ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ</b> – Атлантика океанын­дагы ички деңиз. Евразия | <b type='title'>ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ</b> – Атлантика океанын­дагы ички деңиз. Евразия менен Африканын ара­лыгында жайгашкан. Атлантика океаны менен Гибралтар кысыгы аркылуу туташат. Испания, Франция, Италия, Монако, Мальта, Сербия жана Черногория, Словения, Босния жана Герце­говина, Хорватия, Албания, Грекия, Түркия, Кипр Республикасы, Сирия, Ливан, Палестина, Израиль, Египет, Ливия, Тунис, Алжир, Марок­конун жээктерин чулгап жатат. Кара деңизге Мрамор деңизи, Дарданелл, Босфор кысыкта­ры, Кызыл деңизге Суэц каналы аркылуу тута­шат. Аянты 2,5 млн <i>км</i><sup>2</sup>. Суусунун көлөмү 3839 [[File:ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ11.png | thumb | Липари аралдар тобундагы Вулькано аралы.]] миң <i>км</i><sup>3</sup>. Орточо тереңдиги 1541 <i>м</i>, эң терең жери 5121<i>м</i>. Тоолуу жээктери негизинен абразиялык, түзөңдөлгөн; жапыз жээктери – лагуна-лиман жана дельта, Адриа деңизинин чыгыш жээкте­ри – дальмация тибинде. Ири жарым аралдар жана аралдар менен бөлүнгөн деңиздери: Альборан, Балеар, Лигурия, Тиррен, Адрия, Иония, Эгей, Кипр. Жер ортолук деңиздин алабына, ошондой эле Мрамор, Кара жана Азов деңиздери кирет. Ири булуңдары: Ва­ленсия, Лион, Генуя, Таранто, Сидра (Чоң Сирт), Габес (Кичи Сирт). Ири аралдары: Балеар, Кор­сика, Сардиния, Сицилия, Крит, Кипр. Деңизге Эбро, Рона, По, Нил сыяктуу ири дарыялар куят. Жер ортолук деңиздин таманынын рельефи татаал, анткени ал альп геосинклиналдык тутумунда жайгашкан. Анда тереңдиги 2000–4000 <i>м</i> бол­гон бир нече чуңкурдукка бөлүнөт; материктик капталдары салыштырмалуу тик. Чуңкурдук­тарды жээктей кууш шельф тилкеси созулуп жатат. Шельф Тунис менен Сицилиянын аралы­гында, ошондой эле Адриа деңизинде гана кеңийт. Жер ортолук деңизге кышы нымдуу, жумшак, жайы кур­гакчыл, ысык субтропиктик жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү. Азор антицикло­нунун таасиринен түндүк-батыш шамалы үстөмдүк кылат. Кышында циклондук процесстердин та­асиринен шамал өтө катуу согот. Айрым жери­не төмөнкү жергиликтүү шамалдар мүнөздүү: этезия – түндүктөн соккон туруктуу шамал (деңиздин чы­гыш бөлүгүндө); мистраль – түндүктөн соккон муздак катуу шамал (Лион булуңунда); бора – түндүк-чыгыштан өтө катуу соккон муздак шамал; сирокко – түштүктөн соккон жылуу шамал (де­ңиздин түштүк бөлүгүнө, Эгей жана Адриа деңизде­ринин жээктерине мүнөздүү). Абанын январда­гы орточо температурасы деңиздин түштүк жээктеринде 14–16°Сден түндүгүндө 7–10°Сге чейин, август­та – түндүгүндө 22–24°С, түштүгүндө 25–30°С. Де­ңиз бетинин буулануусу 1250 <i>мм</i> (3130 <i>км</i><sup>3</sup>). Аба­нын нымдуулугу жайында 50–65%тен кышын­да 65–80%ке чейин өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 400 <i>мм</i>дей (1000 <i>км</i><sup>3</sup>дей); ал түндүк-батышында 1100–1300 <i>мм</i>ден түштүк-чыгы­шында 50–100 <i>мм</i>ге чейин; минимуму июль–­августта, максимуму – декабрда байкалат. За­кымдын болушу да мүмкүн, айрыкча Мессина кысыгында көбүрөөк байкалат (фата-моргана де­ген ат менен). Гидрологиялык режиминин калыптануусун­да климаттык фактордун жана Атлантика океа­ны чектеш деңиздер менен суу алмашуусунун маа­ниси зор. Суу алмашуу маалында Жер ортолук деңизге сырттан кирген суу деңиздин үстүңкү, ал эми сыртка чыккан суу астынкы катмары менен агып өтөт. Суусунун кирүү өлчөмү басымдуу бөлүгүндө 0,1–0,5 <i>м</i>ди, ал эми Тунистин чыгыш жээкте­ринде 1,7 <i>м</i>ди түзөт. Деңгээлинин тартылуу-таш­кындоодон өзгөрүүсү зор өлчөмгө жетет (Корси­канын жээктеринде 3,5 <i>м</i>). Кысыктарда өтө ка­туу