ИЧКЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИЧКЕ</b> – Ат-Башы р-нундагы суу, Кара-Коюн суусунун оң куймасы. Уз. 23 <i>км</i>, алабынын аян&shy;ты 148 <i>км</i><sup>2</sup>. Ат-Башы кырка тоосунун түн.-ба&shy;тыш капталынан агып түшөт. Алабынын де&shy;ңиз деңг. орт. бийикт. 3500 <i>м</i>, эң бийик жери
<b type='title'>ИЧКЕ</b> – Ат-Башы районундагы суу, Кара-Коюн суусунун оң куймасы. Узундугу 23 <i>км</i>, алабынын аян&shy;ты 148 <i>км</i><sup>2</sup>. Ат-Башы кырка тоосунун түндүк-ба&shy;тыш капталынан агып түшөт. Алабынын де&shy;ңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3500 <i>м</i>, эң бийик жери 4432 <i>м</i>. Куралуу облусуна кирет. Суу өрөөндүн төрүндөгү мөңгүнүн жанындагы чакан көлдөн башталып, кууш колот аркылуу түндүккө агып, бир нече куймалары кошулуп, Жаакташ өтө&shy;гүнөн ары Кара-Коюн өрөөнүнө чыгат. Төрүн&shy;дөгү Жеңи-Ичке ашуусу аркылуу Чатыр-Көл, Ак-Сай өрөөндөрүнө мал ашырылат. Жылдык орточо чыгымы 1,60 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>, эң көбү май, июнда, эң азы февралда байкалат. Алабында жалпы аянты 0,7 <i>км</i><sup>2 </sup>келген 4 чакан мөңгү бар. Сугат&shy;ка пайдаланылат. Айрым адабият, карталарда Ичке суусу Жеңичке, Жеңишке деп туура эмес жа&shy;зылып жүрөт.
4432 <i>м</i>. Куралуу облусуна кирет. Суу өрөөндүн төрүндөгү мөңгүнүн жанындагы чакан көлдөн башталып, кууш колот аркылуу түндүккө агып, бир нече куймалары кошулуп, Жаакташ өтө&shy;гүнөн ары Кара-Коюн өрөөнүнө чыгат. Төрүн&shy;дөгү Жеңи-Ичке ашуусу аркылуу Чатыр-Көл, Ак-Сай өрөөндөрүнө мал ашырылат. Жылдык орт. чыгымы 1,60 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>, эң көбү май, июнда, эң азы февралда байкалат. Алабында жалпы аянты 0,7 <i>км</i><sup>2 </sup>келген 4 чакан мөңгү бар. Сугат&shy;ка пайдаланылат. Айрым ад-т, карталарда И. суусу Жеңичке, Жеңишке деп туура эмес жа&shy;зылып жүрөт.
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

04:12, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИЧКЕ – Ат-Башы районундагы суу, Кара-Коюн суусунун оң куймасы. Узундугу 23 км, алабынын аян­ты 148 км2. Ат-Башы кырка тоосунун түндүк-ба­тыш капталынан агып түшөт. Алабынын де­ңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4432 м. Куралуу облусуна кирет. Суу өрөөндүн төрүндөгү мөңгүнүн жанындагы чакан көлдөн башталып, кууш колот аркылуу түндүккө агып, бир нече куймалары кошулуп, Жаакташ өтө­гүнөн ары Кара-Коюн өрөөнүнө чыгат. Төрүн­дөгү Жеңи-Ичке ашуусу аркылуу Чатыр-Көл, Ак-Сай өрөөндөрүнө мал ашырылат. Жылдык орточо чыгымы 1,60 м3/сек, эң көбү май, июнда, эң азы февралда байкалат. Алабында жалпы аянты 0,7 км2 келген 4 чакан мөңгү бар. Сугат­ка пайдаланылат. Айрым адабият, карталарда Ичке суусу Жеңичке, Жеңишке деп туура эмес жа­зылып жүрөт.