ЖАНУЗАКОВ Төрөкул: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНУЗАКОВ</b> '''Төрөкул''' [1893, Олуя-Ата уезди (азыркы Талас облусу), Талды-Булак | <b type='title'>ЖАНУЗАКОВ</b> '''Төрөкул''' [1893, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], [[Олуя-Ата]] уезди (азыркы Талас облусу), Талды-Булак жайлоосу – 1921-жылы октябрь айынын аяк чени, [[Түркстан АССРи]], Фергана облусу, Арсланбаб аймагы (азыркы [[Базар-Коргон району]]нун [[Акман]] айылына жакын)] – мамлекеттик жана коомдук ишмер; кыргыздардан чыккан алгачкы чекист. | ||
[[File:ЖАНУЗАКОВ67.png | thumb | none]] | [[File:ЖАНУЗАКОВ67.png | thumb | none]]1920-жылы Түркстан АССР төрагасынын орун басары болгон. 1904-жылы Меркедеги орус-тузем мектебине кирип, аны мыкты көрсөткүчтөр менен аяктагандан кийин 1909-жылы окуу-жайдын директорунун сунушу боюнча Түркстан генерал-губернаторуна жеке жардамчы жана тилмеч кызматына кабыл алынган. Ал жерде иштеп жүргөн учурда [[Орто Азия]] калкынын ичинен эзүүлүнүн оор абалын өзгөчө баштан кечирип жаткан улуттардын бири кыргыздар экенин, анын себебин караңгылыктын айынан деп түшүнгөн. Ал тууралуу казактардын «Бирлик туусу» (каз. Бірлік туы) гезитинин 1917-ж. №5 санына «Кыргыз боорлорума» деген аталышта жарыялаган. 1917-жылы 25-октябрда (6-ноябрь) [[Петроград]]да куралдуу көтөрүлүш башталып, [[Убактылуу өкмөт]] кулап, бийлик В. И. [[Ленин]] башында турган [[Советтер]]дин колуна өткөнү жарыяланат. 27-октябрга караган түнү «[[Жер жөнүндө декрет]]» кабыл алынып, анда жерге болгон жеке менчикти, сословиелик катмарларды, мамлекеттик чин-наамдарды жоюу, кен байлыктарды улутташтыруу, Россиянын чет жакаларында орус эмес улуттардын өз алдынчалыгын колдоо, өз тагдырын өзү чечүү же өз алдынча бөлүнүп чыгуу укугун берүү, эркиндик жана теңдигин камсыз кылуу сыяктуу ж. б. жоболор кабыл алынган. Бул жоболор 3-ноябрда жарыяланган «Россия элдеринин укуктарынын декларациясы» жана 20-ноябрдагы «Россиянын жана Чыгыштын бардык мусулман эмгекчилерине» кайрылган декларацияда да орун алган. Мындай чакырыктардын негизинде ар улуттар өз алдынча мамлекет курууга белсене киришкен. 1918-ж. апрель-майда [[Ташкент]]те советтердин 5-крайлык съезди өтүп, анда [[РСФСР]]дин курамындагы [[Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы]]н (ТАССР) түзүү чечими кабыл алынган. Ага ылайык анын жогорку мыйзам чыгаруу, башкаруу жана көзөмөлдөө органы катары [[Борбордук Аткаруу Комитети]] (БАК) түзүлүп, анын төрагалыгына Т. [[Рыскулов]], орун басарлыгына Т. Жанузаков дайындалган. Ушул эле съездде [[Жети-Суу]]дагы 1916-жылдагы көтөрүлүш (кара: [[Үркүн]]) учурунда [[Кытай]]га кеткен казак-кыргыз качкындарына мамлекеттик жардам уюштуруу; эл-жерине кайткандарга орус калкынын кысым көрсөтүшүн токтотуу; качкындарга улуттук уюмдар аркылуу жардам берилишин талап кылган сунуштар кабыл алынган. Анын чечимин аткаруу үчүн Жети-Суу облусунда өзгөчө комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына алгач Төрөкул Жанузаков бекитилген. 