;дар же башкы аскер жетекчиси да К. наамын алган. Алар согуш ачуу, тынчтык келишимин түзүү, чет элдик элчилерди кабыл алуу, бектер&shy;ди (<i>жабгу, шад, элтебер, тархан</i> ж. б.), уруу башчыларын дайындоо, алык-салыктын өлчө&shy;мүн белгилөө сыяктуу иштерди чечкен. К. ал&shy;гачкы жолу ж<i>ужандардын</i> аскер башчысынын наамы катары б. з. 312-ж. кытай хроникала&shy;рында эскерилип, кийин авар, хазар, хунн, бул&shy;гарларда да белгилүү болгон. 8-к-дын аягы – 9- к-дын башынан 13-к-га чейин Киев княздары да К. титулун пайдаланышып, саясий жактан
<b type='title'>КАГАН</b> , к а х а н (хандардын ханы, башкы хан деген маанини билдирет) – байыркы Түрк мамлекет башчыларынын титулу. Кээде мам&shy;лекет да кагандык деп аталган ж-а 6-кылымда кыр&shy;гыз, түрк, уйгур кагандыгын башкарган адам&shy;дар же башкы аскер жетекчиси да каган наамын алган. Алар согуш ачуу, тынчтык келишимин түзүү, чет элдик элчилерди кабыл алуу, бектер&shy;ди (<i>жабгу, шад, элтебер, тархан</i> ж. б.), уруу башчыларын дайындоо, алык-салыктын өлчө&shy;мүн белгилөө сыяктуу иштерди чечкен. Каган ал&shy;гачкы жолу ж<i>ужандардын</i> аскер башчысынын наамы катары б. з. 312-жылы кытай хроникала&shy;рында эскерилип, кийин авар, хазар, хунн, бул&shy;гарларда да белгилүү болгон. 8-кылымдын аягы – 9- кылымдын башынан 13-кылымга чейин Киев княздары да каган титулун пайдаланышып, саясий жактан өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсө&shy;түүгө аракеттенишкен. Моңгол мамлекетин не&shy;гиздеген Темучин (<i>Чыңгыз хан</i>) дагы ушул наам&shy;ды кабыл алган. «каган» термини мусулман дарек&shy;теринде «хан», «хакан», моңголдордо «каан» түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» деген&shy;ди билдирерин белгилешет. Бул титул жазуу эс&shy;теликтеринде антропонимдердин компонентте&shy;ри катары (<i>Бумын каган</i>, Ай каган, Боз каган, <i>Билге каган, Барсбек</i> каган ж. б.) колдонулган.
өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсө&shy;түүгө аракеттенишкен. Моңгол мамлекетин не&shy;гиздеген Темучин (<i>Чыңгыз хан</i>) дагы ушул наам&shy;ды кабыл алган. «К.» термини мусулман дарек&shy;теринде «хан», «хакан», моңголдордо «каан»
түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» деген&shy;ди билдирерин белгилешет. Бул титул жазуу эс&shy;теликтеринде антропонимдердин компонентте&shy;ри катары (<i>Бумын каган</i>, Ай каган, Боз каган, <i>Билге каган, Барсбек</i> каган ж. б.) колдонулган.
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

04:04, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАГАН , к а х а н (хандардын ханы, башкы хан деген маанини билдирет) – байыркы Түрк мамлекет башчыларынын титулу. Кээде мам­лекет да кагандык деп аталган ж-а 6-кылымда кыр­гыз, түрк, уйгур кагандыгын башкарган адам­дар же башкы аскер жетекчиси да каган наамын алган. Алар согуш ачуу, тынчтык келишимин түзүү, чет элдик элчилерди кабыл алуу, бектер­ди (жабгу, шад, элтебер, тархан ж. б.), уруу башчыларын дайындоо, алык-салыктын өлчө­мүн белгилөө сыяктуу иштерди чечкен. Каган ал­гачкы жолу жужандардын аскер башчысынын наамы катары б. з. 312-жылы кытай хроникала­рында эскерилип, кийин авар, хазар, хунн, бул­гарларда да белгилүү болгон. 8-кылымдын аягы – 9- кылымдын башынан 13-кылымга чейин Киев княздары да каган титулун пайдаланышып, саясий жактан өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсө­түүгө аракеттенишкен. Моңгол мамлекетин не­гиздеген Темучин (Чыңгыз хан) дагы ушул наам­ды кабыл алган. «каган» термини мусулман дарек­теринде «хан», «хакан», моңголдордо «каан» түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» деген­ди билдирерин белгилешет. Бул титул жазуу эс­теликтеринде антропонимдердин компонентте­ри катары (Бумын каган, Ай каган, Боз каган, Билге каган, Барсбек каган ж. б.) колдонулган.