ИЛБИРС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЛБИРС</b> (Uncia, uncia) – мышык сымалдар ту­кумундагы сүт эмүүчү. Денесинин | <b type='title'>ИЛБИРС</b> (Uncia, uncia) – мышык сымалдар ту­кумундагы сүт эмүүчү. Денесинин узундугу 103–130 <i>см</i>, куйругунун узундугу 80–103 <i>см</i>, салмагы 75 <i>кг</i>га жетет. Кулагы кичине, тырмагы курч, буту кыска. Жыш жүнү сары-кара темгил тактуу. Кыргызстандын тоолорунда Борбордук Азиянын Теңир-Тоо, Памир, Алай тоолорунун кыркаларында кенен тарал­ган. Аскалуу зоолордо жашайт. Илбирс дабышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Өтө сак жаныбар, ал оңой олтоң көрүнбөйт. Негизинен тоо теке, коён, суур ж. б. м-н азыктанат. Анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу керек. Илбирс кармоочулар чоң­дорун капкан м-н кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышат. | ||
суур ж. б. м-н азыктанат. Анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар | |||
үңкүрлөрдөн алышат. | |||
[[File:ИЛБИРС93.png | thumb | none]] | [[File:ИЛБИРС93.png | thumb | none]] | ||
Илбирстин кууту февраль – март айларында жүрөт. 3–4 жашында жетилет, 95–105 күндөй көтөрүп, аскалардын жапалак арча, бадал м-н капталган үңкүрлөрдө май айын­да 2–3 баласын тууйт, алардын салмагы 350– 400 <i>г</i>га чейин жетет. Бул түрдүн саны жылдан жылга азаюуда, ошондуктан өкмөт тарабы­нан 1959-жылдан тартып корукка алынып, уруксатсыз атууга, кармоого тыюу салынган. 1975-жылдан корукка алынып, ТКЭСтин ж-а Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине кир­гизилген. | |||
март айларында жүрөт. 3–4 жашында жетилет, 95–105 күндөй көтөрүп, аскалардын жапалак арча, бадал м-н капталган үңкүрлөрдө май айын­да 2–3 баласын тууйт, алардын | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:52, 18 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЛБИРС (Uncia, uncia) – мышык сымалдар тукумундагы сүт эмүүчү. Денесинин узундугу 103–130 см, куйругунун узундугу 80–103 см, салмагы 75 кгга жетет. Кулагы кичине, тырмагы курч, буту кыска. Жыш жүнү сары-кара темгил тактуу. Кыргызстандын тоолорунда Борбордук Азиянын Теңир-Тоо, Памир, Алай тоолорунун кыркаларында кенен таралган. Аскалуу зоолордо жашайт. Илбирс дабышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Өтө сак жаныбар, ал оңой олтоң көрүнбөйт. Негизинен тоо теке, коён, суур ж. б. м-н азыктанат. Анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу керек. Илбирс кармоочулар чоңдорун капкан м-н кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышат.

Илбирстин кууту февраль – март айларында жүрөт. 3–4 жашында жетилет, 95–105 күндөй көтөрүп, аскалардын жапалак арча, бадал м-н капталган үңкүрлөрдө май айында 2–3 баласын тууйт, алардын салмагы 350– 400 гга чейин жетет. Бул түрдүн саны жылдан жылга азаюуда, ошондуктан өкмөт тарабынан 1959-жылдан тартып корукка алынып, уруксатсыз атууга, кармоого тыюу салынган. 1975-жылдан корукка алынып, ТКЭСтин ж-а Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине киргизилген.