ИТ СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИТ СЫМАЛДАР</b> (Canidae) – жырткычтар түр­күмүндөгү сүт эмүүчүлөр тукуму. Дене | <b type='title'>ИТ СЫМАЛДАР</b> (Canidae) – жырткычтар түр­күмүндөгү сүт эмүүчүлөр тукуму. Дене узундугу 40 <i>см</i>ден (майда түлкүлөр) 160 <i>см</i>ге (карышкыр) жетип, башы сүйрү, тумшугу кууш, кулагы тик, куй­ругу узун. Алдыңкы буттары 5, арткысы 4 ман­жалуу; тырмагы мокок, жүнү жыш. Түсү ар кыл. Антрактидадан башка бардык материкте 14 (же 12) уруусу, 35 түрү таралган. КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусунун 8 түрү, Кыргызстанда карышкыр, түлкү, ак түлкү, кызыл карышкыр, жанат сымал ит, чөө кездешет. Узак убакыт түгөй куруп жаша­ган моногамдар. Түрдүү ландшафттарды мекен­деп, ийин же үңкүрдө жашайт. Ит сымалдар көбүнчө күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү. Жылына 1 жолу 3–4, кээде 13–16 алсыз күчүк тууйт. Азыгын аңдып жүрүп кармап жейт, жыт сезүүсү жакшы өөрчүгөн. Ит сымалдардын көбү териси баалуу айбанат­тар.Түлкүнүн баалуу терисин алуу үчүн айрым түрү капаста багылат. Алар айыл чарбага зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү кырат; куштарга, пайдалуу сүт эмүүчүлөргө, малга кол салып, зыян келтирет. Ит сымалдар кутурманын козгогучун алып жүрүп, аны таратышы ыктымал. ТКЭСтин кызыл китеби­не 8 түрү, 2 түрчөсү катталган. | ||
12) уруусу, 35 түрү таралган. КМШ өлкөлөрүндө | |||
5 уруусунун 8 түрү, | |||
чөө кездешет. Узак убакыт түгөй куруп жаша­ган моногамдар. Түрдүү ландшафттарды мекен­деп, ийин же үңкүрдө жашайт. | |||
өөрчүгөн. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
04:06, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ИТ СЫМАЛДАР (Canidae) – жырткычтар түркүмүндөгү сүт эмүүчүлөр тукуму. Дене узундугу 40 смден (майда түлкүлөр) 160 смге (карышкыр) жетип, башы сүйрү, тумшугу кууш, кулагы тик, куйругу узун. Алдыңкы буттары 5, арткысы 4 манжалуу; тырмагы мокок, жүнү жыш. Түсү ар кыл. Антрактидадан башка бардык материкте 14 (же 12) уруусу, 35 түрү таралган. КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусунун 8 түрү, Кыргызстанда карышкыр, түлкү, ак түлкү, кызыл карышкыр, жанат сымал ит, чөө кездешет. Узак убакыт түгөй куруп жашаган моногамдар. Түрдүү ландшафттарды мекендеп, ийин же үңкүрдө жашайт. Ит сымалдар көбүнчө күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү. Жылына 1 жолу 3–4, кээде 13–16 алсыз күчүк тууйт. Азыгын аңдып жүрүп кармап жейт, жыт сезүүсү жакшы өөрчүгөн. Ит сымалдардын көбү териси баалуу айбанаттар.Түлкүнүн баалуу терисин алуу үчүн айрым түрү капаста багылат. Алар айыл чарбага зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү кырат; куштарга, пайдалуу сүт эмүүчүлөргө, малга кол салып, зыян келтирет. Ит сымалдар кутурманын козгогучун алып жүрүп, аны таратышы ыктымал. ТКЭСтин кызыл китебине 8 түрү, 2 түрчөсү катталган.