1919-ж. кабыл алынган [[РКП(б)]]нын экинчи программасында улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу кайра каралып, аны улуттук өнүгүүнүн [[буржуазия]]лык, капиталисттик же пролетардык демократия өңүтүнө багыттап, таптык көз карашка байланыштырган жаңы жобо киргизилген. Бирок, Россиянын чет жакаларындагы калктын туташ сабатсыздыгы, гезит-журналдардын жетишсиздигине байланыштуу мындай жобо-түшүнүктөр, кошумча эрежелер элдин калың катмарына жетпей, алар өз алдынча, эгемен мамлекет курабыз деген оюн уланта беришкен. Буга кошумча ТАССР БАКнын саясий чечимдерин [[большевиктер]] түзгөн жер-жерлердеги ревкомдор колдоого албай, тескерисинче, Кытайга качкан кыргыздарга жардам көрсөтүлүп, аларды артка кайтарып, жер берилишине тоскоолдук жарата башташкан. Ар кандай амал-айлалар менен Т. Жанузаковдун жаңылыштык кетирип жаткандай мааниде көрсөтүп, улут аралык жаңжал чыгарууга жасаган аракетин аныктоо үчүн атайын аңдуу да уюштурушкан. Мисалы, анын жер-жерлердеги жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнүн ичинен айрымдарын контексттен бөлүп, орус дыйкандарын кууп чыгууну сунуштап жаткандай көрсөтүшкөн. Саясий кырдаалдын андан ары өнүгүшүнө байланыштуу 1920-жылы январь, февраль айларында Түркстан КПнын V жана коммунист-мусулмандардын III крайлык конференциялары тарабынан чачкын партиялык уюмдардын ордуна бирдиктүү «Түрк компартиясын» түзүү, РСФСРдин карамагында Түрк Советтик Республикасын уюштуруу маселеси көтөрүлгөн. Бирок, 29-июнда РКП (б) БКнын Саясий бюросу негизги маселенин бири болгон «Түрк компартиясы», Түрк Совет Республикасын түзүү сунуштарын четке кагып, Т. Рыскулов баш болгон Түркстан БАКнын Президиумунун, Түркстан крайкомунун айрым мүчөлөрү, а. и. Төрөкул Жанузаковду кызматтан бошоткон. Натыйжада Т. Жанузаков түркстандык Д. Адилов, К. Болгонбаев сыяктуу саясий ишмерлер менен бирге башкыр элинин өкүлү Заки Валиди Тогандын жетекчилиги алдында түзүлгөн «Түркстан улуттук бирлиги» уюмунун алдына өткөн. 1920-жылы сентябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, [[Баку]]да өткөн Чыгыш элдеринин 1-конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров менен чогуу Г. Зиновьев башында турган Чыгыш иштери боюнча үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы боюнча Т. Рыскуловду колдоп, аны менен бирдикте Россиянын курамында өзүнчө Түркстан Республикасын түзүүнү сунуш кылган. Баку шаарынан кайтып келгенден кийин [[Октябрь революциясы]]нын үч жылдыгын майрамдоо күнү ал Совет өкмөтүнө нааразы экенин ачыкка чыгарып, ага каршы үгүт иштерин күчөтүүгө жана бүткүл элдик көтөрүлүш чыгарууга чакырган. 1920-ж. октябрда «басмачылар кыймылына» (кара: [[Басмачылык]]) кошулганын билдирип, 1920-жылы 15-декабрда [[Анжиян]] уезддик ревкомунун төрагасы, Түркстан БАКынын мүчөсү С. Тухтабеков менен жолугушуу өткөргөн. 