ИШКАНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИШКАНА</b> – эмгек коллективи тарабынан мүлк­тү пайдалануунун негизинде продукция | <b type='title'>ИШКАНА</b> – эмгек коллективи тарабынан мүлк­тү пайдалануунун негизинде продукция чыгарууга ж-а сатууга‚ жумуш аткарууга‚ кызмат көрсөтүүгө юридикалык укугу бар өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект. Ишкана мыйзамдар м-н тыюу са­лынбаган ж-а анын уставында каралган мак­саттарга жооп берген бардык эле чарбалык иш­мердикти жүргүзүүгө укуктуу. Ишкана юридикалык жак уку­гуна ээ‚ анын өз алдынча балансы‚ банктарда эсептешүү ж-а башка эсептери‚ өз аталышы түшүрүлгөн мөөрү болот. Ишкананын жеке (үй-бү­лөлүк)‚ жамааттык‚ муниципалдык‚ мамлекеттик түрү бар. Ошондой эле чарбалык коом ж-а өнөктөштүк‚ өндүрүштүк кооператив‚ ижаралык ж. б. түрлөрү да кезигет. Ишкана стратегиялык башкаруу көз ка­рашынан алып караганда өзүнүн тышкы чөй­рөсү м-н көптөгөн өзгөчө байланыштагы комп­лекстүү‚ ачык социалдык-экономикалык система болуп саналат. Ал эми стратегиялык башкаруу объек­ти катары структуралык бирдиктердин (чарба­лык бөлүктөрдүн): концерн‚ фирма‚ завод ж. б. өндүрүштүн бир бүтүндүгүн түшүндүрөт. | ||
өндүрүштүк кооператив‚ ижаралык ж. б. түрлөрү | |||
да кезигет. | |||
өндүрүштүн бир бүтүндүгүн түшүндүрөт. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:26, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИШКАНА – эмгек коллективи тарабынан мүлктү пайдалануунун негизинде продукция чыгарууга ж-а сатууга‚ жумуш аткарууга‚ кызмат көрсөтүүгө юридикалык укугу бар өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект. Ишкана мыйзамдар м-н тыюу салынбаган ж-а анын уставында каралган максаттарга жооп берген бардык эле чарбалык ишмердикти жүргүзүүгө укуктуу. Ишкана юридикалык жак укугуна ээ‚ анын өз алдынча балансы‚ банктарда эсептешүү ж-а башка эсептери‚ өз аталышы түшүрүлгөн мөөрү болот. Ишкананын жеке (үй-бүлөлүк)‚ жамааттык‚ муниципалдык‚ мамлекеттик түрү бар. Ошондой эле чарбалык коом ж-а өнөктөштүк‚ өндүрүштүк кооператив‚ ижаралык ж. б. түрлөрү да кезигет. Ишкана стратегиялык башкаруу көз карашынан алып караганда өзүнүн тышкы чөйрөсү м-н көптөгөн өзгөчө байланыштагы комплекстүү‚ ачык социалдык-экономикалык система болуп саналат. Ал эми стратегиялык башкаруу объекти катары структуралык бирдиктердин (чарбалык бөлүктөрдүн): концерн‚ фирма‚ завод ж. б. өндүрүштүн бир бүтүндүгүн түшүндүрөт.