ИЛЕ (тарыхый аймак): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЛЕ</b> – тарыхый аймак. | <b type='title'>ИЛЕ</b> – тарыхый аймак. Иле өрөөнүнө байланыш­кан жазма маалыматтар өтө сейрек жолугат. Алгач­кы жолу Суй (581–618) жана Тан (618–907) империяларынын тарыхында басмылдардын (Басими, башкача аталышы Била) өлкөсү ушул өзөндө жайгашканы жана 638-жылы Юйгу Ше (Дулу) хан менен Хилиши Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүшүп, батышын Дулу хан, чы­гышын Хилиши алып, [[Батыш түрк уруулары]] эки хандыкка бөлүнгөнү айтылат. Натыйжада [[Кыргыздар|кыргыз­дар]] (гйегу, хягас) Дулу хандын ээлигинде кал­ган. [[«Худуд ал-алам»]] боюнча Ила дарыясы Иргадж-арт­тан башталып [[Ысык-Көл]]гө куят деп айтылган. Иле бою байыртадан бери эле [[Рим]]ден ([[Византия]]) [[Чыгыш Түркстан]], Кытайга өткөн соода жолу­нун (кара: [[Улуу Жибек жолу]]) өтө маанилүү бутагы болуп саналган. 7–13-кылымдарда Иле [[мусулман]] дүйнө­сүнүн чеги катары каралган, ал эми анын чы­гышындагы аймактар [[моңголдор]]дун басып алуу­сунан кийин ислам динине киргизилген. [[Тимур]]­дун жортуулу тушунда [[Текес]], Теке, Йака деген ат менен эскерилген. М. [[Кашгари]] боюнча Иле дарыясы түрк жеринин Жейхуну ([[Аму-Дарыя]]) катары эсепте­линип, анын жээгинде тухсы, ягма, чигилдер жашаган. Өрөөн көбүнчө жайыт катары пайда­ланылган. Иледе жайгашкан шаарлар жөнүндө бир аз маалыматтар бар. Иле өрөөнүнөн 9–13-кылымдарга таандык 66 шаар калдыктары изилденген. Руб­рук Иленин түндүгүндө Эквиус деген шаар болго­нун жана анда фарсы тилинде сүйлөгөн сарацин­дер жашаганын эскерген. Армян падышасы Хетум аны Иланбалек, дарыяны Илан-су, ал эми кытайлыктар бул шаарды Или-бали же Илибани, башкача айтканда Илибалык – «Илидеги шаар» деп аташкан. Иленин [[Балхаш]]ка куйган жеринде (Ба­канас өзөнү) эски арык, курулуштардын уран­дылары калган. Бирок, анын кайсыл мезгилге тийиштүү экени аныктала элек. Адегенде [[Чагатай|Чага­тай]] улусунун, кийин бир аз убакыт [[Моголстан]] мамлекетинин борбору болгон [[Алмалык]] шаары дагы Иле аймагында жайгашкан. 15–16-кылымдарда Иледе кыр­гыз тарыхына байланышкан маанилүү окуялар болуп өткөн (кыргыздардын моголдорго, Тимур­га каршы күрөшү, [[Манап бий]]дин өлүмү). 17– 18-кылымдарда Иле өрөөнү толук [[Жуңгар хандыгы]]нын кол алдында калган. 18-кылымдын экинчи жарымында [[Эсенкул баатыр]]дын сунушу менен кыргыздар [[Чүй]], Иле жээгине жайгаша баштаган (кара: [[Кыргыздардын Чүйгө келиши|Кыргыздар­дын Чүйгө келиши]]). Ушул мезгилге тийиштүү орус маалыматтарында кыргыз-казактардын чеги «Иле өзөнүнүн Балкашка куйган жерине 100 чакырым жетпей» жана «Иле суусу кыргыз­дарды Кытай мамлекетинен да, казактардан дагы бөлүп турганы» ырасталат (кара: [[Кыргыз-казак чек ара маселеси|Кыргыз-ка­зак чек ара маселеси]]<i>)</i>. Дарыянын сол жээги Үч Алматы, Сары-Токум кыштоосу, Челек, [[Каркыра|Каркы­ра]], Кеген, Текес [[сарыбагыш]] жана [[бугу]] уруу­ларынын туруктуу жайлоосу болгон. 