ИС УРУУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИС УРУУ</b> – көмүртек кычкылы (СО) – ис газы | <b type='title'>ИС УРУУ</b> – көмүртек кычкылы (СО) – ис газы м-н уулануу. СО жытсыз, түзсүз, өтө ууланды­руучу газ. Органикалык заттардын толук эмес күйүүсүнөн бөлүнүп чыгат. Тиричиликте меш жагуу эреже­син бузганда, ошондой эле кыймылдаткычы иштеп турган автомобилдин ичинде уктаганда ж. б. учурларда ууланат. Ис организмге кирип, окси­гемоглобиндин кычкылтегин сүрүп чыгарып, зыяндуу карбоксигемоглобинди пайда кылат. Натыйжада организмде кычкылтек жетиш­сиздик пайда болуп, ткандардын дем алуусу ж-а организмдин бардык системаларынын иши бузулат. Уунун организмге кирген өлчөмүнө жа­раша уулануу оор же жеңил ж-а катуу кармаган же узакка созулуучу өнөкөт түрлөрү болот. Анын белгилери: баш ооруйт, айланат, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кусат, дене калчылдап, ал­сырайт. Өтө ууланганда акыл-эс элдир-селдир болуп, эстен тануу м-н аралашкан уйку басат. Карек чоңоюп, дем алуу үстүртөн болуп, тырышат. Врачка чейинки биринчи жардамда оорулуу­ну тез таза абага чыгарып, нашатырь спиртин жыттатуу, көкүрөгүнө сүртүү керек. Андан ки­йин дарылоо мекемелерине жеткирүү зарыл. | ||
м-н уулануу. СО жытсыз, түзсүз, өтө ууланды­руучу газ. | |||
турган автомобилдин ичинде уктаганда ж. б. учурларда ууланат. Ис организмге кирип, окси­гемоглобиндин кычкылтегин сүрүп чыгарып, зыяндуу карбоксигемоглобинди пайда кылат. Натыйжада организмде кычкылтек жетиш­сиздик пайда болуп, ткандардын дем алуусу ж-а организмдин бардык системаларынын иши бузулат. Уунун организмге кирген өлчөмүнө жа­раша уулануу оор же жеңил ж-а катуу кармаган же узакка созулуучу өнөкөт түрлөрү болот. Анын белгилери: баш ооруйт, айланат, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кусат, дене калчылдап, ал­сырайт. Өтө ууланганда акыл-эс элдир-селдир болуп, эстен тануу м-н аралашкан уйку басат. Карек чоңоюп, дем алуу | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИС УРУУ – көмүртек кычкылы (СО) – ис газы м-н уулануу. СО жытсыз, түзсүз, өтө ууландыруучу газ. Органикалык заттардын толук эмес күйүүсүнөн бөлүнүп чыгат. Тиричиликте меш жагуу эрежесин бузганда, ошондой эле кыймылдаткычы иштеп турган автомобилдин ичинде уктаганда ж. б. учурларда ууланат. Ис организмге кирип, оксигемоглобиндин кычкылтегин сүрүп чыгарып, зыяндуу карбоксигемоглобинди пайда кылат. Натыйжада организмде кычкылтек жетишсиздик пайда болуп, ткандардын дем алуусу ж-а организмдин бардык системаларынын иши бузулат. Уунун организмге кирген өлчөмүнө жараша уулануу оор же жеңил ж-а катуу кармаган же узакка созулуучу өнөкөт түрлөрү болот. Анын белгилери: баш ооруйт, айланат, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кусат, дене калчылдап, алсырайт. Өтө ууланганда акыл-эс элдир-селдир болуп, эстен тануу м-н аралашкан уйку басат. Карек чоңоюп, дем алуу үстүртөн болуп, тырышат. Врачка чейинки биринчи жардамда оорулууну тез таза абага чыгарып, нашатырь спиртин жыттатуу, көкүрөгүнө сүртүү керек. Андан кийин дарылоо мекемелерине жеткирүү зарыл.