ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ</b> Ички Теңир-Тоодо, Жумгал кырка тоосу | <b type='title'>ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ</b> Ички Теңир-Тоодо, Жумгал кырка тоосу менен Түндүк Кабак жана Соң-Көл тоо­лорунун аралыгында жайгашкан. Кызарттын белинен Көкөмерен суусуна чейин 80 <i>км</i> аралык­та созулуп жатат. Туурасы 30 <i>км</i>, таманы де­ңиз деңгээлинен | ||
[[File:ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ87.png | thumb | none]] 1500–2600 <i>м</i> бийикте; батышты карай | [[File:ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ87.png | thumb | none]] 1500–2600 <i>м</i> бийикте; батышты карай өрөөн жапыздайт да (1485 <i>м</i>ге чейин) таманы кеңейип, Кайырма кыштагына жакын 25 <i>км</i>ге же­тет. Чаектен батышты карай өрөөн кайра кууш­тай баштайт (10 <i>км</i>ге чейин). Тоо этегиндеги түзөңдөрдүн туурасы 4–8 <i>км</i> келип, Жумгал суу­сун карай эңкейиштеп (5–7°), суу боюндагы тек­тирлерге өтөт. Жумгал өрөөнүндө палеоген, неоген жана төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тоо тектер жатат. Жумгал өрөөнүнүн тоо капталдарында таш туз, жер астындагы суу, күрөң көмүр (Кара-Кече), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты кескин континенттик. Жайы ысык (30–32°Сге чейин), кышы суук (–30... –35°Сге чейин). Январдын орточо температурасы –16°Сге че­йин. Июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны 250–500 <i>мм</i>. Өрөөндүн айланасындагы тоолор­до мөңгү жана көп жылдык кар өтө аз, ошондук­тан суулары кичи­не. Жумгал өрөөнүнө боз шыбактуу жарым чөл, шыбактуу-бе­тегелүү кургак та­лаа, бетеге, ак кылкандуу талаа, шалбаа жана шал­баалуу талаа, суб­альп жана альп лан­дшафттары мүнөз­дүү. Жарым чөл өрөөндүн Көкөме­ренге туташ жат­кан батыш бөлү­гүндө тараган (шы­бак, терскен, бете­ге, ч и й аралаш өсөт). Кургак талаа жана талаа алкактары 1700–2700 <i>м</i> бийиктеги тоо капталдарына, бөксөлөргө мүнөздүү. 3200–3300 <i>м</i>ге чейин субальп, андан жогору альп шалбаасы тараган. Кара-Кече, Көлмө ж. б. сууларынын өрөөнүндө бир аз ка­рагай токою бар. Жумгал суусунун боюнда тал, терек, чычырканак, жыгач бадалдар өсөт.<br>Өрөөндө мал чарба жана дыйканчылык өнүккөн. Күнгөй беттеринде кар туруксуз болгондуктан, кышкысын мал кыштатылат. Тескей тара­бындагы шалбаа, шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат. Дыйканчылык айрыкча Жумгал суусунун оң өйүзүндө өнүккөн. Мында буудай, арпа, жүгөрү, сулу жана көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, ошондой эле жашылча-жемиш (батыш бөлүгүндө) өстүрүлөт. Айдоо аянтынын көбүн тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Жумгал өрөөнүндө байыркы, орто кылымдагы элдүү пункттардын калдыктары (Кайырма), башка тарыхый эстеликтер бар. | ||
өрөөн жапыздайт да (1485 <i>м</i>ге чейин) таманы кеңейип, Кайырма | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
түзөңдөрдүн туурасы 4–8 <i>км</i> келип, Жумгал суу­сун карай эңкейиштеп (5–7°), суу боюндагы тек­тирлерге өтөт. | |||
чейин). Январдын | |||
чөл, шыбактуу-бе­тегелүү кургак та­ | |||
өрөөндүн Көкөме­ренге туташ жат­кан батыш бөлү­гүндө тараган (шы­бак, терскен, бете­ге, ч и й | |||
өсөт). Кургак талаа | |||
<br>Өрөөндө мал чарба | |||
өсүмдүктөрү, | |||
бөлүгүндө) өстүрүлөт. Айдоо аянтынын көбүн тоют өсүмдүктөрү ээлейт. | |||
08:56, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо, Жумгал кырка тоосу менен Түндүк Кабак жана Соң-Көл тоолорунун аралыгында жайгашкан. Кызарттын белинен Көкөмерен суусуна чейин 80 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 30 км, таманы деңиз деңгээлинен

1500–2600 м бийикте; батышты карай өрөөн жапыздайт да (1485 мге чейин) таманы кеңейип, Кайырма кыштагына жакын 25 кмге жетет. Чаектен батышты карай өрөөн кайра кууштай баштайт (10 кмге чейин). Тоо этегиндеги түзөңдөрдүн туурасы 4–8 км келип, Жумгал суусун карай эңкейиштеп (5–7°), суу боюндагы тектирлерге өтөт. Жумгал өрөөнүндө палеоген, неоген жана төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тоо тектер жатат. Жумгал өрөөнүнүн тоо капталдарында таш туз, жер астындагы суу, күрөң көмүр (Кара-Кече), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты кескин континенттик. Жайы ысык (30–32°Сге чейин), кышы суук (–30... –35°Сге чейин). Январдын орточо температурасы –16°Сге чейин. Июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны 250–500 мм. Өрөөндүн айланасындагы тоолордо мөңгү жана көп жылдык кар өтө аз, ошондуктан суулары кичине. Жумгал өрөөнүнө боз шыбактуу жарым чөл, шыбактуу-бетегелүү кургак талаа, бетеге, ак кылкандуу талаа, шалбаа жана шалбаалуу талаа, субальп жана альп ландшафттары мүнөздүү. Жарым чөл өрөөндүн Көкөмеренге туташ жаткан батыш бөлүгүндө тараган (шыбак, терскен, бетеге, ч и й аралаш өсөт). Кургак талаа жана талаа алкактары 1700–2700 м бийиктеги тоо капталдарына, бөксөлөргө мүнөздүү. 3200–3300 мге чейин субальп, андан жогору альп шалбаасы тараган. Кара-Кече, Көлмө ж. б. сууларынын өрөөнүндө бир аз карагай токою бар. Жумгал суусунун боюнда тал, терек, чычырканак, жыгач бадалдар өсөт.
Өрөөндө мал чарба жана дыйканчылык өнүккөн. Күнгөй беттеринде кар туруксуз болгондуктан, кышкысын мал кыштатылат. Тескей тарабындагы шалбаа, шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат. Дыйканчылык айрыкча Жумгал суусунун оң өйүзүндө өнүккөн. Мында буудай, арпа, жүгөрү, сулу жана көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, ошондой эле жашылча-жемиш (батыш бөлүгүндө) өстүрүлөт. Айдоо аянтынын көбүн тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Жумгал өрөөнүндө байыркы, орто кылымдагы элдүү пункттардын калдыктары (Кайырма), башка тарыхый эстеликтер бар.