1847-жылы Капал чебинин тургузулушу менен [[Россия империясы]]нын басып алуучулук саясаты күчөп, казактын [[Улуу жүз]]үнө кирген уруулар Иленин оң жээгине, ал эми ал жердеги кыргыздар акырындык менен Чүй өрөөнүнө жыла баштаган. Натыйжада Иле – Чүй дарыяларын камтыган аймактарда күч-кубаттуу үч чоң өлкө – падышалык Россия, [[Кокон хандыгы]] жана [[Цин империясы]]нын ортолорунда саясий атааңдашдык курчуп чыккан. 1849-жылы Цин императорунун атайын жарлыгы менен Кулжа – Кашкар жолун куруу башталып, аскерлеринин санын көбөйткөн жана өз кол алдымда деп эсептеген [[Боромбай]]га княздык наам берип, жылына он жамбы акы чегерген. Иле дарыясынын айланасында мындай саясий жагдайга байланыштуу 1851-жылы декабрь айында [[Ормон хан]] (1842–1855) Көлдүн башынан 6000 түтүнгө чамалаш эли менен Түргөн, Талгар суулары аркылуу Кашкелеңден конуш алган. Келер замат орус падышасы (1826–1855) [[Николай I]]ге кат жаздырып, Иленин оң жагына казак, сол жээгинде кыргыздарга конуш берилсе, ал жерде тынччылык орнорун билдирген. Бирок, анын бул сунушу кабыл алынган эмес. 1854-жылы 19-майда падыша өкмөтүнүн «Семей (Семипалатинск) облусун түзүү» жөнүндө жобосуна ылайык Иле дарыясынын эки жээгин бириктирген Капал жаңы аскер округу ушул облустун карамагына берген. 1855-жылы 17-январда бугу уруусунун Россия империясынын букаралагына өтүшү менен аймакты каратуу жаңданган. 1856-жылы Аскер министрлигине караштуу «өзгөчө Ала-Тоо округу түзүү» сунушталып, 1856-жылы 3-ноябрда Иле дарыясынын батышын камтыган жаңы, «өзгөчө Ала-Тоо округу» ачылган (кара: [[Ала-Тоо округу]]).1854-жылы Иленин оң жээгине Верный чеби ([[Алматы шаары]]) курулгандан кийин Цин жана Россия империяларынын мамилеси кескин курчуп, 1871-жылы орус аскери Кулжа шаарына киргизилген. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин 1881-жылы 12 (24)-февралда Петербург шаарында Россия менен Цин өкмөтүнүн ортосундагы Иле аймагынын статусу тууралуу келишим түзүлгөн (кара: [[Петербург келишими]]). Ага ылайык Текес өрөөнү менен [[Музарт]] ашуусу Кытайга, Текестин батыш жак бир аз бөлүгү Россия империясынын карамагына өткөн жана орус бийлигин каалагандар көчүп кетүүгө уруксат алган. Натыйжада 70 миңге жакын (башка маалыматтарда 107 миң) кыргыз, казак, уйгур, дунган ж. б. Россия аймагына көчүп келип, негизинен Кытай менен чектеш [[Жети-Суу облусу]]на [б. а. азыркы Алматы ([[Казакстан]]) менен [[Ысык-Көл облусу]]нун чыгышы] отурукташтырылган.1881-жылы Россия менен Кытайдын ортосунда чек ара маселелери чечилип, келишим түзүлгөн. Натыйжада, Кы­тайдын карамагында калуудан баш тарткан казактын албан урууларынын 5 миң түтүнү бугу уруусу конуштап жүргөн Кеген жана Те­кес сууларынын жогорку агымына көчүрүл­гөн. Ал эми бугу уруусу Ысык-Көлдүн түштүк та­рабына көчүрүлүп, кыргыз менен казактын ор­тосундагы чек ара [[Санташ]] ашуусу аркылуу ажыратылган. | ||
таандык 66 шаар калдыктары изилденген. Руб­рук | |||
чеги «Иле өзөнүнүн Балкашка куйган жерине 100 чакырым жетпей» | |||
өрөөнүнө жыла баштаган. 1854- | |||
чечилип, келишим түзүлгөн. Натыйжада, Кы­тайдын карамагында калуудан баш тарткан казактын албан урууларынын 5 миң түтүнү бугу уруусу конуштап жүргөн Кеген | |||
