ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ''' , о к е а н а г ы м д а р ы – океан | '''ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ''' , о к е а н а г ы м д а р ы – океан менен деӊиздерде суунун түрдүү күчтөрдүн (гравитациялык, сүрүлүү, ташкын пайда кылуучу) таасири астында бир тарапты<sup> </sup>багыттап жылышы. Алар Дүйнөлүк океандын суу режиминде жана деӊизде сүзүүдө мааниси зор: суу алмашып аралашууга, жылуулуктун тара­лышына, материк жээктеринин калыптанышы­на, порттордун акваториясынын тайызданышы­на, калкыма муздардын таралышына, ошондой эле Жер шарынын айрым бөлүктөрүнүн климаты­на тийгизген таасири зор. Деңиз агымдары шамалдын таа­сиринен, суунун тыгыздыгы менен деӊгээлинин айырмачылыгынан пайда болгон, байкалган мөөнөтү боюнча – туруктуу, убактылуу, мезгил-мез­гили менен байкалуучу, жылына багытын эки жолу өзгөртүүчү (муссон шамалдарына байла­ныштуу); байкалган орду боюнча – үстүнкү, астын­кы, тереӊдиктеги жана түпкү агым; физика-химиялык касиеттери боюнча – жылуу (Гольфстрим, Куросио ж. б.), муздак (Бенгал, Канар ж. б.), бейтарап, туздуу жана мала туздуу; кыймылга келүү мүнөзү боюнча – түз сызыктуу, циклондук жана антицик­лондук ж. б. агымдарга бөлүнөт. Деңиз агымдарынын ба­гытына Жердин өз огунда айлануу күчү (Карио­лис күчү) да таасирин тийгизет; түндүк жарым шарда оӊ тарапка, түштүктө сол тарапка ооп агат. Ошондой эле деңиз агымдарына жээк тилкесинин орун алы­шы жана суу түбүндөгү рельефтин түзүлүшү да таа­сир этет. Көп учурда деңиз агымдары океандарда жогоруда аталган факторлордун биринен гана эмес, көп­чүлүгүнүн айкалышынан пайда болот. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
05:01, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ , о к е а н а г ы м д а р ы – океан менен деӊиздерде суунун түрдүү күчтөрдүн (гравитациялык, сүрүлүү, ташкын пайда кылуучу) таасири астында бир тарапты багыттап жылышы. Алар Дүйнөлүк океандын суу режиминде жана деӊизде сүзүүдө мааниси зор: суу алмашып аралашууга, жылуулуктун таралышына, материк жээктеринин калыптанышына, порттордун акваториясынын тайызданышына, калкыма муздардын таралышына, ошондой эле Жер шарынын айрым бөлүктөрүнүн климатына тийгизген таасири зор. Деңиз агымдары шамалдын таасиринен, суунун тыгыздыгы менен деӊгээлинин айырмачылыгынан пайда болгон, байкалган мөөнөтү боюнча – туруктуу, убактылуу, мезгил-мезгили менен байкалуучу, жылына багытын эки жолу өзгөртүүчү (муссон шамалдарына байланыштуу); байкалган орду боюнча – үстүнкү, астынкы, тереӊдиктеги жана түпкү агым; физика-химиялык касиеттери боюнча – жылуу (Гольфстрим, Куросио ж. б.), муздак (Бенгал, Канар ж. б.), бейтарап, туздуу жана мала туздуу; кыймылга келүү мүнөзү боюнча – түз сызыктуу, циклондук жана антициклондук ж. б. агымдарга бөлүнөт. Деңиз агымдарынын багытына Жердин өз огунда айлануу күчү (Кариолис күчү) да таасирин тийгизет; түндүк жарым шарда оӊ тарапка, түштүктө сол тарапка ооп агат. Ошондой эле деңиз агымдарына жээк тилкесинин орун алышы жана суу түбүндөгү рельефтин түзүлүшү да таасир этет. Көп учурда деңиз агымдары океандарда жогоруда аталган факторлордун биринен гана эмес, көпчүлүгүнүн айкалышынан пайда болот.