ЖАДГАЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАДГАЛ</b> , Ж и д г и л – тарыхый топоним, | <b type='title'>ЖАДГАЛ</b> , Ж и д г и л – тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы [[Чаткал өрөөнү]]ндө жай­гашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Жадгал жөнүндөгү негизги маалыматтар [[араб]], [[фарси]] тилдериндеги географиялык адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-жыл) жадгалды өзөн жана [[Фергана]]га караган облус деп белги­лейт. Ибн-Хаукал (10-кылым) боюнча жадгал– облус, анын борбору – Ардланкет. «[[Худуд ал-Алам]]» – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-жылдарда жазыл­ган автору белгисиз ) аттуу китепте жадгал – Фер­гананын тоо арасындагы бир району, анын ча­кан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы менен кой асыралары айты­лат. Кийин, 16-кылымда молдо [[Сайф-аддин Аксыкенти|Сайф-аддин Аксыкен­ти]] тажик тилинде жазган «[[Мажму-ат-таварих|Мажму-ат-та­варих]]» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде жадгалда 3 шаар болгону баса белгиленет. Археологиялык изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-кылымдардагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Жадгал менен Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазы­лышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси адабияттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы менен жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомол­донот. | ||
өзөн | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
«Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек | |||
аралары тууралуу китеп» (982–983- | |||
3 шаар болгону баса белгиленет. | |||
Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазы­лышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси | |||
03:00, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖАДГАЛ , Ж и д г и л – тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы Чаткал өрөөнүндө жайгашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Жадгал жөнүндөгү негизги маалыматтар араб, фарси тилдериндеги географиялык адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-жыл) жадгалды өзөн жана Ферганага караган облус деп белгилейт. Ибн-Хаукал (10-кылым) боюнча жадгал– облус, анын борбору – Ардланкет. «Худуд ал-Алам» – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-жылдарда жазылган автору белгисиз ) аттуу китепте жадгал – Фергананын тоо арасындагы бир району, анын чакан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы менен кой асыралары айтылат. Кийин, 16-кылымда молдо Сайф-аддин Аксыкенти тажик тилинде жазган «Мажму-ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде жадгалда 3 шаар болгону баса белгиленет. Археологиялык изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-кылымдардагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Жадгал менен Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазылышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси адабияттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы менен жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомолдонот.