ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ''' 6–18-к-да Енисей
'''ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ''' – [[Енисей дарыясы]]нын куймалары жана өрөөндөрү; Минуса ойдуңу, [[Тыва]]дан азыркы [[Красноярск]] шаарына чейинки аймактарды мекендеген түрк тилдүү элдин 6–18-кылымдардагы тарыхый аталышы. Негизинен [[Орхон-Енисей]]деги түрк эстеликтери (кара: [[Күлтегин]]), Тан (618–907) Сун (960–1279) [[династиялар тарыхы]] жана 10–13-кылымдардагы перс(фарси)-араб жазмаларындагы (мис,, «[[Худуд ал-алам]]», [[Гардизи]] ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылат. Бирок, булардан мурун жазылган  [[Сыма Цян]]дын «Тарыхый жазмаларындагы» (Ши цзи) «гэкун» ([[кыргыздар]]) жөнүндөгү эң алгачкы маалымат жана ошол эле династиялар тарыхындагы [[динлиндер]] тууралуу үзүл-кесил кабарларга таянган айрым изилдөөчүлөр (мис., Л. Н. Гумилёв, С. В. Киселёв, Л. Р. Кызласов, В. П. Алексеев ж. б.)  кыргыздар байыртадан бери Енисейди мекендеп келген деген пикирге келген. Бирок акыркы мезгилде жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр (мис., П. П. Азбелев) Сыма Цян белгилеген кыргыз «ээлигин» (өлкө, мамлекет) б. з. V–VII кылымдардагы (кара: [[Батыш Түрк кагандыгы]], [[Улуу Түрк кагандыгы]]) Батыш Сибирге (Минуса аймагы) жайгаштыруу мүмкүн эместигин көрсөттү. Ал аймакта б.з.ч. I миң жылдык жана биздин эранын башында негизинен түрктөр түзгөн татаал административдик иерархия түгүл, жөнөкөй потестардык коомдук түзүлүштүн белгилери болбогонун белгилешет. Башка бир окумуштуулар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. [[Ху­дяков]]) байыркы кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоонун түштүгү же Чыгыш Түркстан аймагын мекендеген де­ген илимий пикирге токтогон.  
д-нын куймаларынын өрөөндөрүн, Минуса ой­дуӊун, Тувадан Красноярск ш-на чейинки ай­мактарды мекендеген. Е. к. деп орхон-енисейде­ги түрк эстеликтеринде (к. ''Күлтегин''), кытай династияларынын (Тан, 618–907; Сун, 960–1279) тарыхында ж-а 10–13-к-дагы фарси-араб жаз­маларындагы (''«Худуд ал-алам», Гардизи'' ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылып калган. У. к. б. з. ч. 3–1-к-дагы кытай булактарында эскерилет. Алардын алгачкы мекени Чыгыш Те-
 
ӊир-Тоонун түш. тарабы же Чыгыш Түркстан
V–VII кылымдарда енисейлик кыргыздар [[жужаңдар]], Түрк жана [[Уйгур кагандыгы]]на көз каранды абалда турушкан. 682-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга каршы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирикмеси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, [[Тан династиясы]]). Түрк каганы [[Капаган]] (кытайча Мочжо) [[Барсбек]]ти кыргыздардын каганы деп таанып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн [[Билге каган]] (Могилян) 709-ж. адегенде кыргыздардын союздашы аз жана чик уруктарын кыйратып, 710–11-жылдын кыш айында түрк аскер башчылары Тоңйукук, Күлтегиндер менен бирге капысынан кыргыздарга кол салган.
аймагы болгон деген ил. пикирлер бар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. Худяков). Бул мезгил­дерде (552) Е. к. өз алдынча мамлекет түзүүгө жетишип, кээ бир учурларда Кытай империясы же Түрк кагандыгы м-н теӊтайлашып турган (к. ''Кыргыздар''). 682-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга кар­шы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирик­меси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, Тан ди­настиясы). Түрк каганы ''Капаган'' (кытайча Моч­жо) ''Барсбекти'' кыргыздардын каганы деп таа­нып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн ''Билге каган'' (Моги-


