ЕНИСЕЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ЕНИСЕ́Й , '''(эвенкиче Иоанеси, сөзмө сөз – чоӊ
'''ЕНИСЕ&#769;Й , '''(эвенкиче Иоанеси, сөзмө сөз – чоӊ суу, дарыя маанисинде) – Азиядагы суусу мол эӊ ири дарыялардын бири. Россиянын Красно&shy;яр крайында, жогорку агымы Тувада. Негизи&shy;нен Батыш жана Чыгыш Сибирди бөлүп, түндүктү карай агат да, Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊуна куят. Чоӊ Енисей (Бий-Хем) менен Кичи Енисейдин (Ка-Хем) кошулушунан түзүлөт. Узундугу 3487 ''км'' (Кичи Енисейдин башталышынан 4102 ''км'', Чоӊ Ени&shy;сейдин башталышынан 4092 ''км''), алабынын аян&shy;ты 2580 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Тува ойдуӊу аркылуу аккан бөлүгүндө Жогорку Енисей  (Улуг-Хем) деп аталат. Батыш жана Чыгыш Саяндан өткөндөн кийин Батыш Сибирь түздүгү менен Орто Сибирь бөксө тоосунун чек арасы боюнча агат. Енисей токол тоо&shy;сунун тармактарында Казачье жана Осина босо&shy;голорун пайда кылат. Төмөнкү агымында салаа&shy;ларга бөлүнүп, нугунун жазылыгы 15–20 ''км''ге жетет, тереӊдиги 15 ''м''ден кем эмес. Енисей негизи&shy;нен кардын эриген суусунан (83%) куралат; куралышындагы жамгыр суусунун үлүшү 8%, жер астындагы суунуку 9%. Негизги куймала&shy;ры: Туба, Кан, Ангара, Таштуу Тунгуска, Төмөнкү Тунгуска, Курейка, Хантайка (оӊ куй&shy;малары); Хемчик, Абакан, Турухан, Кичи жана Чоӊ Хета, Танама (сол куймалары) ж. б. Суусу&shy;нун көп жылдык орточо чыгымы Игарка шаары туш&shy;та 18 500 ''м''<sup>3</sup>/''сек'', эӊ көбү 132 000 ''м''<sup>3</sup>/''сек'', эӊ азы 5210 ''м''<sup>3</sup>/''сек.'' Агымынын жылдык орточо көлөмү 584 ''км''<sup>3</sup>, Енисей булуӊуна куярда 625 ''км''<sup>3</sup>. Енисейдин көп бөлүгүндө жазында суусу кирип, жайында ташкындайт; жогорку агымында жаз, жай мез&shy;гилдеринде кирет. Жайкы межень август – ок&shy;тябрга, кышкысы ноябрь – апрелге туура ке&shy;лет. Октябрь – ноябрдан майдын аягы – июн&shy;дун башына чейин муз каптап жатат. Дарыя суусунун режимин теске салууда Енисейде жана анын куймаларында курулган Саян-Шушь, Краснояр (Енисейдин өзүндө), Иркут, Братск, Усть-Илим (Ан&shy;гарада), Хантай, Курейка сыяктуу ГЭСтердин, суу сактагычтардын мааниси зор. Саяногорск  
суу, дарыя маанисинде) – Азиядагы суусу мол эӊ ири дарыялардын бири. Россиянын Красно&shy;яр крайында, жогорку агымы Тувада. Негизи&shy;нен Батыш ж-а Чыгыш Сибирди бөлүп, түндүктү карай агат да, Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊуна куят. Чоӊ Е. (Бий-Хем) м-н Кичи Е-дин (Ка-Хем) кошулушунан түзүлөт. Уз. 3487 ''км'' (Кичи Е-дин башталышынан 4102 ''км'', Чоӊ Ени&shy;сейдин башталышынан 4092 ''км''), алабынын аян&shy;ты 2580 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Тува ойдуӊу аркылуу аккан бөлүгүндө Жогорку Е. (Улуг-Хем) деп аталат. Батыш ж-а Чыгыш Саяндан өткөндөн кийин Батыш Сибирь түздүгү м-н Орто Сибирь бөксө тоосунун чек арасы б-ча агат. Енисей токол тоо&shy;сунун тармактарында Казачье ж-а Осина босо&shy;голорун пайда кылат. Төмөнкү агымында салаа&shy;ларга бөлүнүп, нугунун жазылыгы 15–20 ''км''ге жетет, тереӊдиги 15 ''м''ден кем эмес. Е. негизи&shy;нен кардын эриген суусунан (83 %) куралат; куралышындагы жамгыр суусунун үлүшү 8%, жер астындагы суунуку 9%. Негизги куймала&shy;ры: Туба, Кан, Ангара, Таштуу Тунгуска, Төмөнкү Тунгуска, Курейка, Хантайка (оӊ куй&shy;малары); Хемчик, Абакан, Турухан, Кичи ж-а
Чоӊ Хета, Танама (сол куймалары) ж. б. Суусу&shy;нун көп жылдык орт. чыгымы Игарка ш. туш&shy;та 18 500 ''м''<sup>3</sup>/''сек'', эӊ көбү 132 000 ''м''<sup>3</sup>/''сек'', эӊ азы 5210 ''м''<sup>3</sup>/''сек.'' Агымынын жылдык орт. көлөмү 584 ''км''<sup>3</sup>, Енисей булуӊуна куярда 625 ''км''<sup>3</sup>. Е-дин көп бөлүгүндө жазында суусу кирип, жайында ташкындайт; жогорку агымында жаз, жай мез&shy;гилдеринде кирет. Жайкы межень август – ок&shy;тябрга, кышкысы ноябрь – апрелге туура ке&shy;лет. Октябрь – ноябрдан майдын аягы – июн&shy;дун башына чейин муз каптап жатат. Дарыя суусунун режимин теске салууда Е-де жана анын куймаларында курулган Саян-Шушь, Краснояр (Е-дин өзүндө), Иркут, Братск, Усть-Илим (Ан&shy;гарада), Хантай, Курейка сыяктуу ГЭСтердин, суу сактагычтардын мааниси зор. Саяногорск
14–133


