ЖЕТИГЕН (уруу): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЕТИГЕН</b> – кыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири. Генеал. ула&shy;мыштар б-ча Ж-дер сол канат уруу бирикмеси&shy;не сырттан келип кирген уруу катары түшүн&shy;дүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары м-н башка эл&shy;ден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандары&shy;нан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калыш&shy;кан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Ж. уруусу ж-дөгү тарыхый булактар маалыматтарга
<b type='title'>ЖЕТИГЕН</b> – [[кыргыздар]]дын сол канат тобунун (кара: [[Куу уул]]) курамындагы сегиз уруунун бири. Генеалогиялык ула&shy;мыштар боюнча Жетигендер сол канат уруу бирикмеси&shy;не сырттан келип кирген кирме уруу катары түшүн&shy;дүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары менен башка эл&shy;ден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандары&shy;нан айрылып, сол канаттагы [[кушчу]] уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калыш&shy;кан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын [[саяк]] уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чакыр/чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Жетиген уруусу жөнүндөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси&shy;не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, [[санжыра]]ларда айтылып жүргөн маалыматтар&shy;га таянып, Жетиген уруусу менен чекир саяктардын ба&shy;йыркы теги бир жерден чыкканын, ошондой эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдер&shy;дин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Жетиген  уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. [[Абрамзон|Абрамзон&shy;]]дун иликтөөлөрү боюнча бул урууга дагы бир «дер&shy;биш» деп аталган урук кирет. 19-кылымдын бирин&shy;чи жарымында канатташ кушчу уруусу менен жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Жетигендер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыр&shy;кы Жетиген уруусу чачкын жайгашкан. Жетигендердин кыбал уругунун тукуму негизинен [[Талас өрөөнү|Талас өрөө&shy;нү]]нүн жогорку аймагын ([[Талас району]]) жана ага чектеш жаткан [[Чүй өрөөнү]]нүн төмөнкү чөлкө&shy;мүн ([[Панфилов району]]) мекендешет. Ал эми кыргый жана дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү [[Сарыбагыш|са&shy;рыбагыш]], [[солто]] урууларынын ичинде болуп, [[Нарын облусу|Нарын облусу&shy;]]нун Нарын, [[Кочкор]], [[Чүй облусу]]нун [[Кемин]], Чүй, [[Сокулук]] райондорунда турушат.
өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси&shy;не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтар&shy;га таянып, Ж. уруусу м-н чекир саяктардын ба&shy;йыркы теги бир жерден чыкканын, о. эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдер&shy;дин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Ж. уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзон&shy;дун иликтөөлөрү б-ча бул урууга дагы бир «дер&shy;биш» деп аталган урук кирет. 19-к-дын бирин&shy;чи жарымында канатташ кушчу уруусу м-н
жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Ж-дер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыр&shy;кы Ж. уруусу чачкын жайгашкан. Ж-дердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөө&shy;нүнүн жогорку аймагын (Талас р-ну) ж-а ага
чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкө&shy;мүн (Панфилов р-ну) мекендешет. Ал эми кыр-


Ад.: Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.


гый ж-а дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү са&shy;рыбагыш, солто арасында болуп, Нарын обл&shy;нун Нарын, Кочкор, Чүй обл-нун Кемин, Чүй, Сокулук р-ндорунда турушат. <i>Р. Жолдошов.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
<i>Р. Жолдошов.</i>
 
[[Категория:3-том, 327-448 бб]]

01:33, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

ЖЕТИГЕНкыргыздардын сол канат тобунун (кара: Куу уул) курамындагы сегиз уруунун бири. Генеалогиялык ула­мыштар боюнча Жетигендер сол канат уруу бирикмеси­не сырттан келип кирген кирме уруу катары түшүн­дүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары менен башка эл­ден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандары­нан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калыш­кан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чакыр/чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Жетиген уруусу жөнүндөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси­не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтар­га таянып, Жетиген уруусу менен чекир саяктардын ба­йыркы теги бир жерден чыкканын, ошондой эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдер­дин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Жетиген уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзон­дун иликтөөлөрү боюнча бул урууга дагы бир «дер­биш» деп аталган урук кирет. 19-кылымдын бирин­чи жарымында канатташ кушчу уруусу менен жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Жетигендер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыр­кы Жетиген уруусу чачкын жайгашкан. Жетигендердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөө­нүнүн жогорку аймагын (Талас району) жана ага чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкө­мүн (Панфилов району) мекендешет. Ал эми кыргый жана дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү са­рыбагыш, солто урууларынын ичинде болуп, Нарын облусу­нун Нарын, Кочкор, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Сокулук райондорунда турушат.

Ад.: Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.

Р. Жолдошов.