[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ44.png | thumb | Енисейлик кыргыз ак сөөк жоокердин көрүстөнүнөн табылган шарап куюлуучу алтын кумура.]]
[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ44.png | thumb | Енисейлик кыргыз ак сөөк жоокердин көрүстөнүнөн табылган шарап куюлуучу алтын кумура.]]
лян) 709-ж. адегенде кыргыздардын союздашы аз ж-а чик уруктарын кыйратып, 710–11-жыл­дын кыш айында түрк аскер башчылары Тоӊй­укук, Күлтегиндер м-н бирге кыргыздардын
Сунга чер токоюндагы согушта Барсбек өлүп, түрктөрдөн жеңилгенине кара­бай, Енисей кыргыздары өз алдынчалыгынан ажыраган эмес. Күлтегин өлгөндө (732), сөөк көмүү зыйнатына кыргыз каганынын атынан Чур Тардуш Инанчу келген. Бирок, тынымсыз согуштардан алсыраган кыргыздар Чыгыш Түрк кагандыгы кулаганга чейин (745) [[Борбордук Азия]]да болуп жаткан саясий иштерге катыша албай калган. Экинчи Түрк мамлекетинин кулашы менен Моюн-чур (Байан-чор) башында турган Уйгур кагандыгы күч алып, кошуна элдерге коркунуч келтире баштаган. 751-ж. уйгур каганынын экспанциясына каршы кыргыз, чик, [[огуз]], [[карлук]]тар биригишип, катуу каршылык көрсөтүшкөн. 758-жылдан кийин уйгурлар кыргыздарды катуу талкалады деген кабар бар. Бул ушул жылдан баштап кыргыз элчилеринин [[Кытай]]га каттабай калышы менен түшүндүрүлөт. Ошондой болсо дагы кыргыз каганы уйгурлардан өз алдынча наам алып (кытайча Пицьсйе Тунгйе Гинь), толук көз каранды болушкан эмес. 795-ж. Уйгур кагандыгында бийлик алмашуусуна байланыштуу кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып, бирок жаңы шайланган уйгур каганы Кутлуг (эдиз уругунан) тарабынан жеңилүүгө учурашкан. Кыргыз каганы каган наамынан убактылуу ажырап, ажо аталып калган. Уйгур кагандыгындагы 820-жылдарда башталган терең саясий-экономикалык кризиске байланыштуу кыргыздар менен уйгурлардын ортосунда 20 жылга созулган согуш жүр­гөн. 840-ж. уйгурлардын аскер башчысы Гюй-лу Мохэнин кыргыздарга өтүшү менен 100 миң кыр­гыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алып, аны кыйраткан. Катуу кыргынга учураган уйгурлар туш тарапка чачырап кетишет. Мындан кийин Борбордук Азиянын көп­чүлүк аймактарында «улуу кыргыз мамлекетинин» доору өкүм сүрүп, кыргыз мамлекетинин согуш өнөрүнүн жана маданиятынын өнүгүшү менен кош­толгон. Кыргыз маданиятына ти­йиштүү эстеликтер Минуса ойдуңунан тышкары бүткүл Борбордук Азия­нын талааларына кеңири таралган. Бирок, бул мезгил анча узакка созулган эмес. 924-ж. [[кара кытайлар]]дын кысымына байланыштуу кыргыздар Моңголиядан сүрүлүп, бир бөлүгү Енисейге көчкөн.
өзүнө капысынан кол салган. Сунга чер токо­юндагы согушта Барсбек өлүп, түрктөрдөн же-
ӊилгенине карабай, Е. к. өз алдынчалыгын сак­тап калышкан (732-ж. Күлтегин өлгөндө кыр­гыз каганынын атынан Чур Тардуш Инанчу келген). Бирок, бул согуштан алсыраган кыр­гыздар Чыгыш Түрк кагандыгы кулаганга чей­ин (745) Борб. Азиядагы саясий иштерге каты­ша алган эмес. Экинчи Түрк мамлекетинин ку­лашы м-н Моюн-чур (Байан-чор) башында тур­ган Уйгур кагандыгы күч алып, кошуна элдерге коркунуч келтире баштаган. 751-ж. уйгур кага­нынын экспанциясына каршы кыргыз, чик, огуз, карлуктар биригишип, катуу каршылык көрсөтүшкөн. 758-жылдан кийин уйгурлар кыр­гыздарды катуу талкалады деген кабар бар. Бул


