ИНГИБИТОРЛОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНГИБИТОРЛОР</b> (лат. inhibere – токтотуу, кар­моо, басаңдатуу) б и о л о г и я д а – фермент­тердин ж-а ферменттик системалардын ак­тивдүүлүгүн басаңдатуучу ар түрдүү табигый ж-а синтезделген заттар. Организмде фермент­тердин табигый | <b type='title'>ИНГИБИТОРЛОР</b> (лат. inhibere – токтотуу, кар­моо, басаңдатуу) б и о л о г и я д а – фермент­тердин ж-а ферменттик системалардын ак­тивдүүлүгүн басаңдатуучу ар түрдүү табигый ж-а синтезделген заттар. Организмде фермент­тердин табигый ингибиторлорунун ролун зат алмашуу про­дуктулары аткарат. Ингибиторлор ферменттердин катализ­дик аракетин изилдөөдө, белоктогу функция­лык топтун табиятын тактоодо, зат алмашуу­да түрдүү ферменттик процесстердин ролун бай­коодо кеңири колдонулат. Түрдүү уу заттарды зыяндуу курт-кумурска, отоо чөпкө каршы кол­донуу, алардын организмдеги жашоо шартын тейлөөчү процесстерди басаңдатууга негизделет. Кээ бир дарыга пайдаланылган заттардын таа­сири да ферменттик реакцияларды басаңдатуу­га байланыштуу. Айрым ингибиторлор өсүмдүктүн өсүүсүн басаңдатат. Табигый ингибиторлор көп өлчөмдө бүчүр ткан­дарында, аз санда өркүндө топтолот. Алардын эң көп жыйналуусу күзгү органикалык тыным мезгили­не туура келет. Табигый ингибиторлорго фенол кошулма­лары (кумарин, салицил кислотасы) ж-а терпеноид­дер кирет. Кеңири мааниде биологиялык татаал процесстерди токтотуучу заттар ингибиторлор деп аталат. Х и ­м и я д а – түрдүү химиялык процесстерди токтотуучу заттар. Ингибиторлордун зыяндуу процесстерди токтотуу­чу таасири алардын катализатордун ж-а фер­менттердин активдүү борборлорун тосуп алып, активдүү бөлүкчөлөр м-н реакцияга кирип, на­чар активдүү радикалдарга айландыргандыгын­да. Химиялык процесстерди токтотуучу же алардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү заттар эң көп ж-а алардын колдонуу тармактары кеңири. Мисалы, металлдардын коррозиясын (дат басуусунун), мономерлердин полимерленишин, тамак-аштар­дын окистенишин ж. б. азайтат. Металл буюм­дарын сактоо үчүн дициклогексиламмоний нит­рити ж-а карбонаты, уротропин м-н натрий нит­ритинин аралашмасы пайдаланылат. Окистенүү реакциясынын ингибиторлору катары фенолдор, аромат­тык аминдер, күкүрттүү бирикмелер; мономер­лердин полимерленүү ж-а окистенүүсүндө күкүрт, фенолдор, таннин, канифоль, жез туздары ж. б. колдонулат. | ||
Ад.: <i>Диксон М., Уэбб Э.</i> Ферменты. М., 1982. | |||
| 11 сап: | 9 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>К. Т. Шалпыков.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>К. Т. Шалпыков.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:54, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНГИБИТОРЛОР (лат. inhibere – токтотуу, кармоо, басаңдатуу) б и о л о г и я д а – ферменттердин ж-а ферменттик системалардын активдүүлүгүн басаңдатуучу ар түрдүү табигый ж-а синтезделген заттар. Организмде ферменттердин табигый ингибиторлорунун ролун зат алмашуу продуктулары аткарат. Ингибиторлор ферменттердин катализдик аракетин изилдөөдө, белоктогу функциялык топтун табиятын тактоодо, зат алмашууда түрдүү ферменттик процесстердин ролун байкоодо кеңири колдонулат. Түрдүү уу заттарды зыяндуу курт-кумурска, отоо чөпкө каршы колдонуу, алардын организмдеги жашоо шартын тейлөөчү процесстерди басаңдатууга негизделет. Кээ бир дарыга пайдаланылган заттардын таасири да ферменттик реакцияларды басаңдатууга байланыштуу. Айрым ингибиторлор өсүмдүктүн өсүүсүн басаңдатат. Табигый ингибиторлор көп өлчөмдө бүчүр ткандарында, аз санда өркүндө топтолот. Алардын эң көп жыйналуусу күзгү органикалык тыным мезгилине туура келет. Табигый ингибиторлорго фенол кошулмалары (кумарин, салицил кислотасы) ж-а терпеноиддер кирет. Кеңири мааниде биологиялык татаал процесстерди токтотуучу заттар ингибиторлор деп аталат. Х и м и я д а – түрдүү химиялык процесстерди токтотуучу заттар. Ингибиторлордун зыяндуу процесстерди токтотуучу таасири алардын катализатордун ж-а ферменттердин активдүү борборлорун тосуп алып, активдүү бөлүкчөлөр м-н реакцияга кирип, начар активдүү радикалдарга айландыргандыгында. Химиялык процесстерди токтотуучу же алардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү заттар эң көп ж-а алардын колдонуу тармактары кеңири. Мисалы, металлдардын коррозиясын (дат басуусунун), мономерлердин полимерленишин, тамак-аштардын окистенишин ж. б. азайтат. Металл буюмдарын сактоо үчүн дициклогексиламмоний нитрити ж-а карбонаты, уротропин м-н натрий нитритинин аралашмасы пайдаланылат. Окистенүү реакциясынын ингибиторлору катары фенолдор, ароматтык аминдер, күкүрттүү бирикмелер; мономерлердин полимерленүү ж-а окистенүүсүндө күкүрт, фенолдор, таннин, канифоль, жез туздары ж. б. колдонулат.
Ад.: Диксон М., Уэбб Э. Ферменты. М., 1982.
К. Т. Шалпыков.