ЖАЙЫЛ БААТЫР: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
No edit summary |
||
| (6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЙЫЛ БААТЫР</b> , Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у (болжолу 1692–1779–80, Чүй өрөөнү) – солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небе­реси. Атасы Коңурбай дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир туу­ганы | <b type='title'>ЖАЙЫЛ БААТЫР</b> , '''Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у''' (болжолу 1692–1779–80, [[Чүй өрөөнү]]) – солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небе­реси. Атасы Коңурбай дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир туу­ганы [[Кошой бий]]дин тар­биясында калган. Кошой бий өлүп, кыргыздар [[Кетмен-Төбө|Кет­мен-Төбө]]дөн Чүйгө көчүп келгенде (кара: [[Кыргыздардын Чүйгө келиши|Кыргыздар­дын Чүйгө келиши]]<i>)</i> жал­пы [[солто уруусу]]н [[Кебек бий]], солто ичиндеги тал­кан уругун Жайыл баатыр менен [[Момокон|Мо­мокон]] бийлеген (1755– 56). Кыргыз-казак ча­быштарына (1764–65-,1769-, 1773-, 1779-жыл­дар) катышып (кара: [[Абылай хандын кыргыздарга каршы жортуулдары]]), баатыр атанган. Жайыл баатыр уулдары Үсөн, Теке, Итике жана Момокон баатыр менен бирге [[Абылай хан]] башын­да турган казактардын акыркы чабуулунда (1779–80) Корготу суусунун жээгинде казактар­га колго түшкөн. Момокон менен Итикени казак­тын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап кал­ган. Калган уулдарына кошулуп, Жайыл баатыр өлүм жа­засына буйрулган. Кыргыздар көп жабыр тарт­кан бул кыргын Жайыл баатырдын өлүмүнө байланыштуу болгондуктан, кийин тарыхта [[Жайыл кыргыны|Жайыл кыр­гыны]] деп аталып калган. [[Казак]]тын белгилүү акыны С. Торайгыровдун (1893–1920) эл оозунан жыйнаган маалыматы боюнча Абылай хандын колуна түшкөндө Жайыл баатыр 88 жашта болгону айтылат. 1993-жылы Чүй облусунун мурунку Калинин районуна Жайыл баатырдын ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган. | ||
1769-, 1773-, 1779-жыл­дар) катышып ( | |||
Жайыл баатыр | |||
'' | Ад.: Жайыл баатыр: история современность и буду­щее. Материалы научно-практический конференции. Б., 2006; ''Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б.'' Жайыл баатыр. Т. 1, 2. Б., 2004–05. | ||
''Э. Турганбаев.'' | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
02:49, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЫЛ БААТЫР , Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у (болжолу 1692–1779–80, Чүй өрөөнү) – солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небереси. Атасы Коңурбай дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир тууганы Кошой бийдин тарбиясында калган. Кошой бий өлүп, кыргыздар Кетмен-Төбөдөн Чүйгө көчүп келгенде (кара: Кыргыздардын Чүйгө келиши) жалпы солто уруусун Кебек бий, солто ичиндеги талкан уругун Жайыл баатыр менен Момокон бийлеген (1755– 56). Кыргыз-казак чабыштарына (1764–65-,1769-, 1773-, 1779-жылдар) катышып (кара: Абылай хандын кыргыздарга каршы жортуулдары), баатыр атанган. Жайыл баатыр уулдары Үсөн, Теке, Итике жана Момокон баатыр менен бирге Абылай хан башында турган казактардын акыркы чабуулунда (1779–80) Корготу суусунун жээгинде казактарга колго түшкөн. Момокон менен Итикени казактын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап калган. Калган уулдарына кошулуп, Жайыл баатыр өлүм жазасына буйрулган. Кыргыздар көп жабыр тарткан бул кыргын Жайыл баатырдын өлүмүнө байланыштуу болгондуктан, кийин тарыхта Жайыл кыргыны деп аталып калган. Казактын белгилүү акыны С. Торайгыровдун (1893–1920) эл оозунан жыйнаган маалыматы боюнча Абылай хандын колуна түшкөндө Жайыл баатыр 88 жашта болгону айтылат. 1993-жылы Чүй облусунун мурунку Калинин районуна Жайыл баатырдын ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган.
Ад.: Жайыл баатыр: история современность и будущее. Материалы научно-практический конференции. Б., 2006; Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б. Жайыл баатыр. Т. 1, 2. Б., 2004–05.
Э. Турганбаев.