[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ45.png | thumb | Байыркы кыргыз маданиятына тиешелүү буюмдар. Минусинск музейи. Хакасия.]]
[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ45.png | thumb | Байыркы кыргыз маданиятына тиешелүү буюмдар. Минусинск музейи. Хакасия.]]
ушул жылдан баштап кыргыз элчилеринин Кы­тайга каттабай калышы м-н түшүндүрүлөт. Ошондой болсо дагы кыргыз каганы уйгурлар­дан өз алдынча наам алып (кытайча Пицьсйе Тунгйе Гинь), толук көз каранды болушкан эмес. 795-ж. Уйгур кагандыгында бийлик алмашуу­суна байланыштуу кыргыздар көтөрүлүшкө
чыгып, бирок жаӊы шайланган уйгур каганы
Кутлуг (эдиз уругунан) тарабынан жеӊилүүгө учурашкан. Кыргыз каганы каган наамынан убактылуу ажырап, ''ажо'' аталып калган. Уйгур кагандыгындагы 820-жылдарда башталган тереӊ саясий-экон. кризиске байланыштуу кыр­гыздар м-н уйгурлардын ортосунда 20 жылга созулган согуш жүргөн. 840-ж. уйгурлардын ас­кер башчысы Гюй-лу Мохэнин кыргыздарга
өтүшү м-н 100 миӊ кыргыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алып, аны кый­раткан. Катуу кыргынга учураган уйгурлар туш тарапка чачырап кетишет. Мындан кийин Борб. Азиянын көпчүлүк аймактарында «улуу кыр­гыз мамлекетинин» доору өкүм сүрүп, кыргыз мамлекетинин согуш өнөрүнүн ж-а мад-тынын
өнүгүшү м-н коштолгон. Кыргыз мад-тына ти-




Буга карабай кыргыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калган. [[Жувейни]] боюнча кара кытайлар 1121–24-ж. кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-кылымдын башында Енисей кыргыздары моңголдорго көз ка­ранды абалда болуп,


[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ46.png | thumb | Байыркы кыргыз көрүстөнүнүн көрүнүшү (макет). Минусинск музейи. Хакасия.]]
1218-ж. башка уруулар (тумат, байлук) менен бирдикте аларга каршы кү­рөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыздыгына байланыштуу [[Жуучу]]га багынып беришкен. 1254-ж. моңголдордун бийлигин кулатууга аракет жасашканда, Муңке хан аларга каршы 20 000 кишиден турган аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моңголдорго толук баш ийип (1270), алардын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай адамы да­йын­далган. Юан империясынын (1271–1368) тушунда Енисейлик кыргыздар майдаланып, топторго бөлүнүүгө дуушар болуп, айрымдары Жуңгария, Моңголия, Манжурия (кара: [[Сибирь кыргыздары]], [[Фуюй кыргыздары]]), Кытайга көчүрүлгөн.
йиштүү эстеликтер Минуса ойдуӊунан тышка­ры бүткүл Борб. Азиянын талааларына кеӊири таралган. Бирок, бул мезгил анча узакка созул­ган эмес. 924-ж. кара кытайлардын кысымына байланыштуу кыргыздар Моӊголиядан сүрүлүп, бир бөлүгү Енисейге көчкөн. Буга карабай кыр­гыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калыш­кан. ''Жувейни'' б-ча кара кытайлар 1121–24-ж. кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-к-дын башында Е. к. моӊголдор­го көз каранды абалда болуп, 1218-ж. башка уруулар (тумат, байлук) м-н бирдикте аларга кар­шы күрөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыз­дыгына байланыштуу ''Жучуга'' багынып беришкен. 1254-ж. моӊголдордун бийлигин кулатууга ара­кет жасашканда, Муӊке хан аларга каршы 20 000 киши аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моӊголдорго толук баш ийип (1270), алар­дын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай ада­мы дайындалган.  


