ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ</b> Ички Теңир-Тоо­до. Чоң | <b type='title'>ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ</b> Ички Теңир-Тоо­до. Чоң жана Кичи Нарын сууларынын алапта­рын бөлүп, чыгыштан (Ара-Бел суусунун име- | ||
[[File:ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ15.png | thumb | none]] | [[File:ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ15.png | thumb | none]] | ||
рилген жеринен) батышты карай (Ай-Көл ашуу­суна чейин) созулуп жаткан мегантиклиналь. | рилген жеринен) батышты карай (Ай-Көл ашуу­суна чейин) созулуп жаткан мегантиклиналь. Узундугу 102 <i>км</i>, туурасы 12 <i>км</i>. Орточо бийиктиги 4170 <i>м</i>, эң бийик жери 4627 <i>м (Сөөк чокусу</i>). Чыгыш бөлүгү Сөөк деп аталат. Чыгышындагы Ара-Бел жана Жогорку Нарын өрөөндөрүнөн салыштыр­малуу 600–1000 <i>м</i>, батышындагы Буркан жана Арчалы өрөөндөрүнөн 1000–1200 <i>м</i> көтөрүңкү. Тоо бир кылка, оркойгон чокулар жок. Каптал­дары тик жана кыска, тепши сымал өрөөндөр менен терең тилмеленген; өрөөндөрдүн төрлөрүн мөңгү ээлеп, касаба жабык төрлөр менен бүтөт. Байыркы муз каптоонун издери (байыркы түздүктөр, тепши сымал өрөөндөр, мөңгү таш­тар жана башкалар) көп кездешет. Ашуулары (мөңгүнүн таасиринен пайда болгон): Жетим-Бел (3993 <i>м</i>), Сөөк (4022 <i>м</i>), Сары-Төр (4050 <i>м</i>), Кызыл-Суу (3975 <i>м</i>). Негизинен жогорку протерозойдун гра­нит, гранит-диорит, филлит, кумдук, алевро­лит, Сөөк тоосу мраморлошкон, доломиттешкен кристаллдык акиташ тегинен, графиттешкен филлит тектеринен түзүлгөн. Аталган тектердин байыркы катмарлары неоген-төртүнчүлүк мезгил­деринде жогору көтөрүлүп, бийик тоолуу рельеф пайда болгон. Тоо мөңгүлүү, алардын жалпы аянты 84,6 <i>км</i><sup>2 </sup>(чыгышты карай мөңгүнүн аян­ты кеңий баштайт). Тоонун түштүк капталына (3200–3600 <i>м</i>) жарым чөл, кургак талаа (3300–3900 <i>м</i>), альп талаасы (3800–4000 <i>м</i>), 4000 <i>м</i>ден жогору гляциал­дык-нивалдык; түндүк капта­лына шалбаалуу талаа (3700–3900 <i>м</i>), субнивал­дык (3600–3800 <i>м</i>), 4000 <i>м­д</i>ен жогору гляциалдык ­нивалдык ландшафт ал­кактары мүнөздүү. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
кургак талаа (3300–3900 <i>м</i>), альп талаасы (3800–4000 <i>м</i>), 4000 <i>м</i>ден жогору гляциал­дык-нивалдык; | |||
08:57, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
ЖЕТИМ-БЕЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Чоң жана Кичи Нарын сууларынын алаптарын бөлүп, чыгыштан (Ара-Бел суусунун име-

рилген жеринен) батышты карай (Ай-Көл ашуусуна чейин) созулуп жаткан мегантиклиналь. Узундугу 102 км, туурасы 12 км. Орточо бийиктиги 4170 м, эң бийик жери 4627 м (Сөөк чокусу). Чыгыш бөлүгү Сөөк деп аталат. Чыгышындагы Ара-Бел жана Жогорку Нарын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу 600–1000 м, батышындагы Буркан жана Арчалы өрөөндөрүнөн 1000–1200 м көтөрүңкү. Тоо бир кылка, оркойгон чокулар жок. Капталдары тик жана кыска, тепши сымал өрөөндөр менен терең тилмеленген; өрөөндөрдүн төрлөрүн мөңгү ээлеп, касаба жабык төрлөр менен бүтөт. Байыркы муз каптоонун издери (байыркы түздүктөр, тепши сымал өрөөндөр, мөңгү таштар жана башкалар) көп кездешет. Ашуулары (мөңгүнүн таасиринен пайда болгон): Жетим-Бел (3993 м), Сөөк (4022 м), Сары-Төр (4050 м), Кызыл-Суу (3975 м). Негизинен жогорку протерозойдун гранит, гранит-диорит, филлит, кумдук, алевролит, Сөөк тоосу мраморлошкон, доломиттешкен кристаллдык акиташ тегинен, графиттешкен филлит тектеринен түзүлгөн. Аталган тектердин байыркы катмарлары неоген-төртүнчүлүк мезгилдеринде жогору көтөрүлүп, бийик тоолуу рельеф пайда болгон. Тоо мөңгүлүү, алардын жалпы аянты 84,6 км2 (чыгышты карай мөңгүнүн аянты кеңий баштайт). Тоонун түштүк капталына (3200–3600 м) жарым чөл, кургак талаа (3300–3900 м), альп талаасы (3800–4000 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык; түндүк капталына шалбаалуу талаа (3700–3900 м), субнивалдык (3600–3800 м), 4000 мден жогору гляциалдык нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.