ИЛЕ АЛА-ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИЛЕ АЛА-ТООСУ</b> – Теңир-Тоо тармагынын бир
<b type='title'>ИЛЕ АЛА-ТООСУ</b> – Теңир-Тоо тармагынын бир тармагы, кырка тоо. Кыргызстан м-н Казакстандын чек арасында. Басымдуу бийиктиги 3500 <i>м</i>ге жа&shy;кын, эң бийик жери – Талгар чокусу, 4973 <i>м</i>. Архей заманында пайда болуп, өзгөрүүлөргө дуу&shy;шарланган ж-а метаморфизмделип, гранитке
тармагы, кырка тоо. Кырг-н м-н Казакстандын
чек арасында. Басымдуу бийикт. 3500 <i>м</i>ге жа&shy;кын, эң бийик жери – Талгар чокусу, 4973 <i>м</i>. Архей заманында пайда болуп, өзгөрүүлөргө дуу&shy;шарланган ж-а метаморфизмделип, гранитке




7 сап: 5 сап:
[[File:ИЛЕ АЛА-ТООСУ94.png | thumb | none]]
[[File:ИЛЕ АЛА-ТООСУ94.png | thumb | none]]


өткөн байыркы тоо тек катмарлары жатат. Про&shy;терозой м-н палеозойдун (кембрий, ордовик, девон, карбон, пермь) тоо тектери да бар. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит, габбро, гранит ж-а сиениттердин массивдери кез&shy;дешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзүп жатат. Полиметалл, висмут, алтын, молибден, сейрек ж-а чачынды элементтер, кооз мрамор, гранит ж. б. кендери бар. Кырка тоо борб. бөлүгүнөн батышты ж-а
өткөн байыркы тоо тек катмарлары жатат. Про&shy;терозой м-н палеозойдун (кембрий, ордовик, девон, карбон, пермь) тоо тектери да бар. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит, габбро, гранит ж-а сиениттердин массивдери кез&shy;дешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзүп жатат. Полиметалл, висмут, алтын, молибден, сейрек ж-а чачынды элементтер, кооз мрамор, гранит ж. б. кендери бар. Кырка тоо борбордук бөлүгүнөн батышты ж-а чыгышты карай жапыздайт. Түштүк капталдары тик ж-а кыска, түндүгү жазы. Кээ бир чокула&shy;рын мөңгү каптап жатат (жалпы аянты 484 миң <i>км</i><sup>2</sup>). Түндүк капталынан Иле дарыясынын, түш&shy;түгүнөн Чоң Кемин суусунун куймалары баш&shy;талат. Иле Ала-Тоосуна жарым чөл (900–1300 <i>м</i> бийик&shy;ке), талаа (900–1900 <i>м</i>), токой-шалбаалуу та&shy;лаа (1400–2800 <i>м</i>), шалбаалуу субальп (2500– 3100 <i>м</i>), шалбаалуу альп (3100–3500 <i>м</i>) ж-а гля&shy;циалдык-нивалдык (3500 <i>м</i>ден жогору) ланд&shy;шафт алкактары мүнөздүү. Түндүк этегинен Алма&shy;ты шаары орун алган.
чыгышты карай жапыздайт. Түш. капталдары тик ж-а кыска, түндүгү жазы. Кээ бир чокула&shy;рын мөңгү каптап жатат (жалпы аянты 484 миң <i>км</i><sup>2</sup>). Түн. капталынан Иле д-нын, түш&shy;түгүнөн Чоң Кемин суусунун куймалары баш&shy;талат. И. А.-Т-на жарым чөл (900–1300 <i>м</i> бийик&shy;ке), талаа (900–1900 <i>м</i>), токой-шалбаалуу та&shy;лаа (1400–2800 <i>м</i>), шалбаалуу субальп (2500– 3100 <i>м</i>), шалбаалуу альп (3100–3500 <i>м</i>) ж-а гля&shy;циалдык-нивалдык (3500 <i>м</i>ден жогору) ланд&shy;шафт алкактары мүнөздүү. Түн. этегинен Алма&shy;ты ш. орун алган.
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

05:14, 18 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИЛЕ АЛА-ТООСУ – Теңир-Тоо тармагынын бир тармагы, кырка тоо. Кыргызстан м-н Казакстандын чек арасында. Басымдуу бийиктиги 3500 мге жа­кын, эң бийик жери – Талгар чокусу, 4973 м. Архей заманында пайда болуп, өзгөрүүлөргө дуу­шарланган ж-а метаморфизмделип, гранитке


өткөн байыркы тоо тек катмарлары жатат. Про­терозой м-н палеозойдун (кембрий, ордовик, девон, карбон, пермь) тоо тектери да бар. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит, габбро, гранит ж-а сиениттердин массивдери кез­дешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзүп жатат. Полиметалл, висмут, алтын, молибден, сейрек ж-а чачынды элементтер, кооз мрамор, гранит ж. б. кендери бар. Кырка тоо борбордук бөлүгүнөн батышты ж-а чыгышты карай жапыздайт. Түштүк капталдары тик ж-а кыска, түндүгү жазы. Кээ бир чокула­рын мөңгү каптап жатат (жалпы аянты 484 миң км2). Түндүк капталынан Иле дарыясынын, түш­түгүнөн Чоң Кемин суусунун куймалары баш­талат. Иле Ала-Тоосуна жарым чөл (900–1300 м бийик­ке), талаа (900–1900 м), токой-шалбаалуу та­лаа (1400–2800 м), шалбаалуу субальп (2500– 3100 м), шалбаалуу альп (3100–3500 м) ж-а гля­циалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ланд­шафт алкактары мүнөздүү. Түндүк этегинен Алма­ты шаары орун алган.