Ад.: ''Абрамзон С. М.'' Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; ''Аристов Н. А.'' Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; ''Бартольд В. В.'' Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; ''Бернштам А. Н.'' Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1998. Т. 2; Восточные авторы о кыргызах. Б., 1994; ''Караев Ө.'' К вопросу о передвижении кир­гизов на Тянь-Шань и ассимляции ими местных племён в XIII–XV вв. // Советская этнография. 1966, ¹ 4; ''Худяков Ю. С.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1, 2. Б., 2002. ''Т. Асанов, Э. Турганбаев''. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ46.png | thumb | Байыркы кыргыз көрүстөнүнүн көрүнүшү (макет). Минусинск музейи. Хакасия.]]  


Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1998. Т. 2; Восточные авторы о кыргызах. Б., 1994; Караев Ө. К вопросу о передвижении кир­гизов на Тянь-Шань и ассимляции ими местных племён в XIII–XV вв. // Советская этнография. 1966, № 4; ''Ху­дяков Ю. С.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Ма­териалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана. Т. 1, 2. Б., 2002. 
[[Категория:3-том, 172-214 бб]]

02:27, 7 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫЕнисей дарыясынын куймалары жана өрөөндөрү; Минуса ойдуңу, Тывадан азыркы Красноярск шаарына чейинки аймактарды мекендеген түрк тилдүү элдин 6–18-кылымдардагы тарыхый аталышы. Негизинен Орхон-Енисейдеги түрк эстеликтери (кара: Күлтегин), Тан (618–907) Сун (960–1279) династиялар тарыхы жана 10–13-кылымдардагы перс(фарси)-араб жазмаларындагы (мис,, «Худуд ал-алам», Гардизи ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылат. Бирок, булардан мурун жазылган  Сыма Цяндын «Тарыхый жазмаларындагы» (Ши цзи) «гэкун» (кыргыздар) жөнүндөгү эң алгачкы маалымат жана ошол эле династиялар тарыхындагы динлиндер тууралуу үзүл-кесил кабарларга таянган айрым изилдөөчүлөр (мис., Л. Н. Гумилёв, С. В. Киселёв, Л. Р. Кызласов, В. П. Алексеев ж. б.) кыргыздар байыртадан бери Енисейди мекендеп келген деген пикирге келген. Бирок акыркы мезгилде жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр (мис., П. П. Азбелев) Сыма Цян белгилеген кыргыз «ээлигин» (өлкө, мамлекет) б. з. V–VII кылымдардагы (кара: Батыш Түрк кагандыгы, Улуу Түрк кагандыгы) Батыш Сибирге (Минуса аймагы) жайгаштыруу мүмкүн эместигин көрсөттү. Ал аймакта б.з.ч. I миң жылдык жана биздин эранын башында негизинен түрктөр түзгөн татаал административдик иерархия түгүл, жөнөкөй потестардык коомдук түзүлүштүн белгилери болбогонун белгилешет. Башка бир окумуштуулар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. Ху­дяков) байыркы кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоонун түштүгү же Чыгыш Түркстан аймагын мекендеген де­ген илимий пикирге токтогон.

V–VII кылымдарда енисейлик кыргыздар жужаңдар, Түрк жана Уйгур кагандыгына көз каранды абалда турушкан. 682-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга каршы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирикмеси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, Тан династиясы). Түрк каганы Капаган (кытайча Мочжо) Барсбекти кыргыздардын каганы деп таанып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн Билге каган (Могилян) 709-ж. адегенде кыргыздардын союздашы аз жана чик уруктарын кыйратып, 710–11-жылдын кыш айында түрк аскер башчылары Тоңйукук, Күлтегиндер менен бирге капысынан кыргыздарга кол салган.

Енисейлик кыргыз ак сөөк жоокердин көрүстөнүнөн табылган шарап куюлуучу алтын кумура.

