ИНДИ ЖАЗУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИНДИ ЖАЗУУСУ</b> – теги ж-а алфавиттеринин түзүлүш тартиби б-ча жалпылыгы бар жазма&shy;лардын кеңири тобу. Индия, Бангладеш, Паки&shy;стан, Непал ж-а Шри-Ланкада, о. эле Тибетте, Борб. Азияда, Бирмада, Инди-Кытай ж. а-нда ж-а Индонезияда колдонулат. Будда дини ж-а ад-ты м-н кошо таралган. И. ж-нун байыркы түрү – иероглиф жазуу б. з. ч. 3–2-миң жыл&shy;дыкта эле Индияда пайдаланылган. Бирок аны окуп түшүнүү кыйын. И. ж-ндагы эстеликтер&shy;ден (б. з. ч. 3-к.) окулганы муун жазуусу – брахми гана. Брахминин негизинде И. ж-нун үч бутагы калыптанган: түн., түш., түш.-чыгыш. Түн. бу&shy;такка г у п т (6–10-к-да колдонулган), т и б е т (7-к-дан тартып), н а г а р и (7–8-к., соңку фор&shy;масы – д е в а н а г а р и), ш а р а д а, н е в а&shy;р и (12-к-дан тартып) жазмалары кирет. Түш. бутак жалгыз гана г р а н т х а жазмасынан турат. Ал 5–6-к-дан тартып өрчүгөн, аны Түш. Индиянын азыркы к а н н а д а, т е л у г у, м а л а я л, т а м и л деген адабий тилдери колдонот. Түш.-чыгыш бутак – көбүнчө байыр&shy;кы палий графикасынын негизиндеги жазма&shy;лар: сингал, бирма, кхмер, лаос, тай, инди-кы&shy;тай байыркы жазмалары ж. б.
<b type='title'>ИНДИ ЖАЗУУСУ</b> – теги ж-а алфавиттеринин түзүлүш тартиби боюнча жалпылыгы бар жазма&shy;лардын кеңири тобу. Индия, Бангладеш, Паки&shy;стан, Непал жана Шри-Ланкада, ошондой эле Тибетте, Борбордук Азияда, Бирмада, Инди-Кытай жарым аралында жана Индонезияда колдонулат. Будда дини жана адабияты менен кошо таралган. Инди жазуусунун байыркы түрү – иероглиф жазуу б. з. ч. 3–2-миң жыл&shy;дыкта эле Индияда пайдаланылган. Бирок аны окуп түшүнүү кыйын. Инди жазуусундагы эстеликтер&shy;ден (б. з. ч. 3-кылым) окулганы муун жазуусу – брахми гана. Брахминин негизинде Инди жазуусунун үч бутагы калыптанган: түндүк, түштүк, түштүк-чыгыш. Түндүк  бу&shy;такка г у п т (6–10-кылымдарда колдонулган), т и б е т (7-кылымдан тартып), н а г а р и (7–8-кылым соңку фор&shy;масы – д е в а н а г а р и), ш а р а д а, н е в а&shy; р и (12-кылымдан тартып) жазмалары кирет. Түштүк бутак жалгыз гана г р а н т х а жазмасынан турат. Ал 5–6-кылымдан тартып өрчүгөн, аны Түштүк Индиянын азыркы к а н н а д а, т е л у г у, м а л а я л, т а м и л деген адабий тилдери колдонот. Түштүк-чыгыш бутак – көбүнчө байыр&shy;кы палий графикасынын негизиндеги жазма&shy;лар: сингал, бирма, кхмер, лаос, тай, инди-кы&shy;тай байыркы жазмалары жана башкалар.
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

07:47, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИНДИ ЖАЗУУСУ – теги ж-а алфавиттеринин түзүлүш тартиби боюнча жалпылыгы бар жазма­лардын кеңири тобу. Индия, Бангладеш, Паки­стан, Непал жана Шри-Ланкада, ошондой эле Тибетте, Борбордук Азияда, Бирмада, Инди-Кытай жарым аралында жана Индонезияда колдонулат. Будда дини жана адабияты менен кошо таралган. Инди жазуусунун байыркы түрү – иероглиф жазуу б. з. ч. 3–2-миң жыл­дыкта эле Индияда пайдаланылган. Бирок аны окуп түшүнүү кыйын. Инди жазуусундагы эстеликтер­ден (б. з. ч. 3-кылым) окулганы муун жазуусу – брахми гана. Брахминин негизинде Инди жазуусунун үч бутагы калыптанган: түндүк, түштүк, түштүк-чыгыш. Түндүк бу­такка г у п т (6–10-кылымдарда колдонулган), т и б е т (7-кылымдан тартып), н а г а р и (7–8-кылым соңку фор­масы – д е в а н а г а р и), ш а р а д а, н е в а­ р и (12-кылымдан тартып) жазмалары кирет. Түштүк бутак жалгыз гана г р а н т х а жазмасынан турат. Ал 5–6-кылымдан тартып өрчүгөн, аны Түштүк Индиянын азыркы к а н н а д а, т е л у г у, м а л а я л, т а м и л деген адабий тилдери колдонот. Түштүк-чыгыш бутак – көбүнчө байыр­кы палий графикасынын негизиндеги жазма­лар: сингал, бирма, кхмер, лаос, тай, инди-кы­тай байыркы жазмалары жана башкалар.