Ад.: <i>Бартольд В. В.</i> Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана, Б., 1996; <i>Андреев И. Г.</i> Описание Средней Орды киргиз-койсаков. А., 1998; <i>Аристов Н. А.</i> Усуни и кыргызы или каракыргызы: Очерки истории и быта населения Западного Тянь- Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001. | Ад.: <i>Бартольд В. В.</i> Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана, Б., 1996; <i>Андреев И. Г.</i> Описание Средней Орды киргиз-койсаков. А., 1998; <i>Аристов Н. А.</i> Усуни и кыргызы или каракыргызы: Очерки истории и быта населения Западного Тянь- Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
01:38, 27 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
ИЛЕ – тарыхый аймак. Иле өрөөнүнө байланышкан жазма маалыматтар өтө сейрек жолугат. Алгачкы жолу Суй (581–618) жана Тан (618–907) империяларынын тарыхында басмылдардын (Басими, башкача аталышы Била) өлкөсү ушул өзөндө жайгашканы жана 638-жылы Юйгу Ше (Дулу) хан менен Хилиши Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүшүп, батышын Дулу хан, чыгышын Хилиши алып, Батыш түрк уруулары эки хандыкка бөлүнгөнү айтылат. Натыйжада кыргыздар (гйегу, хягас) Дулу хандын ээлигинде калган. «Худуд ал-алам» боюнча Ила дарыясы Иргадж-арттан башталып Ысык-Көлгө куят деп айтылган. Иле бою байыртадан бери эле Римден (Византия) Чыгыш Түркстан, Кытайга өткөн соода жолунун (кара: Улуу Жибек жолу) өтө маанилүү бутагы болуп саналган. 7–13-кылымдарда Иле мусулман дүйнөсүнүн чеги катары каралган, ал эми анын чыгышындагы аймактар моңголдордун басып алуусунан кийин ислам динине киргизилген. Тимурдун жортуулу тушунда Текес, Теке, Йака деген ат менен эскерилген. М. Кашгари боюнча Иле дарыясы түрк жеринин Жейхуну (Аму-Дарыя) катары эсептелинип, анын жээгинде тухсы, ягма, чигилдер жашаган. Өрөөн көбүнчө жайыт катары пайдаланылган. Иледе жайгашкан шаарлар жөнүндө бир аз маалыматтар бар. Иле өрөөнүнөн 9–13-кылымдарга таандык 66 шаар калдыктары изилденген. Рубрук Иленин түндүгүндө Эквиус деген шаар болгонун жана анда фарсы тилинде сүйлөгөн сарациндер жашаганын эскерген. Армян падышасы Хетум аны Иланбалек, дарыяны Илан-су, ал эми кытайлыктар бул шаарды Или-бали же Илибани, башкача айтканда Илибалык – «Илидеги шаар» деп аташкан. Иленин Балхашка куйган жеринде (Баканас өзөнү) эски арык, курулуштардын урандылары калган. Бирок, анын кайсыл мезгилге тийиштүү экени аныктала элек. Адегенде Чагатай улусунун, кийин бир аз убакыт Моголстан мамлекетинин борбору болгон Алмалык шаары дагы Иле аймагында жайгашкан. 15–16-кылымдарда Иледе кыргыз тарыхына байланышкан маанилүү окуялар болуп өткөн (кыргыздардын моголдорго, Тимурга каршы күрөшү, Манап бийдин өлүмү). 17– 18-кылымдарда Иле өрөөнү толук Жуңгар хандыгынын кол алдында калган. 18-кылымдын экинчи жарымында Эсенкул баатырдын сунушу менен кыргыздар Чүй, Иле жээгине жайгаша баштаган (кара: Кыргыздардын Чүйгө келиши). Ушул мезгилге тийиштүү орус маалыматтарында кыргыз-казактардын чеги «Иле өзөнүнүн Балкашка куйган жерине 100 чакырым жетпей» жана «Иле суусу кыргыздарды Кытай мамлекетинен да, казактардан дагы бөлүп турганы» ырасталат (кара: Кыргыз-казак чек ара маселеси). Дарыянын сол жээги Үч Алматы, Сары-Токум кыштоосу, Челек, Каркыра, Кеген, Текес сарыбагыш жана бугу урууларынын туруктуу жайлоосу болгон. 