Сунга чер токоюндагы согушта Барсбек өлүп, түрктөрдөн жеңилгенине кара­бай, Енисей кыргыздары өз алдынчалыгынан ажыраган эмес. Күлтегин өлгөндө (732), сөөк көмүү зыйнатына кыргыз каганынын атынан Чур Тардуш Инанчу келген. Бирок, тынымсыз согуштардан алсыраган кыргыздар Чыгыш Түрк кагандыгы кулаганга чейин (745) Борбордук Азияда болуп жаткан саясий иштерге катыша албай калган. Экинчи Түрк мамлекетинин кулашы менен Моюн-чур (Байан-чор) башында турган Уйгур кагандыгы күч алып, кошуна элдерге коркунуч келтире баштаган. 751-ж. уйгур каганынын экспанциясына каршы кыргыз, чик, огуз, карлуктар биригишип, катуу каршылык көрсөтүшкөн. 758-жылдан кийин уйгурлар кыргыздарды катуу талкалады деген кабар бар. Бул ушул жылдан баштап кыргыз элчилеринин Кытайга каттабай калышы менен түшүндүрүлөт. Ошондой болсо дагы кыргыз каганы уйгурлардан өз алдынча наам алып (кытайча Пицьсйе Тунгйе Гинь), толук көз каранды болушкан эмес. 795-ж. Уйгур кагандыгында бийлик алмашуусуна байланыштуу кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып, бирок жаңы шайланган уйгур каганы Кутлуг (эдиз уругунан) тарабынан жеңилүүгө учурашкан. Кыргыз каганы каган наамынан убактылуу ажырап, ажо аталып калган. Уйгур кагандыгындагы 820-жылдарда башталган терең саясий-экономикалык кризиске байланыштуу кыргыздар менен уйгурлардын ортосунда 20 жылга созулган согуш жүр­гөн. 840-ж. уйгурлардын аскер башчысы Гюй-лу Мохэнин кыргыздарга өтүшү менен 100 миң кыр­гыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алып, аны кыйраткан. Катуу кыргынга учураган уйгурлар туш тарапка чачырап кетишет. Мындан кийин Борбордук Азиянын көп­чүлүк аймактарында «улуу кыргыз мамлекетинин» доору өкүм сүрүп, кыргыз мамлекетинин согуш өнөрүнүн жана маданиятынын өнүгүшү менен кош­толгон. Кыргыз маданиятына ти­йиштүү эстеликтер Минуса ойдуңунан тышкары бүткүл Борбордук Азия­нын талааларына кеңири таралган. Бирок, бул мезгил анча узакка созулган эмес. 924-ж. кара кытайлардын кысымына байланыштуу кыргыздар Моңголиядан сүрүлүп, бир бөлүгү Енисейге көчкөн.

Байыркы кыргыз маданиятына тиешелүү буюмдар. Минусинск музейи. Хакасия.


Буга карабай кыргыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калган. Жувейни боюнча кара кытайлар 1121–24-ж. кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-кылымдын башында Енисей кыргыздары моңголдорго көз ка­ранды абалда болуп,

1218-ж. башка уруулар (тумат, байлук) менен бирдикте аларга каршы кү­рөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыздыгына байланыштуу Жуучуга багынып беришкен. 1254-ж. моңголдордун бийлигин кулатууга аракет жасашканда, Муңке хан аларга каршы 20 000 кишиден турган аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моңголдорго толук баш ийип (1270), алардын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай адамы да­йын­далган. Юан империясынын (1271–1368) тушунда Енисейлик кыргыздар майдаланып, топторго бөлүнүүгө дуушар болуп, айрымдары Жуңгария, Моңголия, Манжурия (кара: Сибирь кыргыздары, Фуюй кыргыздары), Кытайга көчүрүлгөн.

Байыркы кыргыз көрүстөнүнүн көрүнүшү (макет). Минусинск музейи. Хакасия.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1998. Т. 2; Восточные авторы о кыргызах. Б., 1994; Караев Ө. К вопросу о передвижении кир­гизов на Тянь-Шань и ассимляции ими местных племён в XIII–XV вв. // Советская этнография. 1966, № 4; Ху­дяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Ма­териалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана. Т. 1, 2. Б., 2002.