ЗАМБЕЗИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗАМБЕ́ЗИ</b> – | <b type='title'>ЗАМБЕ́ЗИ</b> – Түштүк Африкадагы дарыя. Замбия, Ангола ж-а Мозамбик өлкөлөрүнүн аймагы ар­кылуу агып өтөт. Узундугу 2660 <i>км</i>, алабынын аян­ты 1330 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Заирдин чек арасына жакын жерде, Лунда платосунан башталып, Инди океа­нынын Мозамбик кысыгына куярда дельтаны пайда кылат. Башатынан Виктория шаркырат­масына чейин (1200 <i>км)</i> түздүк аркылуу, андан ары Мозамбик ойдуңу м-н агат. Босоголуу бөлүгү (Катима, Кебрабаса) 100 <i>км</i>ге созулат, шаркы­ратмалары (Гонье, Виктория ж. б.) бар. Эң ири куймалары – Кафуэ ж-а Луангва, Шире. Ньяса (Малави) көлү Замбезинин алабына карайт. Декабр­дан апрелге чейин кирет. Орточо чыгымы чатын­да 16 миң <i>м</i><sup>3</sup><i>/сек</i>, жылдык агымы 106 <i>км</i><sup>3</sup>. Ба­лык кармалат. Ири ГЭС ж-а Кариба суу сакта­гычы курулган. Босоголордун көптүгү кеме жү­рүүгө кыйынчылык келтирет; негизинен Зам­биянын аймагында гана кеме жүрөт. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:29, 6 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗАМБЕ́ЗИ – Түштүк Африкадагы дарыя. Замбия, Ангола ж-а Мозамбик өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу агып өтөт. Узундугу 2660 км, алабынын аянты 1330 миң км2. Заирдин чек арасына жакын жерде, Лунда платосунан башталып, Инди океанынын Мозамбик кысыгына куярда дельтаны пайда кылат. Башатынан Виктория шаркыратмасына чейин (1200 км) түздүк аркылуу, андан ары Мозамбик ойдуңу м-н агат. Босоголуу бөлүгү (Катима, Кебрабаса) 100 кмге созулат, шаркыратмалары (Гонье, Виктория ж. б.) бар. Эң ири куймалары – Кафуэ ж-а Луангва, Шире. Ньяса (Малави) көлү Замбезинин алабына карайт. Декабрдан апрелге чейин кирет. Орточо чыгымы чатында 16 миң м3/сек, жылдык агымы 106 км3. Балык кармалат. Ири ГЭС ж-а Кариба суу сактагычы курулган. Босоголордун көптүгү кеме жүрүүгө кыйынчылык келтирет; негизинен Замбиянын аймагында гана кеме жүрөт.