1921-жылы август айында Түркстан улуттук интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү [[Бухара]] шаарында «Түркстан Улуттарынын Биримдиги» аттуу уюм уюштуруп, 1921-ж. 5–7-сентябрда [[Самарканд]]да өткөн VI конгрессте анын уставы жана Түркстандын туусу бекитилген. Түркстандын көз карандысыздыгын жарыялаган бул уюмдун программасын, уставын ж. б. документтерин иштеп чыгууда Т. Жанузаков өзгөчө роль ойногон. Ал тууралуу В. Тоган (1890-1970) тууну түзүүгө өзү, Мунаввар Кари, Жаузаков ж. б. бир нече адам катышып, ага негиз кылып, 11-кылымдагы М. [[Кашгари]]нин эмгегиндеги [[селжуктар]] менен [[карахандар]]дын туусун алышканын улуттук туу кызыл түстө болгонун, аны [[Тимур]] жана Тимурлар доорундагы кол жазмаларда сакталып калган миниатюралардын негизинде иштеп чыгышканын эскерген. Т. Жанузаков [[Кетмен-Төбө]]дөгү Исраил корбашы менен жүргөн учурда өзүнүн төрт ай бою басмачылардандан көңүлү калганын, ферганалык басмачылар – булар өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн туш келди жерлерге топтолгон принципсиз жана тартипке келбей турган (элдин мал-мүлкүн тартып алуу, көп аял алуу, зордук-зомбулук ж. б.) банда деген жыйынтыкка келген. 1921-жылы февралда Кара-Жантак деген айылга жакын жерде кызыл аскерлер басмачылардын тобун талкалап, Исраил корбашынын 75 жаштагы атасын колго түшүрүшкөн жана Т. Жанузаковду кармап берсеңер аны бошотобуз деп убада кылышкан. Айласы кеткен Исраил корбашы кеңешме болот деген шылтоо менен Т. Жанузаковду Арсланбабка чакыртып, туткунга алган. Бирок, Төрөкул жолдон бошонуп алып, качып кеткен. Артынан түшкөн чекисттер 1921-ж. октябрь айынын аяк ченинде аны кайра кармап, [[милиция]] отрядынын коштоосу менен [[Жалал-Абад]] шаарына жөнөтүшкөн. Аны коштоп бара жаткан отряд Акман айылына жакын жерден Батырбек корбашынын тосотуна кабылып, атышуу башталганда качууга аракет кылган Төрөкул октон каза болгон. Анын алдында ал жакырланган Анжиян калкын жана Ош уездинин бир бөлүгүн басмачылардын талап-тоноочулугу жана зордук-зомбулугунан коргоп калганын, ага уездин калкы өздөрү күбө экенин белгилеп, 1921-ж. 10-октябрда Совет бийлигинин жергиликтүү өкүлдөрүнө кайрылып, багынып берүүгө макул экенин билдирген. | ||
Ад.: Заки Валиди Тоган. Воспоминания: Кн. 2, Уфа, 1998; Туркестан в начале XX века: к истории истоков национальной независимости. Таш., 2000. | |||
<i>К.Алымкулов. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | <i>К.Алымкулов. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
09:03, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНУЗАКОВ Төрөкул [1893, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Олуя-Ата уезди (азыркы Талас облусу), Талды-Булак жайлоосу – 1921-жылы октябрь айынын аяк чени, Түркстан АССРи, Фергана облусу, Арсланбаб аймагы (азыркы Базар-Коргон районунун Акман айылына жакын)] – мамлекеттик жана коомдук ишмер; кыргыздардан чыккан алгачкы чекист.

