ИРАН ТАЙПАК ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИРА́Н ТАЙПАК ТООСУ</b> Иран (басымдуу бөлүгү), | <b type='title'>ИРА́Н ТАЙПАК ТООСУ</b> Иран (басымдуу бөлүгү), Афганстан ж-а Пакистандын аймагында; че­т жакалары Ирак м-н Түркмөнстандын түштүгүн­дө. Батышынан Месопотамия ойдуңу, чыгышы­нан Инд өрөөнү м-н чектешет. Узундугу 2500 <i>км</i>дей, аянты 2,7 млн <i>км</i><sup>2</sup>. Альп-Гималай геосинкли­наль облусунда альп ж-а андан илгерки тоо пайда болуу мезгилдеринде калыптанган. Иран тайпак тоосунун кеңири аймакты ээлеген ички бөксө тоо­лору (бийиктиги 500дөн 2000 <i>м</i>ге чейин) түндүгүнөн Эльбурс (бийиктиги 5604 <i>м</i>ге чейин, Демавенд жанартоосу), Түркмөн-Хорасан тоолору, Паро­памиз, Гиндукуштун батыш тармактары, түштүгүнөн Загрос, Мекран, Сулайман тоолору м-н чектешет. Ички бөксө тоолорун Деште-Ке­вир, Деште-Лут, Дашти-Марго ж. б. чөлдөрдү өзүнө камтыган туюк ойдуңдар ээлейт; аларда кум ж-а шор баскан жерлери, соолуп калуучу көлдөрү арбын кездешет. Чөлдүү ойдуңдарды дөңсөөлөр ж-а тоолор (Кухруд, Чыгыш Иран ж. б.) бөлүп турат. Климаты субтропиктик, кургак, жылдык жаан-чачыны ички бөксө тоолордо 100 <i>мм</i>дей, тоолордо 500 <i>мм</i>ге чейин. Эльбурс ж-а Сулайман тоолорунун сырткы кап­талдарында арбын жаайт (1000–2000 <i>мм</i>ге че­йин). Дарыялары (Гильменд, Сефидруд, Гери­руд ж. б.) сууга өксү, негизинен сугатка пайда­ланылат. Жарым чөл ж-а чөл, айрым жерлер­ге талаа ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоо­сунун чыгыш капталын саванна, сейрек токой ж-а жалбырагы күбүлмө токой, Эльбурстун түндүк капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу суб­тропик токою ээлейт. Оазисте дыйканчылык, көчмөн чарбачылык өнүккөн. Нефтиге бай, таш көмүр, темир, жез, графит, күкүрт ж. б. кендер да бар. | ||
Афганстан ж-а Пакистандын аймагында; | |||
жанартоосу), Түркмөн-Хорасан тоолору, Паро­памиз, | |||
өзүнө камтыган туюк ойдуңдар ээлейт; аларда кум ж-а шор баскан жерлери, соолуп калуучу көлдөрү арбын кездешет. Чөлдүү ойдуңдарды дөңсөөлөр ж-а тоолор (Кухруд, Чыгыш Иран ж. б.) бөлүп турат. Климаты субтропиктик, кургак, жылдык жаан-чачыны ички бөксө тоолордо 100 <i>мм</i>дей, тоолордо 500 <i>мм</i>ге чейин. Эльбурс ж-а Сулайман тоолорунун сырткы кап­талдарында арбын жаайт (1000–2000 <i>мм</i>ге че­йин). Дарыялары (Гильменд, Сефидруд, Гери­руд ж. б.) сууга өксү, негизинен сугатка пайда­ланылат. Жарым чөл ж-а чөл, айрым жерлер­ге талаа ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоо­сунун чыгыш капталын саванна, сейрек токой ж-а жалбырагы күбүлмө токой, Эльбурстун | |||
| 10 сап: | 5 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Э. Н. Султаналиев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Э. Н. Султаналиев.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
04:01, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИРА́Н ТАЙПАК ТООСУ Иран (басымдуу бөлүгү), Афганстан ж-а Пакистандын аймагында; чет жакалары Ирак м-н Түркмөнстандын түштүгүндө. Батышынан Месопотамия ойдуңу, чыгышынан Инд өрөөнү м-н чектешет. Узундугу 2500 кмдей, аянты 2,7 млн км2. Альп-Гималай геосинклиналь облусунда альп ж-а андан илгерки тоо пайда болуу мезгилдеринде калыптанган. Иран тайпак тоосунун кеңири аймакты ээлеген ички бөксө тоолору (бийиктиги 500дөн 2000 мге чейин) түндүгүнөн Эльбурс (бийиктиги 5604 мге чейин, Демавенд жанартоосу), Түркмөн-Хорасан тоолору, Паропамиз, Гиндукуштун батыш тармактары, түштүгүнөн Загрос, Мекран, Сулайман тоолору м-н чектешет. Ички бөксө тоолорун Деште-Кевир, Деште-Лут, Дашти-Марго ж. б. чөлдөрдү өзүнө камтыган туюк ойдуңдар ээлейт; аларда кум ж-а шор баскан жерлери, соолуп калуучу көлдөрү арбын кездешет. Чөлдүү ойдуңдарды дөңсөөлөр ж-а тоолор (Кухруд, Чыгыш Иран ж. б.) бөлүп турат. Климаты субтропиктик, кургак, жылдык жаан-чачыны ички бөксө тоолордо 100 ммдей, тоолордо 500 ммге чейин. Эльбурс ж-а Сулайман тоолорунун сырткы капталдарында арбын жаайт (1000–2000 ммге чейин). Дарыялары (Гильменд, Сефидруд, Герируд ж. б.) сууга өксү, негизинен сугатка пайдаланылат. Жарым чөл ж-а чөл, айрым жерлерге талаа ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоосунун чыгыш капталын саванна, сейрек токой ж-а жалбырагы күбүлмө токой, Эльбурстун түндүк капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу субтропик токою ээлейт. Оазисте дыйканчылык, көчмөн чарбачылык өнүккөн. Нефтиге бай, таш көмүр, темир, жез, графит, күкүрт ж. б. кендер да бар.
Ад.: Физическая география материков и океанов. М., 1988; Петров М. П. Иран. Физико-географический очерк. М.,1955.
Э. Н. Султаналиев.