ЖУМАГУЛОВ Алымкул: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУМАГУЛОВ</b> Алымкул | <b type='title'>ЖУМАГУЛОВ</b> '''Алымкул''' [1893, [[Россия империясы]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек уезди]], Талкан болуштугу (азыркы [[Чүй облусу]], [[Панфилов району]], Кум-Арык айылы) – 1937, ?)] – партиялык жана мамлекеттик ишмер. Чалдыбар орус­-тузем мектебин, [[Олуя-Ата]] шаарындагы жогорку ­башталгыч окуу жайын бүтүргөн. 1915–1917-жылдарда Олуя-Ата уездинин начальнигине тилмеч жана катчы болуп иштеген. 1917-жылы Олуя-Ата уезд­дик-шаардык депутаттар советинин аткомуна, солчул эсерлер партиясына, 1919-жылы [[Большевиктер|больше­виктер]] фракциясына мүчө болгон. Т. [[Рыскулов|Рыску­лов]], Б. Кашкынбаев ж. б. менен бирге Советтер­дин бүткүл өлкөлүк 8-съездине делегаттыкка шайланган (1919). 1918–1924-жылдарда Олуя-Ата, Пиш­пек уезддик жер бөлүмүнүн башчысы, жер ре­формасы боюнча «өзгөчө тройканын» төрагасы, Олуя-Ата уезддик аткомдун төрагасынын орун басары, 1924-жылы Кокон шаарындагы [[Түркстан]] КП [[Фергана]] облустук комитетинин чарба бөлүмүндө, [[Ташкент|Таш­кент]]теги Бүткүл Россиялык кооперациялык банкта инструктор болуп иштеп, Ж. [[Абдрахманов|Абдрахма­нов]], М. [[Каменский]], Р. Кудайкуловдор менен бирге­лешип, [[Кыргызстан]]дагы алгачкы айыл чарба кооператив­дерин уюштурган. 1924–26-жылдарда [[Кыргыз автономиялуу облусу|Кыргыз автоно­миялуу облусу]]нун дыйканчылык башкармалы­гынын начальниги, начальниктин жардамчы­сы, 1927–37-жылдарда [[Жалал-Абад]] кантондук, [[Ош]] ок­ругдук, [[Талас]] райондук жер бөлүмүнүн башчысы, [[Кызыл-Кыя]] шаардык пахта өндүрүү кооперати­винин башчысы, Кыргызпахтасоюздун төрага­сынын орун басары, Мирзоян райондук аткому­нун иш башкаруучусу болуп иштеген. 1937-жылы Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөсү де­ген жалаа менен камакка алынып, атууга өкүм кылынган. 1957-жылы [[Кыргыз ССРи]]нин [[Фрунзе]] облустук соту тарабынан толук акталган. Ысымы [[Талас району]]нун Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Кара- Ой орто мектебине жана бир көчөгө ыйгарылган. | ||
?) – | |||
Фергана | |||
<i>С. Тоялиев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
02:04, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАГУЛОВ Алымкул [1893, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Талкан болуштугу (азыркы Чүй облусу, Панфилов району, Кум-Арык айылы) – 1937, ?)] – партиялык жана мамлекеттик ишмер. Чалдыбар орус-тузем мектебин, Олуя-Ата шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайын бүтүргөн. 1915–1917-жылдарда Олуя-Ата уездинин начальнигине тилмеч жана катчы болуп иштеген. 1917-жылы Олуя-Ата уезддик-шаардык депутаттар советинин аткомуна, солчул эсерлер партиясына, 1919-жылы большевиктер фракциясына мүчө болгон. Т. Рыскулов, Б. Кашкынбаев ж. б. менен бирге Советтердин бүткүл өлкөлүк 8-съездине делегаттыкка шайланган (1919). 1918–1924-жылдарда Олуя-Ата, Пишпек уезддик жер бөлүмүнүн башчысы, жер реформасы боюнча «өзгөчө тройканын» төрагасы, Олуя-Ата уезддик аткомдун төрагасынын орун басары, 1924-жылы Кокон шаарындагы Түркстан КП Фергана облустук комитетинин чарба бөлүмүндө, Ташкенттеги Бүткүл Россиялык кооперациялык банкта инструктор болуп иштеп, Ж. Абдрахманов, М. Каменский, Р. Кудайкуловдор менен биргелешип, Кыргызстандагы алгачкы айыл чарба кооперативдерин уюштурган. 1924–26-жылдарда Кыргыз автономиялуу облусунун дыйканчылык башкармалыгынын начальниги, начальниктин жардамчысы, 1927–37-жылдарда Жалал-Абад кантондук, Ош округдук, Талас райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Кызыл-Кыя шаардык пахта өндүрүү кооперативинин башчысы, Кыргызпахтасоюздун төрагасынын орун басары, Мирзоян райондук аткомунун иш башкаруучусу болуп иштеген. 1937-жылы Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөсү деген жалаа менен камакка алынып, атууга өкүм кылынган. 1957-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе облустук соту тарабынан толук акталган. Ысымы Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Кара- Ой орто мектебине жана бир көчөгө ыйгарылган.
С. Тоялиев.