ДАККА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДА́ККА''' – Бангладеш Республикасынын борбор шаары (1971-жылдан). Дакка облусунун административдик борбору. Калкы 7,1 | '''ДА́ККА''' – Бангладеш Республикасынын борбор шаары (1971-жылдан). Дакка облусунун административдик борбору. Калкы 7,1 миллион (2007; шаар айланасы менен). Ган­га – Брахмапутра дарыяларынын дельтасындагы дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар. Нараянганж шаары менен агломерацияны түзөт (калкы 12,3 миллион). Аг­ломерациясында өлкөнүн негизги өнөр жайлары жайгашкан. Кебез кездеме, жут, дары-дармек, булгаары буюмдар, бут кийим, электр-техника, | ||
[[File:ДАККА8.png | thumb | Даккадагы Байтул-Мукаррам ме­чити.]] | [[File:ДАККА8.png | thumb | Даккадагы Байтул-Мукаррам ме­чити.]] | ||
электроника, тамак-аш (анын ичинде жемиш консерва­лары), металл иштетүү өнөр жай, муслин кездеме­син токуучу эски ишканасы иштейт. Бангла­деш ИА (1973), жут илим-изилдөө институту (1951), Бан­гладеш атом энергиясы боюнча комиссия (1973), Бенгалия академиясы (1972), эл аралык | электроника, тамак-аш (анын ичинде жемиш консерва­лары), металл иштетүү өнөр жай, муслин кездеме­син токуучу эски ишканасы иштейт. Бангла­деш ИА (1973), жут илим-изилдөө институту (1951), Бан­гладеш атом энергиясы боюнча комиссия (1973), Бенгалия академиясы (1972), эл аралык жана стратегия институту (1978), университет (1921), улуттук китепкана, Дакка музейи жана Балда музейи бар. Шаар катары биздин заманга чейин 1-кылымдан белгилүү. 1608– 1717-жылдан Бенгалиянын, 1947–71-жылдары Чыгыш Па­кистандын административдик борбору. Лаи-Багх чеби, Биби Пари мавзолейи (1684), Сат Гумбад мечити (1680), 17-кылымдын эстелиги болгон Чоӊ Рынок ж. б. сакталган. Даккага жакын тоют даярдоочу эӊ ири Саварда заводу иштейт. Жыл сайын китеп яр­маркасы өткөрүлүп турат. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
10:45, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ДА́ККА – Бангладеш Республикасынын борбор шаары (1971-жылдан). Дакка облусунун административдик борбору. Калкы 7,1 миллион (2007; шаар айланасы менен). Ганга – Брахмапутра дарыяларынын дельтасындагы дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар. Нараянганж шаары менен агломерацияны түзөт (калкы 12,3 миллион). Агломерациясында өлкөнүн негизги өнөр жайлары жайгашкан. Кебез кездеме, жут, дары-дармек, булгаары буюмдар, бут кийим, электр-техника,

электроника, тамак-аш (анын ичинде жемиш консервалары), металл иштетүү өнөр жай, муслин кездемесин токуучу эски ишканасы иштейт. Бангладеш ИА (1973), жут илим-изилдөө институту (1951), Бангладеш атом энергиясы боюнча комиссия (1973), Бенгалия академиясы (1972), эл аралык жана стратегия институту (1978), университет (1921), улуттук китепкана, Дакка музейи жана Балда музейи бар. Шаар катары биздин заманга чейин 1-кылымдан белгилүү. 1608– 1717-жылдан Бенгалиянын, 1947–71-жылдары Чыгыш Пакистандын административдик борбору. Лаи-Багх чеби, Биби Пари мавзолейи (1684), Сат Гумбад мечити (1680), 17-кылымдын эстелиги болгон Чоӊ Рынок ж. б. сакталган. Даккага жакын тоют даярдоочу эӊ ири Саварда заводу иштейт. Жыл сайын китеп ярмаркасы өткөрүлүп турат.