[[File:ЕНИСЕЙ42.png | thumb | Енисей д-нын жогорку агымы. Тува.]] ш-нан баштап кеме туруктуу каттайт. Кемелер&shy;ди төмөнкү бьефтен Краснояр суу сактагычына
[[File:ЕНИСЕЙ42.png | thumb | Енисей дарыясынын жогорку агымы. Тува.]] шаарынан баштап кеме туруктуу каттайт. Кемелер&shy;ди төмөнкү бьефтен Краснояр суу сактагычына
өткөрүү ж-а андан кайра жөнөтүү үчүн кеме көтөргүч курулган. Деӊиз кемелери Игаркага
өткөрүү жана андан кайра жөнөтүү үчүн кеме көтөргүч курулган. Деӊиз кемелери Игаркага чейин бара алат. Енисейдин жээгинде Шушь Токою улуттук паркы, Саян-Шушь, Столбы корукта&shy;ры бар. Боюндагы ири шаарлары, порттору: Кы&shy;зыл, Саяногорск, Минусинск, Абакан, Дивно&shy;горск, Красноярск, Лесосибирск, Енисейск, Игар&shy;ка, Дудинка. Енисейдин жогорку агымында – Мину&shy;са ойдуӊунда кыргыздар жашагандыгы алгач биздин заманга чейин 3–1-кылымдардагы Кытай булактарында эскери&shy;лет, к. ''Енисей кыргыздары'' макаласын.  
чейин бара алат. Е-дин жээгинде Шушь Токою улуттук паркы, Саян-Шушь, Столбы корукта&shy;ры бар. Боюндагы ири шаарлары, порттору: Кы&shy;зыл, Саяногорск, Минусинск, Абакан, Дивно&shy;горск, Красноярск, Лесосибирск, Енисейск, Игар&shy;ка, Дудинка. Е-дин жогорку агымында – Мину&shy;са ойдуӊунда кыргыздар жашагандыгы алгач б. з. ч. 3–1-к-дагы Кытай булактарында эскери&shy;лет, к. ''Енисей кыргыздары'' макаласын.  


Ад.: ''Антонов В. С.'' Енисей. Гидролого-навигацион&shy;ный очерк. Л., 1962; ''Михайлов В. Н.'' Исследования водного и руслового режимов устьевой области Енисея
Ад.: ''Антонов В. С.'' Енисей. Гидролого-навигацион&shy;ный очерк. Л., 1962; ''Михайлов В. Н.'' Исследования водного и руслового режимов устьевой области Енисея // Географические аспекты исследований и исполь&shy;зование водных ресурсов в СССР. М., 1982; ''Вуглин&shy;ский В. С.'' Водные ресурсы и водный баланс крупных водохранилищ СССР. Л., 1991.  
// Географические аспекты исследований и исполь&shy;зование водных ресурсов в СССР. М., 1982; ''Вуглин&shy;ский В. С.'' Водные ресурсы и водный баланс крупных водохранилищ СССР. Л., 1991. ''Ө. Бараталиев.'' [[Категория:3-том, 172-214 бб]]


