ДЕУРБАНИЗАЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕУРБАНИЗА́ЦИЯ''' ( | '''ДЕУРБАНИЗА́ЦИЯ''' (французча dts – тануу, urbanus – шаардык), д е з у р б а н и з а ц и я – калкынын санынын кыскарышынын жана өнөр жай потенциа­лынын төмөндөшүнүн негизинде ири шаарлар­дын ээн калышы. Негизинен өнүккөн мамле­кеттердин ири шаарларында табигый жана со­циалдык чөйрөсүнүн тиричилигинин кескин начар­лашынан пайда болот. Өнөр жай ишканаларынын турак жай аймагына жайгаштырылышы, ку­рулуштарынын тыгыздыгы, бак-дарак ж. б. ма­даний өсүмдүктөрүнүн аянттарынын кыскары­шы, абанын жана суу объектилеринин булганы­шы, ызы-чуунун көбөйүшү ири шаарларда са­нитардык-гигиеналык шарттын кескин начарлашы­на алып келүүдө. Натыйжада калктын жетиш­түү жашаган катмары шаардын өнөр жайлуу борбо­рунан, анын тегерегиндеги ээн аймактарга, көп кабаттуу үйлөрдөн жер үйлөргө (калктын бол­жолдуу 86% каалашат) көчүп кетүүдө. Мисалы, Лондондун калкы (болгону 6,6 миллион) 10 жыл­дын ичинде 10%ке гана кыскарган. Батыш Бер­линдин калкы 1970–80-жылдар аралыгында 2121 миӊ адамдан 1957 миӊ адамга чейин кыскарган. Шаар калкынын өтө көп оошуусу 1960–1980-жылдары байкалган. 1980-жылдардын ортосунда бул процесс басаӊдаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда со­циалдык-экологиялык абалга байланыштуу деурбанизация процесси айрыкча майда шаарчаларыбызда (Ак-Түз, Орловка, Майлы-Суу ж. б.) жана борборубузда (өнөр жайлуу борбордук бөлүктөрдөн шаардын чет жа­касына) байкалууда. | ||
''Н. Алымкулова.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
04:33, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДЕУРБАНИЗА́ЦИЯ (французча dts – тануу, urbanus – шаардык), д е з у р б а н и з а ц и я – калкынын санынын кыскарышынын жана өнөр жай потенциалынын төмөндөшүнүн негизинде ири шаарлардын ээн калышы. Негизинен өнүккөн мамлекеттердин ири шаарларында табигый жана социалдык чөйрөсүнүн тиричилигинин кескин начарлашынан пайда болот. Өнөр жай ишканаларынын турак жай аймагына жайгаштырылышы, курулуштарынын тыгыздыгы, бак-дарак ж. б. маданий өсүмдүктөрүнүн аянттарынын кыскарышы, абанын жана суу объектилеринин булганышы, ызы-чуунун көбөйүшү ири шаарларда санитардык-гигиеналык шарттын кескин начарлашына алып келүүдө. Натыйжада калктын жетиштүү жашаган катмары шаардын өнөр жайлуу борборунан, анын тегерегиндеги ээн аймактарга, көп кабаттуу үйлөрдөн жер үйлөргө (калктын болжолдуу 86% каалашат) көчүп кетүүдө. Мисалы, Лондондун калкы (болгону 6,6 миллион) 10 жылдын ичинде 10%ке гана кыскарган. Батыш Берлиндин калкы 1970–80-жылдар аралыгында 2121 миӊ адамдан 1957 миӊ адамга чейин кыскарган. Шаар калкынын өтө көп оошуусу 1960–1980-жылдары байкалган. 1980-жылдардын ортосунда бул процесс басаӊдаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык-экологиялык абалга байланыштуу деурбанизация процесси айрыкча майда шаарчаларыбызда (Ак-Түз, Орловка, Майлы-Суу ж. б.) жана борборубузда (өнөр жайлуу борбордук бөлүктөрдөн шаардын чет жакасына) байкалууда.
Н. Алымкулова.