ИСМАИЛИТТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИСМАИЛИТТЕР</b> – 8-к-дын 2-жарымында араб халифатында пайда болгон ж-а мусулманчы&shy;лыкта кеңири тараган <i>шиизмдин</i> жактоочула&shy;ры. Алар ж-дө туура маалыматтар 9-к-дын аягы&shy;нан тартып гана сакталып калган. Шииттер&shy;дин 6-имамы Жафар ас-Садиктин улуу уулу Исмаилдин атынан аталган. Сунниттик халиф&shy;ке каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөн шииттер&shy;дин өтө активдүү тобунун таасири астында Ис&shy;маилдин уулу Мухаммед жетинчи ж-а акыркы имам болуп таанылган. И-дин окуусу неопла&shy;тонизм м-н буддизмдин таасири астында калып&shy;танган диний-филос. системаны элестетет. Бул системага ылайык эч кандай атрибуттарга ээ эмес ж-а ошол себептен адам акылы м-н түшүнүү мүмкүн болбогон Алла дүйнөлүк акылды жа&shy;раткан. Дүйнөлүк акыл дүйнөлүк жанды жара&shy;тып, дүйнөлүк жандын касиеттери болуп жа&shy;шоо ж-а кыймыл эсептелинет. Ушул касиетте&shy;рине таянуу м-н дүйнөлүк жан материяны – көзгө көрүнгөн ж-а сезимдерге берилген дүйнөнү пайда кылган. Бирок, материя инерттүү ж-а дүйнөлүк акылдагы идеяларды чагылдырган ар кандай формаларды кабыл алууга жөндөмдүү. Дүйнөлүк акыл аян түрүндө пайгамбарлар деп аталган өзгөчө адамдарга берилет. Алар кудай&shy;дын акылын адамдарга эч бурмалабастан жет&shy;кирүүгө милдеттүү. Алардын жолун улоочулар имамдар деп аталышат. И. Адам, Ибрагим (Ав&shy;раам), Нук (Ной), Муса (Моисей), Иса (Иисус Христос), Мухаммед ж-а Исмаил өңдүү 7 пай&shy;гамбарды ж-а алардын жолун жолдогон 7 имам&shy;ды таанышат. Ар бир пайгамбар белгилүү бир тарыхый доорго ж-а аларга ылайык келген ку&shy;дай аянынын стадиясына туура келет. И-дин окуусу 909-ж. Туниске бийлик орноткон, кийин 972–1171-ж. Египетти башкарган Фатимид ха&shy;лифтеринин расмий идеологиясы болгон. 11- к-дын аягында И. сектасында бөлүнүп-жары&shy;нуучулук жүрүп, неоисмаилизм жаралган. Бул окуу өз имамын кудайга айланткан ассасиндер сектасынын идеологиясы болуп эсептелген. И-дин руханий башчысы ага-хан титулуна ээ. Бул титулду исмаилизмдин негизги бутактары&shy;нын бири низариттердин имамдары алып жү&shy;рүшөт.
<b type='title'>ИСМАИЛИТТЕР</b> – 8-кылымдын 2-жарымында араб халифатында пайда болгон ж-а мусулманчы&shy;лыкта кеңири тараган <i>шиизмдин</i> жактоочула&shy;ры. Алар жөнүндө туура маалыматтар 9-кылымдын аягы&shy;нан тартып гана сакталып калган. Шииттер&shy;дин 6-имамы Жафар ас-Садиктин улуу уулу Исмаилдин атынан аталган. Сунниттик халиф&shy;ке каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөн шииттер&shy;дин өтө активдүү тобунун таасири астында Ис&shy;маилдин уулу Мухаммед жетинчи ж-а акыркы имам болуп таанылган. Исмаилиттердин окуусу неопла&shy;тонизм м-н буддизмдин таасири астында калып&shy;танган диний-философиялык системаны элестетет. Бул системага ылайык эч кандай атрибуттарга ээ эмес ж-а ошол себептен адам акылы м-н түшүнүү мүмкүн болбогон Алла дүйнөлүк акылды жа&shy;раткан. Дүйнөлүк акыл дүйнөлүк жанды жара&shy;тып, дүйнөлүк жандын касиеттери болуп жа&shy;шоо ж-а кыймыл эсептелинет. Ушул касиетте&shy;рине таянуу м-н дүйнөлүк жан материяны – көзгө көрүнгөн ж-а сезимдерге берилген дүйнөнү пайда кылган. Бирок, материя инерттүү ж-а дүйнөлүк акылдагы