ИЛИМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИЛИМ</b> – адамзат ишмердигинин чындык ж-дөгү
<b type='title'>ИЛИМ</b> – адамзат ишмердигинин чындык жөнүндөгү объективдүү билимдерди иштеп чыгуу ж-а теориялык жактан системалаштыруу милдетин аткарган чөйрө; коомдук аң-сезимдин бир формасы; дүйнө жөнүндөгү билимдердин өзгөчө тутуму; социалдык институттардын бири. Илим миф, дин ж-а аң-сезимден айырмаланып, дүйнөнүн өзүнчө элесин (сүрөтүн, сыпатын) түзөт. Илимдин башкы максаты – бол&shy;муштагы кубулуш, процесстердин табиятын ачып-аныкташ, сыпатташ, түшүндүрүш, алдын&shy; ала көргөзүш. Илим практикага таянып, аны м-н тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок, адам иш-ара&shy;кеттеринин бөтөнчө түрү, чөйрөсү болгон прак&shy;тика билимди өз мүдөсүнө ылайык курал ката&shy;ры пайдаланса, Илимде билим – иштин максаты, натыйжасы. Илимдин көздөгөнү – жаңы билимге жетиш. Искусство элеске (образга), дин ишенимге таянса, илим термин, түшүнүк, категория, теория, эксперимент, мыйзамга негизделет. Илим билим&shy;дин алгачкы белгилери байыркы Чыгышта (Шу&shy;мер, Египет, Кытай, Индия) пайда болгону м-н өз алдынча ишмердик, коомдук турмуштун бир чөйрөсү катары илим байыркы Грекияда б. з. ч. 6-кылымда түптөлгөн. Билим практиканын же ри&shy;туалдын ажырагыс бөлүгү эмес, өзүнчө маани&shy; мазмуну бар нерсе катары өнүгө баштаган. Аде&shy;генде далилдүү, ойлонулган билимдердин баа&shy;ры биригип, чогуу болуп, «философия» аталып, бара-бара жиктелип, ажырап, өз-өзүнчө нукка түшкөн. Жаңы коомдук мезгилде Европада илим өзгөчө бааланып, 17-кылымда көптөгөн илимий төң&shy;көрүштөр жүзөгө ашкан. Бара-бара илим коомдун өнүгүшүнүн эбегейсиз кубаттуу негизине айлан&shy;ды. Тарых жолунда илим билимдер топтолуп оту&shy;руп, жаңырат, иргелет, кайра куралат. Илимдин орчундуу өзгөрүшү, анын түпкү жол-жоболору, мыйзамдары, алдыңкы сапаттагы теория, ой&shy;лоо стили, өзөктүү категорияларынын жаңы&shy;ланышы, алмашышы, байышы м-н байланыш&shy;кан. Илим тарыхында билимдердин жиктелиши, бутактап ажырашы ж-а кошулушу, биригиши эриш-аркак жүрүп келген. Илим табигый, техникалык ж-а коомдук мүнөзгө ээ. Айрым илимий изилдөөлөр дис&shy;циплина аралык, комплекстүү негизде жүргү&shy;зүлөт. Илимий фундаменталдык ж-а колдонмо болуп бөлүнөт: биринчилери дүйнөлүк мыйзам ченем&shy;дерин ачууну көздөсө, экинчилери жаңы билим&shy;дерди практикада колдонууну жүзөгө ашырат. Илимий билимдер теориялык ж-а эмпириялык деңгээлге ажыратылат. Илимдин өзүнө мүнөздүү философиялык ж-а методологиялык маселелери болот. Ал эми илимди ар та&shy;раптан изилдеген тармак илим таануу деп аталат. Илимдин адам, коом турмушундагы орду чоң, кызматы көп кырдуу, бай. Илимдин барк-баасын аныктоодо сциентизм ж-а антисциентизм багыт&shy;тары калыптанган. Негизинен цивилизациянын өнүгүшүн илимсиз элестетүү мүмкүн эмес.
объективдүү билимдерди иштеп чыгуу ж-а теор. жактан системалаштыруу милдетин аткарган
чөйрө; коомдук аң-сезимдин бир формасы; дүйнө ж-дөгү билимдердин өзгөчө тутуму; социалдык ин-ттардын бири. И. миф, дин ж-а аң-сезимден айырмаланып, дүйнөнүн өзүнчө элесин (сүрөтүн, сыпатын) түзөт. И-дин башкы максаты – бол&shy;муштагы кубулуш, процесстердин табиятын ачып-аныкташ, сыпатташ, түшүндүрүш, алдын&shy;ала көргөзүш. И. практикага таянып, аны м-н тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок, адам иш-ара&shy;кеттеринин бөтөнчө түрү, чөйрөсү болгон прак&shy;тика билимди өз мүдөсүнө ылайык курал ката&shy;ры пайдаланса, И-де билим – иштин максаты, натыйжасы. И-дин көздөгөнү – жаңы билимге жетиш. Иск-во элеске (образга), дин ишенимге таянса, И. термин, түшүнүк, категория, теория, эксперимент, мыйзамга негизделет. Ил. билим&shy;дин алгачкы белгилери байыркы Чыгышта (Шу&shy;мер, Египет, Кытай, Индия) пайда болгону м-н
өз алдынча ишмердик, коомдук турмуштун бир
чөйрөсү катары И. байыркы Грекияда б. з. ч. 6-к-да түптөлгөн. Билим практиканын же ри&shy;туалдын ажырагыс бөлүгү эмес, өзүнчө маани&shy;мазмуну бар нерсе катары өнүгө баштаган. Аде&shy;генде далилдүү, ойлонулган билимдердин баа&shy;ры биригип, чогуу болуп, «философия» аталып, бара-бара жиктелип, ажырап, өз-өзүнчө нукка түшкөн. Жаңы коомдук мезгилде Европада И. өзгөчө бааланып, 17-к-да көптөгөн ил. төң&shy;көрүштөр жүзөгө ашкан. Бара-бара И. коомдун
өнүгүшүнүн эбегейсиз кубаттуу негизине айлан&shy;ды. Тарых жолунда ил. билимдер топтолуп оту&shy;руп, жаңырат, иргелет, кайра куралат. И-дин


