ЕДИГЕЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ЕДИГЕ́Й , '''И д и г у (1352, кээ бир даректерде
'''ЕДИГЕЙ,''' Идигу (1352, кээ бир даректерде 1360–1419/23) – маңгыт уруусунан чыккан [[Ак Ордо]] эмирлеринин бири. Муин ад-Дин Натанзинин «Мунтахаб ат-таварих-и Муиниди» деген эмгегинде [[Алтын-Ордо]]нун ханы (1380–1395) [[Токтомуш]]тун колунан каза болгон Балтычак бектербеги Едигейнин атасы экени айтылат. Токтомуш хандын кызына үйлөнүп, атасын Ак Ордонун ханы (1372–1374) Орус хан өлтүргөндөн кийин ал 1376-жылы [[Тимур]]дун (1336–1405) кол алдына качып келип, аскер кызматына алынган. 1390-жылдары Тимурдун Алтын Ордого каршы жортуулдарына катышкан. [[Жуучу улусу]] алсырай баштаганда Едигей Едил (Волга) жана Жайык (азыркы Урал) сууларынын аралыгына өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен.  Едигей негиздеген Но­гой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-ж. башкарган) тушунда толук калыптанган. Кутлук-Темир менен бирге Токтомуш ханга кар­шы согуш жүргүзүп, 1399-жылдардан кийин иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз колуна алып, мурдагы Жуучу улусуна караган аймакты акыркы жолу бириктирген. 1406-ж. Батыш [[Сибир]]де Токтомушту өлтүрүп, 1407-ж. Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орус­­тарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмит­ров, Ростов ж. б. шаарларды талкалап, [[Москва]]ны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуу­лардын натыйжасында 1410–1412-ж. кайрадан [[Хо­резм]] тарапка качууга аргасыз болгон. Бирок ал жак­тагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп (1414), Сарайчук шаарына жакын жерде Ток­то­муш­тун уулдары колдуу болуп өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «''Едигей''» эпосунун башкы каарманы. Едигей тууралуу айрым оозеки маалыматтар кыргыз фольклорунда да көп ке­зигет.  
1360–1419/23) – маӊгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. «Мунтахаб ат-тауари­хи Муиниди» деген эмгекте Токтомуш хандын колунан каза болгон Балтычак Едигейдин атасы экени айтылат. 1396-жылдан Едил (Волга), Жа­йык (Урал) суулары аралыгында өз алдынча бий­лик жүргүзүүгө жетишкен. Едигей негиз салган Но­гой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-жылдары башкарган) тушунда толук калыптанган. Кут­лук-Темир м-н бирге ''Токтомуш ханга'' кар­шы согуш жүргүзүп, ал өлгөндөн кийин (1399) иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз ко­луна алып, мурдагы Жучу улусуна караган ай­макты акыркы жолу бириктирген Едигей болгон. 1406-жылы  Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-жылы Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орустарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмитров, Ростов ж. б. шаарларды талкалап, Моск­ваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуу­лардын натыйжасында 1410–12-жылы Хорезмге ка­чууга аргасыз болгон. Бирок ал жактагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп чыгып (1414), Сарайчук шаарына жакын жерде Токтомуштун уул­дары колдуу өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «''Едигей''» эпосунун башкы каарманы. Кыргыз фольклорунда да көп кезигет.  


Ад.: ''Жирмунский В. М.'' Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; ''Трепавлов В. В.'' История Но­гайской Орды. М., 2001; ''Селезнев Ю. В.'' Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Во­ронеж, 2001. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
Ад.: ''Жирмунский В. М.'' Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; ''Трепавлов В. В.'' История Но­гайской Орды. М., 2001; ''Селезнев Ю. В.'' Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Во­ронеж, 2001. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]

04:30, 4 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЕДИГЕЙ, Идигу (1352, кээ бир даректерде 1360–1419/23) – маңгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. Муин ад-Дин Натанзинин «Мунтахаб ат-таварих-и Муиниди» деген эмгегинде Алтын-Ордонун ханы (1380–1395) Токтомуштун колунан каза болгон Балтычак бектербеги Едигейнин атасы экени айтылат. Токтомуш хандын кызына үйлөнүп, атасын Ак Ордонун ханы (1372–1374) Орус хан өлтүргөндөн кийин ал 1376-жылы Тимурдун (1336–1405) кол алдына качып келип, аскер кызматына алынган. 1390-жылдары Тимурдун Алтын Ордого каршы жортуулдарына катышкан. Жуучу улусу алсырай баштаганда Едигей Едил (Волга) жана Жайык (азыркы Урал) сууларынын аралыгына өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен.  Едигей негиздеген Но­гой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-ж. башкарган) тушунда толук калыптанган. Кутлук-Темир менен бирге Токтомуш ханга кар­шы согуш жүргүзүп, 1399-жылдардан кийин иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз колуна алып, мурдагы Жуучу улусуна караган аймакты акыркы жолу бириктирген. 1406-ж. Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-ж. Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орус­­тарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмит­ров, Ростов ж. б. шаарларды талкалап, Москваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуу­лардын натыйжасында 1410–1412-ж. кайрадан Хо­резм тарапка качууга аргасыз болгон. Бирок ал жак­тагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп (1414), Сарайчук шаарына жакын жерде Ток­то­муш­тун уулдары колдуу болуп өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «Едигей» эпосунун башкы каарманы. Едигей тууралуу айрым оозеки маалыматтар кыргыз фольклорунда да көп ке­зигет.

Ад.: Жирмунский В. М. Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; Трепавлов В. В. История Но­гайской Орды. М., 2001; Селезнев Ю. В. Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Во­ронеж, 2001.