1920-жылы Түркстан АССР төрагасынын орун басары болгон. 1904-жылы Меркедеги орус-тузем мектебине кирип, аны мыкты көрсөткүчтөр менен аяктагандан кийин 1909-жылы окуу-жайдын директорунун сунушу боюнча Түркстан генерал-губернаторуна жеке жардамчы жана тилмеч кызматына кабыл алынган. Ал жерде иштеп жүргөн учурда Орто Азия калкынын ичинен эзүүлүнүн оор абалын өзгөчө баштан кечирип жаткан улуттардын бири кыргыздар экенин, анын себебин караңгылыктын айынан деп түшүнгөн. Ал тууралуу казактардын «Бирлик туусу» (каз. Бірлік туы) гезитинин 1917-ж. №5 санына «Кыргыз боорлорума» деген аталышта жарыялаган. 1917-жылы 25-октябрда (6-ноябрь) Петроградда куралдуу көтөрүлүш башталып, Убактылуу өкмөт кулап, бийлик В. И. Ленин башында турган Советтердин колуна өткөнү жарыяланат. 27-октябрга караган түнү «Жер жөнүндө декрет» кабыл алынып, анда жерге болгон жеке менчикти, сословиелик катмарларды, мамлекеттик чин-наамдарды жоюу, кен байлыктарды улутташтыруу, Россиянын чет жакаларында орус эмес улуттардын өз алдынчалыгын колдоо, өз тагдырын өзү чечүү же өз алдынча бөлүнүп чыгуу укугун берүү, эркиндик жана теңдигин камсыз кылуу сыяктуу ж. б. жоболор кабыл алынган. Бул жоболор 3-ноябрда жарыяланган «Россия элдеринин укуктарынын декларациясы» жана 20-ноябрдагы «Россиянын жана Чыгыштын бардык мусулман эмгекчилерине» кайрылган декларацияда да орун алган. Мындай чакырыктардын негизинде ар улуттар өз алдынча мамлекет курууга белсене киришкен. 1918-ж. апрель-майда Ташкентте советтердин 5-крайлык съезди өтүп, анда РСФСРдин курамындагы Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын (ТАССР) түзүү чечими кабыл алынган. Ага ылайык анын жогорку мыйзам чыгаруу, башкаруу жана көзөмөлдөө органы катары Борбордук Аткаруу Комитети (БАК) түзүлүп, анын төрагалыгына Т. Рыскулов, орун басарлыгына Т. Жанузаков дайындалган. Ушул эле съездде Жети-Суудагы 1916-жылдагы көтөрүлүш (кара: Үркүн) учурунда Кытайга кеткен казак-кыргыз качкындарына мамлекеттик жардам уюштуруу; эл-жерине кайткандарга орус калкынын кысым көрсөтүшүн токтотуу; качкындарга улуттук уюмдар аркылуу жардам берилишин талап кылган сунуштар кабыл алынган. Анын чечимин аткаруу үчүн Жети-Суу облусунда өзгөчө комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына алгач Төрөкул Жанузаков бекитилген. 1919-ж. кабыл алынган РКП(б)нын экинчи программасында улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу кайра каралып, аны улуттук өнүгүүнүн буржуазиялык, капиталисттик же пролетардык демократия өңүтүнө багыттап, таптык көз карашка байланыштырган жаңы жобо киргизилген. Бирок, Россиянын чет жакаларындагы калктын туташ сабатсыздыгы, гезит-журналдардын жетишсиздигине байланыштуу мындай жобо-түшүнүктөр, кошумча эрежелер элдин калың катмарына жетпей, алар өз алдынча, эгемен мамлекет курабыз деген оюн уланта беришкен. Буга кошумча ТАССР БАКнын саясий чечимдерин большевиктер түзгөн жер-жерлердеги ревкомдор колдоого албай, тескерисинче, Кытайга качкан кыргыздарга жардам көрсөтүлүп, аларды артка кайтарып, жер берилишине тоскоолдук жарата башташкан. Ар кандай амал-айлалар менен Т. Жанузаковдун жаңылыштык кетирип жаткандай мааниде көрсөтүп, улут аралык жаңжал чыгарууга жасаган аракетин аныктоо үчүн атайын аңдуу да уюштурушкан. Мисалы, анын жер-жерлердеги жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнүн ичинен айрымдарын контексттен бөлүп, орус дыйкандарын кууп чыгууну сунуштап жаткандай көрсөтүшкөн. Саясий кырдаалдын андан ары өнүгүшүнө байланыштуу 1920-жылы январь, февраль айларында Түркстан КПнын V жана коммунист-мусулмандардын III крайлык конференциялары тарабынан чачкын партиялык уюмдардын ордуна бирдиктүү «Түрк компартиясын» түзүү, РСФСРдин карамагында Түрк Советтик Республикасын уюштуруу маселеси көтөрүлгөн. Бирок, 29-июнда РКП (б) БКнын Саясий бюросу негизги маселенин бири болгон «Түрк компартиясы», Түрк Совет Республикасын түзүү сунуштарын четке кагып, Т. Рыскулов баш болгон Түркстан БАКнын Президиумунун, Түркстан крайкомунун айрым мүчөлөрү, а. и. Төрөкул Жанузаковду кызматтан бошоткон. Натыйжада Т. Жанузаков түркстандык Д. Адилов, К. Болгонбаев сыяктуу саясий ишмерлер менен бирге башкыр элинин өкүлү Заки Валиди Тогандын жетекчилиги алдында түзүлгөн «Түркстан улуттук бирлиги» уюмунун алдына өткөн. 1920-жылы сентябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин 1-конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров менен чогуу Г. Зиновьев башында турган Чыгыш иштери боюнча үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы боюнча Т. Рыскуловду колдоп, аны менен бирдикте Россиянын курамында өзүнчө Түркстан Республикасын түзүүнү сунуш кылган. Баку шаарынан кайтып келгенден кийин Октябрь революциясынын үч жылдыгын майрамдоо күнү ал Совет өкмөтүнө нааразы экенин ачыкка чыгарып, ага каршы үгүт иштерин күчөтүүгө жана бүткүл элдик көтөрүлүш чыгарууга чакырган. 1920-ж. октябрда «басмачылар кыймылына» (кара: Басмачылык) кошулганын билдирип, 1920-жылы 15-декабрда Анжиян уезддик ревкомунун төрагасы, Түркстан БАКынын мүчөсү С. Тухтабеков менен жолугушуу өткөргөн. 1921-жылы август айында Түркстан улуттук интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү Бухара шаарында «Түркстан Улуттарынын Биримдиги» аттуу уюм уюштуруп, 1921-ж. 5–7-сентябрда Самаркандда өткөн VI конгрессте анын уставы жана Түркстандын туусу бекитилген. Түркстандын көз карандысыздыгын жарыялаган бул уюмдун программасын, уставын ж. б. документтерин иштеп чыгууда Т. Жанузаков өзгөчө роль ойногон. Ал тууралуу В. Тоган (1890-1970) тууну түзүүгө өзү, Мунаввар Кари, Жаузаков ж. б. бир нече адам катышып, ага негиз кылып, 11-кылымдагы М. Кашгаринин эмгегиндеги селжуктар менен карахандардын туусун алышканын улуттук туу кызыл түстө болгонун, аны Тимур жана Тимурлар доорундагы кол жазмаларда сакталып калган миниатюралардын негизинде иштеп чыгышканын эскерген. Т. Жанузаков Кетмен-Төбөдөгү Исраил корбашы менен жүргөн учурда өзүнүн төрт ай бою басмачылардандан көңүлү калганын, ферганалык басмачылар – булар өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн туш келди жерлерге топтолгон принципсиз жана тартипке келбей турган (элдин мал-мүлкүн тартып алуу, көп аял алуу, зордук-зомбулук ж. б.) банда деген жыйынтыкка келген. 1921-жылы февралда Кара-Жантак деген айылга жакын жерде кызыл аскерлер басмачылардын тобун талкалап, Исраил корбашынын 75 жаштагы атасын колго түшүрүшкөн жана Т. Жанузаковду кармап берсеңер аны бошотобуз деп убада кылышкан. Айласы кеткен Исраил корбашы кеңешме болот деген шылтоо менен Т. Жанузаковду Арсланбабка чакыртып, туткунга алган. Бирок, Төрөкул жолдон бошонуп алып, качып кеткен. Артынан түшкөн чекисттер 1921-ж. октябрь айынын аяк ченинде аны кайра кармап, милиция отрядынын коштоосу менен Жалал-Абад шаарына жөнөтүшкөн. Аны коштоп бара жаткан отряд Акман айылына жакын жерден Батырбек корбашынын тосотуна кабылып, атышуу башталганда качууга аракет кылган Төрөкул октон каза болгон. Анын алдында ал жакырланган Анжиян калкын жана Ош уездинин бир бөлүгүн басмачылардын талап-тоноочулугу жана зордук-зомбулугунан коргоп калганын, ага уездин калкы өздөрү күбө экенин белгилеп, 1921-ж. 10-октябрда Совет бийлигинин жергиликтүү өкүлдөрүнө кайрылып, багынып берүүгө макул экенин билдирген.
Ад.: Заки Валиди Тоган. Воспоминания: Кн. 2, Уфа, 1998; Туркестан в начале XX века: к истории истоков национальной независимости. Таш., 2000.
К.Алымкулов.