1847-жылы Капал чебинин тургузулушу менен Россия империясынын басып алуучулук саясаты күчөп, казактын Улуу жүзүнө кирген уруулар Иленин оң жээгине, ал эми ал жердеги кыргыздар акырындык менен Чүй өрөөнүнө жыла баштаган. Натыйжада Иле – Чүй дарыяларын камтыган аймактарда күч-кубаттуу үч чоң өлкө – падышалык Россия, Кокон хандыгы жана Цин империясынын ортолорунда саясий атааңдашдык курчуп чыккан. 1849-жылы Цин императорунун атайын жарлыгы менен Кулжа – Кашкар жолун куруу башталып, аскерлеринин санын көбөйткөн жана өз кол алдымда деп эсептеген Боромбайга княздык наам берип, жылына он жамбы акы чегерген. Иле дарыясынын айланасында мындай саясий жагдайга байланыштуу 1851-жылы декабрь айында Ормон хан (1842–1855) Көлдүн башынан 6000 түтүнгө чамалаш эли менен Түргөн, Талгар суулары аркылуу Кашкелеңден конуш алган. Келер замат орус падышасы (1826–1855) Николай Iге кат жаздырып, Иленин оң жагына казак, сол жээгинде кыргыздарга конуш берилсе, ал жерде тынччылык орнорун билдирген. Бирок, анын бул сунушу кабыл алынган эмес. 1854-жылы 19-майда падыша өкмөтүнүн «Семей (Семипалатинск) облусун түзүү» жөнүндө жобосуна ылайык Иле дарыясынын эки жээгин бириктирген Капал жаңы аскер округу ушул облустун карамагына берген. 1855-жылы 17-январда бугу уруусунун Россия империясынын букаралагына өтүшү менен аймакты каратуу жаңданган. 1856-жылы Аскер министрлигине караштуу «өзгөчө Ала-Тоо округу түзүү» сунушталып, 1856-жылы 3-ноябрда Иле дарыясынын батышын камтыган жаңы, «өзгөчө Ала-Тоо округу» ачылган (кара: Ала-Тоо округу).1854-жылы Иленин оң жээгине Верный чеби (Алматы шаары) курулгандан кийин Цин жана Россия империяларынын мамилеси кескин курчуп, 1871-жылы орус аскери Кулжа шаарына киргизилген. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин 1881-жылы 12 (24)-февралда Петербург шаарында Россия менен Цин өкмөтүнүн ортосундагы Иле аймагынын статусу тууралуу келишим түзүлгөн (кара: Петербург келишими). Ага ылайык Текес өрөөнү менен Музарт ашуусу Кытайга, Текестин батыш жак бир аз бөлүгү Россия империясынын карамагына өткөн жана орус бийлигин каалагандар көчүп кетүүгө уруксат алган. Натыйжада 70 миңге жакын (башка маалыматтарда 107 миң) кыргыз, казак, уйгур, дунган ж. б. Россия аймагына көчүп келип, негизинен Кытай менен чектеш Жети-Суу облусуна [б. а. азыркы Алматы (Казакстан) менен Ысык-Көл облусунун чыгышы] отурукташтырылган.1881-жылы Россия менен Кытайдын ортосунда чек ара маселелери чечилип, келишим түзүлгөн. Натыйжада, Кытайдын карамагында калуудан баш тарткан казактын албан урууларынын 5 миң түтүнү бугу уруусу конуштап жүргөн Кеген жана Текес сууларынын жогорку агымына көчүрүлгөн. Ал эми бугу уруусу Ысык-Көлдүн түштүк тарабына көчүрүлүп, кыргыз менен казактын ортосундагы чек ара Санташ ашуусу аркылуу ажыратылган.
Ад.: Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана, Б., 1996; Андреев И. Г. Описание Средней Орды киргиз-койсаков. А., 1998; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или каракыргызы: Очерки истории и быта населения Западного Тянь- Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001.