''Ө. Бараталиев.''
[[Категория:3-том, 172-214 бб]]

04:21, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

ЕНИСЕ́Й , (эвенкиче Иоанеси, сөзмө сөз – чоӊ суу, дарыя маанисинде) – Азиядагы суусу мол эӊ ири дарыялардын бири. Россиянын Красно­яр крайында, жогорку агымы Тувада. Негизи­нен Батыш жана Чыгыш Сибирди бөлүп, түндүктү карай агат да, Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊуна куят. Чоӊ Енисей (Бий-Хем) менен Кичи Енисейдин (Ка-Хем) кошулушунан түзүлөт. Узундугу 3487 км (Кичи Енисейдин башталышынан 4102 км, Чоӊ Ени­сейдин башталышынан 4092 км), алабынын аян­ты 2580 миӊ км2. Тува ойдуӊу аркылуу аккан бөлүгүндө Жогорку Енисей (Улуг-Хем) деп аталат. Батыш жана Чыгыш Саяндан өткөндөн кийин Батыш Сибирь түздүгү менен Орто Сибирь бөксө тоосунун чек арасы боюнча агат. Енисей токол тоо­сунун тармактарында Казачье жана Осина босо­голорун пайда кылат. Төмөнкү агымында салаа­ларга бөлүнүп, нугунун жазылыгы 15–20 кмге жетет, тереӊдиги 15 мден кем эмес. Енисей негизи­нен кардын эриген суусунан (83%) куралат; куралышындагы жамгыр суусунун үлүшү 8%, жер астындагы суунуку 9%. Негизги куймала­ры: Туба, Кан, Ангара, Таштуу Тунгуска, Төмөнкү Тунгуска, Курейка, Хантайка (оӊ куй­малары); Хемчик, Абакан, Турухан, Кичи жана Чоӊ Хета, Танама (сол куймалары) ж. б. Суусу­нун көп жылдык орточо чыгымы Игарка шаары туш­та 18 500 м3/сек, эӊ көбү 132 000 м3/сек, эӊ азы 5210 м3/сек. Агымынын жылдык орточо көлөмү 584 км3, Енисей булуӊуна куярда 625 км3. Енисейдин көп бөлүгүндө жазында суусу кирип, жайында ташкындайт; жогорку агымында жаз, жай мез­гилдеринде кирет. Жайкы межень август – ок­тябрга, кышкысы ноябрь – апрелге туура ке­лет. Октябрь – ноябрдан майдын аягы – июн­дун башына чейин муз каптап жатат. Дарыя суусунун режимин теске салууда Енисейде жана анын куймаларында курулган Саян-Шушь, Краснояр (Енисейдин өзүндө), Иркут, Братск, Усть-Илим (Ан­гарада), Хантай, Курейка сыяктуу ГЭСтердин, суу сактагычтардын мааниси зор. Саяногорск

Енисей дарыясынын жогорку агымы. Тува.

шаарынан баштап кеме туруктуу каттайт. Кемелер­ди төмөнкү бьефтен Краснояр суу сактагычына

өткөрүү жана андан кайра жөнөтүү үчүн кеме көтөргүч курулган. Деӊиз кемелери Игаркага чейин бара алат. Енисейдин жээгинде Шушь Токою улуттук паркы, Саян-Шушь, Столбы корукта­ры бар. Боюндагы ири шаарлары, порттору: Кы­зыл, Саяногорск, Минусинск, Абакан, Дивно­горск, Красноярск, Лесосибирск, Енисейск, Игар­ка, Дудинка. Енисейдин жогорку агымында – Мину­са ойдуӊунда кыргыздар жашагандыгы алгач биздин заманга чейин 3–1-кылымдардагы Кытай булактарында эскери­лет, к. Енисей кыргыздары макаласын.

Ад.: Антонов В. С. Енисей. Гидролого-навигацион­ный очерк. Л., 1962; Михайлов В. Н. Исследования водного и руслового режимов устьевой области Енисея // Географические аспекты исследований и исполь­зование водных ресурсов в СССР. М., 1982; Вуглин­ский В. С. Водные ресурсы и водный баланс крупных водохранилищ СССР. Л., 1991.

Ө. Бараталиев.