ДЕӉИЗ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕӉИЗ''' – Дүйнөлүк океандын аралдардын тиз­меги же суу астындагы көтөрүӊкү рельеф аркы­луу бөлүнүп, океан мейкиндигинен негизинен гидрологиялык, метеорологиялык | '''ДЕӉИЗ''' – Дүйнөлүк океандын аралдардын тиз­меги же суу астындагы көтөрүӊкү рельеф аркы­луу бөлүнүп, океан мейкиндигинен негизинен гидрологиялык, метеорологиялык жана климаттык режимдери менен айырмаланган бөлүгү. Деңиздердин мындай өзгөчөлүктөрү алардын океандардын чет-жака­ларында жайгашуусу (мында кургактык кый- | ||
| 6 сап: | 6 сап: | ||
[[File:ДЕӉИЗ79.png | thumb | none]] | [[File:ДЕӉИЗ79.png | thumb | none]] | ||
ла таасирин тийгизет) | ла таасирин тийгизет) жана алардын океан мей­киндиктери менен байланышынын чектелиши (суу алмашуу жай жүрөт) менен байланыштуу; башкача айтканда деңиз кургактык менен канчалык курчалса, ошончолук океандан айырмаланып турат. Кээ­де океандын ачык мейкиндиктери да шарттуу деңиз деп аталат, мисалы, Атлантика океанындагы ''Саргасс'' деӊизи (ал калкыма балырлардын көптү­гү менен өзгөчөлөнөт), Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү Филиппин деңизи. Айрым туюк көлдөр (мисалы, Каспий, Арал, Жансыз жеңиздер) да деңиз де­лет. Деңиздердей зор аянтты ээлеген, режими боюнча деңизден айырмасы жок океандын кээ бир бөлүктөрү ''булуӊ'' деп аталат (мисалы, Мексика, Гудзон, Бенгал, Гвинея жана башка булуӊдар). Жайгашуу аба­лына жана гидрологиялык режиминин өзгөчөлүктөрүнө жараша ички (Кара, Балтика), четки (Баренц, Лаптевдер, Беллинсгаузен), аралдар (Ява, Бан­да, Сулавеси) жана материктер арасындагы (Жер ортолук, Кызыл) болуп бөлүнөт. Геологиялык жактан азыркы түзүлүшүнө жакын палеоген-неогенде, азыркы турпатында антропогенде биротоло ка­лыптанган. Эӊ тереӊ деңиздер (мисалы, Жер ортолук деӊиз) жер кыртышынын ири жаракалаларынын ордунда пайда болгон. Тайыз деңиздер адатта мате­риктик тайыздыктарда жайгашып (к. ''Шельф''), материктердин чет-жакаларынын төмөн чөгүп, океан суусу каптап калышынан же океан деӊгээлинин көтөрүлүшүнөн пайда болот. Географиялык абалына жараша айрым деңиздер океан­дын ачык бөлүгүнө караганда түбүнөн бетине чейин жылуу болот (мисалы, Кызыл деӊиз), ал эми кээ бири тескерисинче, муздак болот (мисалы, Охота деӊизи). Кургактык аркылуу бөлүнүп жатышына жараша деңиздерде континенттик түрдүү климат өкүм сүрөт. Дүйнөлүк океандын туздуулугунун эӊ жогорку (Кызыл деӊизде – 41,5‰) жана эӊ төмөнкү (Балтика деӊизинде 6,0–8,0‰) көрсөткүчтөрү да деңиздерде. Деңиздин үстүндө циклон шамалдарынын үстөмдүгүнөн улам циклондук агымдар басымдуулук кылат. Океандарга са­лыштырмалуу деңиздин органикалык дүйнөсү көп түрдүүлүгү жана эндемиктердин арбындыгы менен өзгөчөлөнөт. | ||
өзгөчөлөнөт. | |||
''Ө. Бараталиев.'' | ''Ө. Бараталиев.'' | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
04:46, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДЕӉИЗ – Дүйнөлүк океандын аралдардын тизмеги же суу астындагы көтөрүӊкү рельеф аркылуу бөлүнүп, океан мейкиндигинен негизинен гидрологиялык, метеорологиялык жана климаттык режимдери менен айырмаланган бөлүгү. Деңиздердин мындай өзгөчөлүктөрү алардын океандардын чет-жакаларында жайгашуусу (мында кургактык кый-



ла таасирин тийгизет) жана алардын океан мейкиндиктери менен байланышынын чектелиши (суу алмашуу жай жүрөт) менен байланыштуу; башкача айтканда деңиз кургактык менен канчалык курчалса, ошончолук океандан айырмаланып турат. Кээде океандын ачык мейкиндиктери да шарттуу деңиз деп аталат, мисалы, Атлантика океанындагы Саргасс деӊизи (ал калкыма балырлардын көптүгү менен өзгөчөлөнөт), Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү Филиппин деңизи. Айрым туюк көлдөр (мисалы, Каспий, Арал, Жансыз жеңиздер) да деңиз делет. Деңиздердей зор аянтты ээлеген, режими боюнча деңизден айырмасы жок океандын кээ бир бөлүктөрү булуӊ деп аталат (мисалы, Мексика, Гудзон, Бенгал, Гвинея жана башка булуӊдар). Жайгашуу абалына жана гидрологиялык режиминин өзгөчөлүктөрүнө жараша ички (Кара, Балтика), четки (Баренц, Лаптевдер, Беллинсгаузен), аралдар (Ява, Банда, Сулавеси) жана материктер арасындагы (Жер ортолук, Кызыл) болуп бөлүнөт. Геологиялык жактан азыркы түзүлүшүнө жакын палеоген-неогенде, азыркы турпатында антропогенде биротоло калыптанган. Эӊ тереӊ деңиздер (мисалы, Жер ортолук деӊиз) жер кыртышынын ири жаракалаларынын ордунда пайда болгон. Тайыз деңиздер адатта материктик тайыздыктарда жайгашып (к. Шельф), материктердин чет-жакаларынын төмөн чөгүп, океан суусу каптап калышынан же океан деӊгээлинин көтөрүлүшүнөн пайда болот. Географиялык абалына жараша айрым деңиздер океандын ачык бөлүгүнө караганда түбүнөн бетине чейин жылуу болот (мисалы, Кызыл деӊиз), ал эми кээ бири тескерисинче, муздак болот (мисалы, Охота деӊизи). Кургактык аркылуу бөлүнүп жатышына жараша деңиздерде континенттик түрдүү климат өкүм сүрөт. Дүйнөлүк океандын туздуулугунун эӊ жогорку (Кызыл деӊизде – 41,5‰) жана эӊ төмөнкү (Балтика деӊизинде 6,0–8,0‰) көрсөткүчтөрү да деңиздерде. Деңиздин үстүндө циклон шамалдарынын үстөмдүгүнөн улам циклондук агымдар басымдуулук кылат. Океандарга салыштырмалуу деңиздин органикалык дүйнөсү көп түрдүүлүгү жана эндемиктердин арбындыгы менен өзгөчөлөнөт.
Ө. Бараталиев.