ташкын-тартылуу агымдары пайда болот. Деңиздин үстүңкү катмарындагы туруктуу үс­түңкү агымдар жээктей агып, циклондук туюк айлампаны пайда кылат. Жер ортолук деңиздин айрым бөлүктөрүндө (батыш четинде, Тиррен, Адрия, Эгей деңиздеринде) өз алдынча циклондук ай­лампалар пайда болот. Бийиктиги 7–8 <i>м</i>ге жет­кен катуу толкундар кышында байкалат. Суу­сунун тунуктугу Сириянын жээктеринде 60 <i>м</i>ге жетет. Деңиздин ачык мейкиндигинде суунун өңү өтө көгүлтүр. Үстүңкү катмардагы суунун температурасы деңиздин чыгыш бөлүгүндө февралда 17°С, августта 27–30°С. Түндүктү жана чыгышты карай суунун температурасы Адрия деңизинде фев­ралда 7°Сге, августта Лион булуңунда 20°Сге чейин төмөндөйт. Туздуулугу батышында 36‰ден, чыгышында 39,5‰ге чейин. Суунун тыгыздыгы 1025тен (Гибралтар кысыгында) 1029га чейин (Эгей деңизинин түштүк-чыгыш бөлүгүндө). Тереңдиктеги суунун температурасы 12,9–13,8°С, туздуулугу 38,37–38,66‰. Балык (сардина, тунец, скумбрия ж. б.) кармалат. Шельфинде (Адрия деңизинин түндүк бөлүгү, Эгей деңизи) нефть жана газ казып алынат. Жер ортолук деңиз аркылуу Европаны Африка, Түштүк жана Чыгыш Азия өлкөлөрү, Австралия, КМШ өлкөлөрүнүн порттору менен байланыштыруучу маанилүү де­ңиз жолу өтөт. Ири порттору: Барселона (Испа­ния), Марсель (Франция), Генуя, Неаполь, Венеция, Триест (Италия), Риека (Хорватия), Пирей жана Салоники (Грекия), Бейрут (Ливан), Александрия, Потр-Саид (Египет), Триполи (Ли­вия), Алжир (Алжир). Франция менен Италияда­гы Көгүлтүр жээктеги (Ривьера), Испаниядагы, Монакодогу, Балеар аралындагы, Балкан жарым аралында­гы өлкөлөрдүн Динара тайпак тоосу жак жээ­гиндеги жана башка курорттору белгилүү. | ||
Ад.: <i>Грацианский А. Н.</i> Природа Средиземноморья. М., 1971; <i>Циргоффер А.</i> Атлантический океан и его моря / Пер. с польск. М., 1975; <i>Богданов Д. В.</i> Регио­нальная физическая география Мирового океана. Л., 1985; <i>Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н.</i> Физическая география материков и океанов. М., 2004. | |||
<i>Ө. Бараталиев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
<i>Ө. Бараталиев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
04:16, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ – Атлантика океанындагы ички деңиз. Евразия менен Африканын аралыгында жайгашкан. Атлантика океаны менен Гибралтар кысыгы аркылуу туташат. Испания, Франция, Италия, Монако, Мальта, Сербия жана Черногория, Словения, Босния жана Герцеговина, Хорватия, Албания, Грекия, Түркия, Кипр Республикасы, Сирия, Ливан, Палестина, Израиль, Египет, Ливия, Тунис, Алжир, Марокконун жээктерин чулгап жатат. Кара деңизге Мрамор деңизи, Дарданелл, Босфор кысыктары, Кызыл деңизге Суэц каналы аркылуу туташат. Аянты 2,5 млн км2. Суусунун көлөмү 3839

миң км3. Орточо тереңдиги 1541 м, эң терең жери 5121м. Тоолуу жээктери негизинен абразиялык, түзөңдөлгөн; жапыз жээктери – лагуна-лиман жана дельта, Адриа деңизинин чыгыш жээктери – дальмация тибинде. Ири жарым аралдар жана аралдар менен бөлүнгөн деңиздери: Альборан, Балеар, Лигурия, Тиррен, Адрия, Иония, Эгей, Кипр. Жер ортолук деңиздин алабына, ошондой эле Мрамор, Кара жана Азов деңиздери кирет. Ири булуңдары: Валенсия, Лион, Генуя, Таранто, Сидра (Чоң Сирт), Габес (Кичи Сирт). Ири аралдары: Балеар, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит, Кипр. Деңизге Эбро, Рона, По, Нил сыяктуу ири дарыялар куят. Жер ортолук деңиздин таманынын рельефи татаал, анткени ал альп геосинклиналдык тутумунда жайгашкан. Анда тереңдиги 2000–4000 м болгон бир нече чуңкурдукка бөлүнөт; материктик капталдары салыштырмалуу тик. Чуңкурдуктарды жээктей кууш шельф тилкеси созулуп жатат. Шельф Тунис