идеяларды чагылдырган ар кандай формаларды кабыл алууга жөндөмдүү. Дүйнөлүк акыл аян түрүндө пайгамбарлар деп аталган өзгөчө адамдарга берилет. Алар кудай&shy;дын акылын адамдарга эч бурмалабастан жет&shy;кирүүгө милдеттүү. Алардын жолун улоочулар имамдар деп аталышат. Исмаилиттер Адам, Ибрагим (Ав&shy;раам), Нук (Ной), Муса (Моисей), Иса (Иисус Христос), Мухаммед ж-а Исмаил өңдүү 7 пай&shy;гамбарды ж-а алардын жолун жолдогон 7 имам&shy;ды таанышат. Ар бир пайгамбар белгилүү бир тарыхый доорго ж-а аларга ылайык келген ку&shy;дай аянынын стадиясына туура келет. Исмаилиттердин окуусу 909-жылы Туниске бийлик орноткон, кийин 972–1171-жылдарда Египетти башкарган Фатимид ха&shy;лифтеринин расмий идеологиясы болгон. 11-кылымдын аягында исмаилиттер сектасында бөлүнүп-жары&shy;нуучулук жүрүп, неоисмаилизм жаралган. Бул окуу өз имамын кудайга айланткан ассасиндер сектасынын идеологиясы болуп эсептелген. Исмаилиттердин руханий башчысы ага-хан титулуна ээ. Бул титулду исмаилизмдин негизги бутактары&shy;нын бири низариттердин имамдары алып жү&shy;рүшөт.
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]

07:38, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИСМАИЛИТТЕР – 8-кылымдын 2-жарымында араб халифатында пайда болгон ж-а мусулманчы­лыкта кеңири тараган шиизмдин жактоочула­ры. Алар жөнүндө туура маалыматтар 9-кылымдын аягы­нан тартып гана сакталып калган. Шииттер­дин 6-имамы Жафар ас-Садиктин улуу уулу Исмаилдин атынан аталган. Сунниттик халиф­ке каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөн шииттер­дин өтө активдүү тобунун таасири астында Ис­маилдин уулу Мухаммед жетинчи ж-а акыркы имам болуп таанылган. Исмаилиттердин окуусу неопла­тонизм м-н буддизмдин таасири астында калып­танган диний-философиялык системаны элестетет. Бул системага ылайык эч кандай атрибуттарга ээ эмес ж-а ошол себептен адам акылы м-н түшүнүү мүмкүн болбогон Алла дүйнөлүк акылды жа­раткан. Дүйнөлүк акыл дүйнөлүк жанды жара­тып, дүйнөлүк жандын касиеттери болуп жа­шоо ж-а кыймыл эсептелинет. Ушул касиетте­рине таянуу м-н дүйнөлүк жан материяны – көзгө көрүнгөн ж-а сезимдерге берилген дүйнөнү пайда кылган. Бирок, материя инерттүү ж-а дүйнөлүк акылдагы идеяларды чагылдырган ар кандай формаларды кабыл алууга жөндөмдүү. Дүйнөлүк акыл аян түрүндө пайгамбарлар деп аталган өзгөчө адамдарга берилет. Алар кудай­дын акылын адамдарга эч бурмалабастан жет­кирүүгө милдеттүү. Алардын жолун улоочулар имамдар деп аталышат. Исмаилиттер Адам, Ибрагим (Ав­раам), Нук (Ной), Муса (Моисей), Иса (Иисус Христос), Мухаммед ж-а Исмаил өңдүү 7 пай­гамбарды ж-а алардын жолун жолдогон 7 имам­ды таанышат. Ар бир пайгамбар белгилүү бир тарыхый доорго ж-а аларга ылайык келген ку­дай аянынын стадиясына туура келет. Исмаилиттердин окуусу 909-жылы Туниске бийлик орноткон, кийин 972–1171-жылдарда Египетти башкарган Фатимид ха­лифтеринин расмий идеологиясы болгон. 11-кылымдын аягында исмаилиттер сектасында бөлүнүп-жары­нуучулук жүрүп, неоисмаилизм жаралган. Бул окуу өз имамын кудайга айланткан ассасиндер сектасынын идеологиясы болуп эсептелген. Исмаилиттердин руханий башчысы ага-хан титулуна ээ. Бул титулду исмаилизмдин негизги бутактары­нын бири низариттердин имамдары алып жү­рүшөт.