ИТ УЙГАК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИТ УЙГАК</b> (Bidens) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр | <b type='title'>ИТ УЙГАК</b> (Bidens) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп бутактуу, бийиктиги 30–60 <i>см</i>ге жеткен бир жылдык чөп өсүмдүк. Тамыры чачыдай, жалбырактары туш­таш жайгашкан, жээги тегиз же тилкелүү. Се­бетчесиндеги жээк гүлү тилчедей, ортоңкулары | ||
өсүмдүк. Тамыры чачыдай, жалбырактары туш­таш жайгашкан, жээги тегиз же тилкелүү. Се­бетчесиндеги жээк гүлү тилчедей, ортоңкулары | |||
[[File:ИТ УЙГАК14.png | thumb | none]]түкчөдөй, түсү сары же ак, кош жыныс­туу. Топ гүлү шы­пыргыдай, сабак­тын чокусундагы жалбырак колту­гуна жайгашкан. | [[File:ИТ УЙГАК14.png | thumb | none]]түкчөдөй, түсү сары же ак, кош жыныс­туу. Топ гүлү шы­пыргыдай, сабак­тын чокусундагы жалбырак колту­гуна жайгашкан. Мөмөсү жалпак төрт бурчтуу пира­мида сымал урук­ча, чокусунда кыс­ка тикендүү эки, төрт мүйүзчөсү бо­лот. Жер жүзүндө 200дөй түрү бел­гилүү. Кыргызстанда эки түрү (ийилген ит уйгак ж-а үч бөлүктүү ит уйгак) өрөөндөн бөксө тоолорго чейинки көлмө, арык, булактын жээктеринде, кээде сазда өсөт. Үч бөлүктүү ит уйгактын суудагы маңызы медицинада кеңири колдонулат. Ымыр­кай баланын диатезине, баш терисинин жара­сына, бөйрөк ж. б. органдар сезгенгенде пайда­ланылат. Мындан сырткары кан басымын төмөндөтүү, жүрөк ишин жөнгө салуу, нерв сис­темаларын тынчтандыруу касиети бар. | ||
ж-а үч бөлүктүү | |||
чейинки көлмө, арык, булактын жээктеринде, кээде сазда өсөт. Үч бөлүктүү | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:27, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИТ УЙГАК (Bidens) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп бутактуу, бийиктиги 30–60 смге жеткен бир жылдык чөп өсүмдүк. Тамыры чачыдай, жалбырактары тушташ жайгашкан, жээги тегиз же тилкелүү. Себетчесиндеги жээк гүлү тилчедей, ортоңкулары

түкчөдөй, түсү сары же ак, кош жыныстуу. Топ гүлү шыпыргыдай, сабактын чокусундагы жалбырак колтугуна жайгашкан. Мөмөсү жалпак төрт бурчтуу пирамида сымал урукча, чокусунда кыска тикендүү эки, төрт мүйүзчөсү болот. Жер жүзүндө 200дөй түрү белгилүү. Кыргызстанда эки түрү (ийилген ит уйгак ж-а үч бөлүктүү ит уйгак) өрөөндөн бөксө тоолорго чейинки көлмө, арык, булактын жээктеринде, кээде сазда өсөт. Үч бөлүктүү ит уйгактын суудагы маңызы медицинада кеңири колдонулат. Ымыркай баланын диатезине, баш терисинин жарасына, бөйрөк ж. б. органдар сезгенгенде пайдаланылат. Мындан сырткары кан басымын төмөндөтүү, жүрөк ишин жөнгө салуу, нерв системаларын тынчтандыруу касиети бар.