менен Сицилиянын аралыгында, ошондой эле Адриа деңизинде гана кеңийт. Жер ортолук деңизге кышы нымдуу, жумшак, жайы кургакчыл, ысык субтропиктик жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү. Азор антициклонунун таасиринен түндүк-батыш шамалы үстөмдүк кылат. Кышында циклондук процесстердин таасиринен шамал өтө катуу согот. Айрым жерине төмөнкү жергиликтүү шамалдар мүнөздүү: этезия – түндүктөн соккон туруктуу шамал (деңиздин чыгыш бөлүгүндө); мистраль – түндүктөн соккон муздак катуу шамал (Лион булуңунда); бора – түндүк-чыгыштан өтө катуу соккон муздак шамал; сирокко – түштүктөн соккон жылуу шамал (деңиздин түштүк бөлүгүнө, Эгей жана Адриа деңиздеринин жээктерине мүнөздүү). Абанын январдагы орточо температурасы деңиздин түштүк жээктеринде 14–16°Сден түндүгүндө 7–10°Сге чейин, августта – түндүгүндө 22–24°С, түштүгүндө 25–30°С. Деңиз бетинин буулануусу 1250 мм (3130 км3). Абанын нымдуулугу жайында 50–65%тен кышында 65–80%ке чейин өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 400 ммдей (1000 км3дей); ал түндүк-батышында 1100–1300 ммден түштүк-чыгышында 50–100 ммге чейин; минимуму июль–августта, максимуму – декабрда байкалат. Закымдын болушу да мүмкүн, айрыкча Мессина кысыгында көбүрөөк байкалат (фата-моргана деген ат менен). Гидрологиялык режиминин калыптануусунда климаттык фактордун жана Атлантика океаны чектеш деңиздер менен суу алмашуусунун мааниси зор. Суу алмашуу маалында Жер ортолук деңизге сырттан кирген суу деңиздин үстүңкү, ал эми сыртка чыккан суу астынкы катмары менен агып өтөт. Суусунун кирүү өлчөмү басымдуу бөлүгүндө 0,1–0,5 мди, ал эми Тунистин чыгыш жээктеринде 1,7 мди түзөт. Деңгээлинин тартылуу-ташкындоодон өзгөрүүсү зор өлчөмгө жетет (Корсиканын жээктеринде 3,5 м). Кысыктарда өтө катуу ташкын-тартылуу агымдары пайда болот. Деңиздин үстүңкү катмарындагы туруктуу үстүңкү агымдар жээктей агып, циклондук туюк айлампаны пайда кылат. Жер ортолук деңиздин айрым бөлүктөрүндө (батыш четинде, Тиррен, Адрия, Эгей деңиздеринде) өз алдынча циклондук айлампалар пайда болот. Бийиктиги 7–8 мге жеткен катуу толкундар кышында байкалат. Суусунун тунуктугу Сириянын жээктеринде 60 мге жетет. Деңиздин ачык мейкиндигинде суунун өңү өтө көгүлтүр. Үстүңкү катмардагы суунун температурасы деңиздин чыгыш бөлүгүндө февралда 17°С, августта 27–30°С. Түндүктү жана чыгышты карай суунун температурасы Адрия деңизинде февралда 7°Сге, августта Лион булуңунда 20°Сге чейин төмөндөйт. Туздуулугу батышында 36‰ден, чыгышында 39,5‰ге чейин. Суунун тыгыздыгы 1025тен (Гибралтар кысыгында) 1029га чейин (Эгей деңизинин түштүк-чыгыш бөлүгүндө). Тереңдиктеги суунун температурасы 12,9–13,8°С, туздуулугу 38,37–38,66‰. Балык (сардина, тунец, скумбрия ж. б.) кармалат. Шельфинде (Адрия деңизинин түндүк бөлүгү, Эгей деңизи) нефть жана газ казып алынат. Жер ортолук деңиз аркылуу Европаны Африка, Түштүк жана Чыгыш Азия өлкөлөрү, Австралия, КМШ өлкөлөрүнүн порттору менен байланыштыруучу маанилүү деңиз жолу өтөт. Ири порттору: Барселона (Испания), Марсель (Франция), Генуя, Неаполь, Венеция, Триест (Италия), Риека (Хорватия), Пирей жана Салоники (Грекия), Бейрут (Ливан), Александрия, Потр-Саид (Египет), Триполи (Ливия), Алжир (Алжир). Франция менен Италиядагы Көгүлтүр жээктеги (Ривьера), Испаниядагы, Монакодогу, Балеар аралындагы, Балкан жарым аралындагы өлкөлөрдүн Динара тайпак тоосу жак жээгиндеги жана башка курорттору белгилүү.
Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Циргоффер А. Атлантический океан и его моря / Пер. с польск. М., 1975; Богданов Д. В. Региональная физическая география Мирового океана. Л., 1985; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.
Ө. Бараталиев.