ИНДИКАТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДИКА́ТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР</b> – сырткы | <b type='title'>ИНДИКА́ТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР</b> – сырткы | ||
чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү бол­гон, анын абалын, ар кандай таасирлерин көрсө­түп туруучу микроорганизмдер. | чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү бол­гон, анын абалын, ар кандай таасирлерин көрсө­түп туруучу микроорганизмдер. Индикатор микроорганизмдерди изил­дөө топурактын микробиологиясынын өнүгүшү м-н коштолуп, алардын жардамы м-н топурак­тын тибин, анын агротехникалык, агрохимиялык ыкмала­рынын топуракка таасирин аныктоого жардам берет. Ошондой эле микроорганизмдер аба, суу, топурак ж. б. жаратылыш объектилеринин ар түрдүү химиялык (оор металлдар, пестициддер) радиоактивдүү заттар м-н булганышынын мыкты көрсөткүч­төрү болуп эсептелет. Топуракта кээ бир биоген­дик элементтер бар экендигин көрсөткөн мик­роорганизмдер кездешет. Мисалы, азотобактер каль­ций, магний, азот, ошондой эле, оор металлдардын: Hg, Pb, Cd, Zn, Mo ж. б. элементтердин топу­рактагы бир аз концентрациясын да сезет. Ар кан­дай типтеги топурактын санитариялык абалын баалоодо ичеги таякчасы ж. б. микроорганизм­дер колдонулат. | ||
<p align='right'><i type='author'>Т. Дөөлөткелдиева.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Дөөлөткелдиева.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:20, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДИКА́ТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР – сырткы чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү болгон, анын абалын, ар кандай таасирлерин көрсөтүп туруучу микроорганизмдер. Индикатор микроорганизмдерди изилдөө топурактын микробиологиясынын өнүгүшү м-н коштолуп, алардын жардамы м-н топурактын тибин, анын агротехникалык, агрохимиялык ыкмаларынын топуракка таасирин аныктоого жардам берет. Ошондой эле микроорганизмдер аба, суу, топурак ж. б. жаратылыш объектилеринин ар түрдүү химиялык (оор металлдар, пестициддер) радиоактивдүү заттар м-н булганышынын мыкты көрсөткүчтөрү болуп эсептелет. Топуракта кээ бир биогендик элементтер бар экендигин көрсөткөн микроорганизмдер кездешет. Мисалы, азотобактер кальций, магний, азот, ошондой эле, оор металлдардын: Hg, Pb, Cd, Zn, Mo ж. б. элементтердин топурактагы бир аз концентрациясын да сезет. Ар кандай типтеги топурактын санитариялык абалын баалоодо ичеги таякчасы ж. б. микроорганизмдер колдонулат.
Т. Дөөлөткелдиева.