орчундуу өзгөрүшү, анын түпкү жол-жоболору, мыйзамдары, алдыңкы сапаттагы теория, ой&shy;лоо стили, өзөктүү категорияларынын жаңы&shy;ланышы, алмашышы, байышы м-н байланыш&shy;кан. И. тарыхында билимдердин жиктелиши, бутактап ажырашы ж-а кошулушу, биригиши эриш-аркак жүрүп келген. И. табигый, тех. ж-а коомдук мүнөзгө ээ. Айрым ил. изилдөөлөр дис&shy;циплина аралык, комплекстүү негизде жүргү&shy;зүлөт. И. фундаменталдык ж-а колдонмо болуп бөлүнөт: биринчилери дүйнөлүк мыйзам ченем&shy;дерин ачууну көздөсө, экинчилери жаңы билим&shy;дерди практикада колдонууну жүзөгө ашырат. Ил. билимдер теор. ж-а эмпириялык деңгээлге ажыратылат. И-дин өзүнө мүнөздүү филос. ж-а методол. маселелери болот. Ал эми И-ди ар та&shy;раптан изилдеген тармак И. таануу деп аталат. И-дин адам, коом турмушундагы орду чоң, кызматы көп кырдуу, бай. И-дин барк-баасын аныктоодо сциентизм ж-а антисциентизм багыт&shy;тары калыптанган. Негизинен цивилизациянын
өнүгүшүн И-сиз элестетүү мүмкүн эмес.




14 сап: 6 сап:
<p align='right'><i type='author'>Ж. Бөкөшов.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ж. Бөкөшов.</i></p>
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

05:25, 18 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИЛИМ – адамзат ишмердигинин чындык жөнүндөгү объективдүү билимдерди иштеп чыгуу ж-а теориялык жактан системалаштыруу милдетин аткарган чөйрө; коомдук аң-сезимдин бир формасы; дүйнө жөнүндөгү билимдердин өзгөчө тутуму; социалдык институттардын бири. Илим миф, дин ж-а аң-сезимден айырмаланып, дүйнөнүн өзүнчө элесин (сүрөтүн, сыпатын) түзөт. Илимдин башкы максаты – бол­муштагы кубулуш, процесстердин табиятын ачып-аныкташ, сыпатташ, түшүндүрүш, алдын­ ала көргөзүш. Илим практикага таянып, аны м-н тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок, адам иш-ара­кеттеринин бөтөнчө түрү, чөйрөсү болгон прак­тика билимди өз мүдөсүнө ылайык курал ката­ры пайдаланса, Илимде билим – иштин максаты, натыйжасы. Илимдин көздөгөнү – жаңы билимге жетиш. Искусство элеске (образга), дин ишенимге таянса, илим термин, түшүнүк, категория, теория, эксперимент, мыйзамга негизделет. Илим билим­дин алгачкы белгилери байыркы Чыгышта (Шу­мер, Египет, Кытай, Индия) пайда болгону м-н өз алдынча ишмердик, коомдук турмуштун бир чөйрөсү катары илим байыркы Грекияда б. з. ч. 6-кылымда түптөлгөн. Билим практиканын же ри­туалдын ажырагыс бөлүгү эмес, өзүнчө маани­ мазмуну бар нерсе катары өнүгө баштаган. Аде­генде далилдүү, ойлонулган билимдердин баа­ры биригип, чогуу болуп, «философия» аталып, бара-бара жиктелип, ажырап, өз-өзүнчө нукка түшкөн. Жаңы коомдук мезгилде Европада илим өзгөчө бааланып, 17-кылымда көптөгөн илимий төң­көрүштөр жүзөгө ашкан. Бара-бара илим коомдун өнүгүшүнүн эбегейсиз кубаттуу негизине айлан­ды. Тарых жолунда илим билимдер топтолуп оту­руп, жаңырат, иргелет, кайра куралат. Илимдин орчундуу өзгөрүшү, анын түпкү жол-жоболору, мыйзамдары, алдыңкы сапаттагы теория, ой­лоо стили, өзөктүү категорияларынын жаңы­ланышы, алмашышы, байышы м-н байланыш­кан. Илим тарыхында билимдердин жиктелиши, бутактап ажырашы ж-а кошулушу, биригиши эриш-аркак жүрүп келген. Илим табигый, техникалык ж-а коомдук мүнөзгө ээ. Айрым илимий изилдөөлөр дис­циплина аралык, комплекстүү негизде жүргү­зүлөт. Илимий фундаменталдык ж-а колдонмо болуп бөлүнөт: биринчилери дүйнөлүк мыйзам ченем­дерин ачууну көздөсө, экинчилери жаңы билим­дерди практикада колдонууну жүзөгө ашырат. Илимий билимдер теориялык ж-а эмпириялык деңгээлге ажыратылат. Илимдин өзүнө мүнөздүү философиялык ж-а методологиялык маселелери болот. Ал эми илимди ар та­раптан изилдеген тармак илим таануу деп аталат. Илимдин адам, коом турмушундагы орду чоң, кызматы көп кырдуу, бай. Илимдин барк-баасын аныктоодо сциентизм ж-а антисциентизм багыт­тары калыптанган. Негизинен цивилизациянын өнүгүшүн илимсиз элестетүү мүмкүн эмес.



Ж. Бөкөшов.