ЕНИСЕЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕНИСЕ́Й , '''(эвенкиче Иоанеси, сөзмө сөз – чоӊ | '''ЕНИСЕ́Й , '''(эвенкиче Иоанеси, сөзмө сөз – чоӊ суу, дарыя маанисинде) – Азиядагы суусу мол эӊ ири дарыялардын бири. Россиянын Красно­яр крайында, жогорку агымы Тувада. Негизи­нен Батыш жана Чыгыш Сибирди бөлүп, түндүктү карай агат да, Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊуна куят. Чоӊ Енисей (Бий-Хем) менен Кичи Енисейдин (Ка-Хем) кошулушунан түзүлөт. Узундугу 3487 ''км'' (Кичи Енисейдин башталышынан 4102 ''км'', Чоӊ Ени­сейдин башталышынан 4092 ''км''), алабынын аян­ты 2580 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Тува ойдуӊу аркылуу аккан бөлүгүндө Жогорку Енисей (Улуг-Хем) деп аталат. Батыш жана Чыгыш Саяндан өткөндөн кийин Батыш Сибирь түздүгү менен Орто Сибирь бөксө тоосунун чек арасы боюнча агат. Енисей токол тоо­сунун тармактарында Казачье жана Осина босо­голорун пайда кылат. Төмөнкү агымында салаа­ларга бөлүнүп, нугунун жазылыгы 15–20 ''км''ге жетет, тереӊдиги 15 ''м''ден кем эмес. Енисей негизи­нен кардын эриген суусунан (83%) куралат; куралышындагы жамгыр суусунун үлүшү 8%, жер астындагы суунуку 9%. Негизги куймала­ры: Туба, Кан, Ангара, Таштуу Тунгуска, Төмөнкү Тунгуска, Курейка, Хантайка (оӊ куй­малары); Хемчик, Абакан, Турухан, Кичи жана Чоӊ Хета, Танама (сол куймалары) ж. б. Суусу­нун көп жылдык орточо чыгымы Игарка шаары туш­та 18 500 ''м''<sup>3</sup>/''сек'', эӊ көбү 132 000 ''м''<sup>3</sup>/''сек'', эӊ азы 5210 ''м''<sup>3</sup>/''сек.'' Агымынын жылдык орточо көлөмү 584 ''км''<sup>3</sup>, Енисей булуӊуна куярда 625 ''км''<sup>3</sup>. Енисейдин көп бөлүгүндө жазында суусу кирип, жайында ташкындайт; жогорку агымында жаз, жай мез­гилдеринде кирет. Жайкы межень август – ок­тябрга, кышкысы ноябрь – апрелге туура ке­лет. Октябрь – ноябрдан майдын аягы – июн­дун башына чейин муз каптап жатат. Дарыя суусунун режимин теске салууда Енисейде жана анын куймаларында курулган Саян-Шушь, Краснояр (Енисейдин өзүндө), Иркут, Братск, Усть-Илим (Ан­гарада), Хантай, Курейка сыяктуу ГЭСтердин, суу сактагычтардын мааниси зор. Саяногорск | ||
суу, дарыя маанисинде) – Азиядагы суусу мол эӊ ири дарыялардын бири. Россиянын Красно­яр крайында, жогорку агымы Тувада. Негизи­нен Батыш | |||
Чоӊ Хета, Танама (сол куймалары) ж. б. Суусу­нун көп жылдык | |||
[[File:ЕНИСЕЙ42.png | thumb | Енисей | [[File:ЕНИСЕЙ42.png | thumb | Енисей дарыясынын жогорку агымы. Тува.]] шаарынан баштап кеме туруктуу каттайт. Кемелер­ди төмөнкү бьефтен Краснояр суу сактагычына | ||
өткөрүү | өткөрүү жана андан кайра жөнөтүү үчүн кеме көтөргүч курулган. Деӊиз кемелери Игаркага чейин бара алат. Енисейдин жээгинде Шушь Токою улуттук паркы, Саян-Шушь, Столбы корукта­ры бар. Боюндагы ири шаарлары, порттору: Кы­зыл, Саяногорск, Минусинск, Абакан, Дивно­горск, Красноярск, Лесосибирск, Енисейск, Игар­ка, Дудинка. Енисейдин жогорку агымында – Мину­са ойдуӊунда кыргыздар жашагандыгы алгач биздин заманга чейин 3–1-кылымдардагы Кытай булактарында эскери­лет, к. ''Енисей кыргыздары'' макаласын. | ||
чейин бара алат. | |||
