ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
мNo edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ</b> – алгачкы манасчы. Жайсаң ырчынын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14–18-кылымдарда Жайсаң деген ат Юань династиясынын (1260–1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзайсян» деген даражасына байланыштуу пайда болгон. Бул даража термин (зайсан) кийинчерээк 14–15-кылымдан тартып ойроттор м-н моңголдордун арасына кеңири тарап, алардын феодалдык ак сөөктөрүнө да колдонула баштаган. Кийин кыр&shy;гыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кирип, эн&shy;чилүү ат катары колдонулуп калган. С. Орозба&shy;ковдун варианты боюнча Жайсан ырчы Манас м-н Ка&shy;йыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерил&shy;ген. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип, анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын: «Салтанатын көргөндө, Жайсаң ырчы дегени, Жалаң үйдүн порумун, Жарым күнү ырдаган» деп, ырчынын аты аталат. «Манас» эпосун алгач айтып чыккан ырчы болушу мүм&shy;күн, бирок бул пикирди негиз катары кароого болбойт» деген М. <i>Ауэзов.</i> Жумгалдык Бүбү Ма&shy;риям Муса кызынын айтуусунда «Жайсаң» ат&shy;туу 10 томдон турган китеби жарык көргөн (2009).
<b type='title'>ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ</b> – алгачкы манасчы. Жайсаң ырчынын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14–18-кылымдарда Жайсаң деген ат Юань династиясынын (1260–1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзайсян» деген даражасына байланыштуу пайда болгон. Бул даража термин (зайсан) кийинчерээк 14–15-кылымдан тартып ойроттор менен моңголдордун арасына кеңири тарап, алардын феодалдык ак сөөктөрүнө да колдонула баштаган. Кийин кыр&shy;гыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кирип, эн&shy;чилүү ат катары колдонулуп калган. С. Орозба&shy;ковдун варианты боюнча Жайсан ырчы Манас менен Ка&shy;йыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерил&shy;ген. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип, анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын: «Салтанатын көргөндө, Жайсаң ырчы дегени, жалаң үйдүн порумун, жарым күнү ырдаган» деп, ырчынын аты аталат. «Манас» эпосун алгач айтып чыккан ырчы болушу мүм&shy;күн, бирок бул пикирди негиз катары кароого болбойт» деген М. <i>Ауэзов.</i> Жумгалдык Бүбү Ма&shy;риям Муса кызынын айтуусунда «Жайсаң» ат&shy;туу 10 томдон турган китеби жарык көргөн (2009).


Ад.: <i>Ауэзов М</i>. Киргизская народная героическая поэма «Манас»//Киргизский героический эпос
Ад.: <i>Ауэзов М</i>. Киргизская народная героическая поэма «Манас»//Киргизский героический эпос

03:15, 6 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ – алгачкы манасчы. Жайсаң ырчынын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14–18-кылымдарда Жайсаң деген ат Юань династиясынын (1260–1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзайсян» деген даражасына байланыштуу пайда болгон. Бул даража термин (зайсан) кийинчерээк 14–15-кылымдан тартып ойроттор менен моңголдордун арасына кеңири тарап, алардын феодалдык ак сөөктөрүнө да колдонула баштаган. Кийин кыр­гыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кирип, эн­чилүү ат катары колдонулуп калган. С. Орозба­ковдун варианты боюнча Жайсан ырчы Манас менен Ка­йыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерил­ген. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип, анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын: «Салтанатын көргөндө, Жайсаң ырчы дегени, жалаң үйдүн порумун, жарым күнү ырдаган» деп, ырчынын аты аталат. «Манас» эпосун алгач айтып чыккан ырчы болушу мүм­күн, бирок бул пикирди негиз катары кароого болбойт» деген М. Ауэзов. Жумгалдык Бүбү Ма­риям Муса кызынын айтуусунда «Жайсаң» ат­туу 10 томдон турган китеби жарык көргөн (2009).

Ад.: Ауэзов М. Киргизская народная героическая поэма «Манас»//Киргизский героический эпос «Манас». М., 1961; Юнусалиев Б. «Манас». // Манас. 1-китеп. Ф., 1958; Бартольд В. В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1997; Үмөт уулу Жайсаң. Айкөл Манас. Дастан. 1– 10-китеп. Б., 2009.

Т. Бакчиев.