Ад.: ''Антонов В. С.'' Енисей. Гидролого-навигацион­ный очерк. Л., 1962; ''Михайлов В. Н.'' Исследования водного и руслового режимов устьевой области Енисея | Ад.: ''Антонов В. С.'' Енисей. Гидролого-навигацион­ный очерк. Л., 1962; ''Михайлов В. Н.'' Исследования водного и руслового режимов устьевой области Енисея // Географические аспекты исследований и исполь­зование водных ресурсов в СССР. М., 1982; ''Вуглин­ский В. С.'' Водные ресурсы и водный баланс крупных водохранилищ СССР. Л., 1991. | ||
// Географические аспекты исследований и исполь­зование водных ресурсов в СССР. М., 1982; ''Вуглин­ский В. С.'' Водные ресурсы и водный баланс крупных водохранилищ СССР. Л., 1991. | |||
''Ө. Бараталиев.'' | |||
[[Категория:3-том, 172-214 бб]] | |||
04:21, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ЕНИСЕ́Й , (эвенкиче Иоанеси, сөзмө сөз – чоӊ суу, дарыя маанисинде) – Азиядагы суусу мол эӊ ири дарыялардын бири. Россиянын Краснояр крайында, жогорку агымы Тувада. Негизинен Батыш жана Чыгыш Сибирди бөлүп, түндүктү карай агат да, Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊуна куят. Чоӊ Енисей (Бий-Хем) менен Кичи Енисейдин (Ка-Хем) кошулушунан түзүлөт. Узундугу 3487 км (Кичи Енисейдин башталышынан 4102 км, Чоӊ Енисейдин башталышынан 4092 км), алабынын аянты 2580 миӊ км2. Тува ойдуӊу аркылуу аккан бөлүгүндө Жогорку Енисей (Улуг-Хем) деп аталат. Батыш жана Чыгыш Саяндан өткөндөн кийин Батыш Сибирь түздүгү менен Орто Сибирь бөксө тоосунун чек арасы боюнча агат. Енисей токол тоосунун тармактарында Казачье жана Осина босоголорун пайда кылат. Төмөнкү агымында салааларга бөлүнүп, нугунун жазылыгы 15–20 кмге жетет, тереӊдиги 15 мден кем эмес. Енисей негизинен кардын эриген суусунан (83%) куралат; куралышындагы жамгыр суусунун үлүшү 8%, жер астындагы суунуку 9%. Негизги куймалары: Туба, Кан, Ангара, Таштуу Тунгуска, Төмөнкү Тунгуска, Курейка, Хантайка (оӊ куймалары); Хемчик, Абакан, Турухан, Кичи жана Чоӊ Хета, Танама (сол куймалары) ж. б. Суусунун көп жылдык орточо чыгымы Игарка шаары тушта 18 500 м3/сек, эӊ көбү 132 000 м3/сек, эӊ азы 5210 м3/сек. Агымынын жылдык орточо көлөмү 584 км3, Енисей булуӊуна куярда 625 км3. Енисейдин көп бөлүгүндө жазында суусу кирип, жайында ташкындайт; жогорку агымында жаз, жай мезгилдеринде кирет. Жайкы межень август – октябрга, кышкысы ноябрь – апрелге туура келет. Октябрь – ноябрдан майдын аягы – июндун башына чейин муз каптап жатат. Дарыя суусунун режимин теске салууда Енисейде жана анын куймаларында курулган Саян-Шушь, Краснояр (Енисейдин өзүндө), Иркут, Братск, Усть-Илим (Ангарада), Хантай, Курейка сыяктуу ГЭСтердин, суу сактагычтардын мааниси зор. Саяногорск

шаарынан баштап кеме туруктуу каттайт. Кемелерди төмөнкү бьефтен Краснояр суу сактагычына
өткөрүү жана андан кайра жөнөтүү үчүн кеме көтөргүч курулган. Деӊиз кемелери Игаркага чейин бара алат. Енисейдин жээгинде Шушь Токою улуттук паркы, Саян-Шушь, Столбы коруктары бар. Боюндагы ири шаарлары, порттору: Кызыл, Саяногорск, Минусинск, Абакан, Дивногорск, Красноярск, Лесосибирск, Енисейск, Игарка, Дудинка. Енисейдин жогорку агымында – Минуса ойдуӊунда кыргыздар жашагандыгы алгач биздин заманга чейин 3–1-кылымдардагы Кытай булактарында эскерилет, к. Енисей кыргыздары макаласын.
Ад.: Антонов В. С. Енисей. Гидролого-навигационный очерк. Л., 1962; Михайлов В. Н. Исследования водного и руслового режимов устьевой области Енисея // Географические аспекты исследований и использование водных ресурсов в СССР. М., 1982; Вуглинский В. С. Водные ресурсы и водный баланс крупных водохранилищ СССР. Л., 1991.
Ө. Бараталиев.