ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ''' – коомду социал­ | '''ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ''' – коомду социал­дык, экономикалык жактан өнүктүрүү саясатынын бир бөлүгү; муундардын табигый толукталып турушун жана калктын жер которуу кыймылына таасир этүүгө багытталган социалдык, экономикалык, укуктук ж. б. жаа­тындагы чаралар тобу. Демографиялык саясат мамлекеттик же аймак­тык болушу мүмкүн. Булар атайын мыйзамдарды чыгаруу жана тийиштүү шарттарды түзүү аркы­луу ишке ашырылат. Демографиялык саясаттын натыйжасы мамлекеттик статистикада катталат. Демографиялык саясаттын негизги багыт­тары – калктын көбөйүшү, элдин жер которуу­су жана таралышы, жайгаштыруу багыттары, эм­гек ресурстарынын турпаты жана куруму, эм­гекке орноштуруу, калктын иш менен камсыз бо­лушу ж. б. | ||
чыгаруу | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
04:19, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ – коомду социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүү саясатынын бир бөлүгү; муундардын табигый толукталып турушун жана калктын жер которуу кыймылына таасир этүүгө багытталган социалдык, экономикалык, укуктук ж. б. жаатындагы чаралар тобу. Демографиялык саясат мамлекеттик же аймактык болушу мүмкүн. Булар атайын мыйзамдарды чыгаруу жана тийиштүү шарттарды түзүү аркылуу ишке ашырылат. Демографиялык саясаттын натыйжасы мамлекеттик статистикада катталат. Демографиялык саясаттын негизги багыттары – калктын көбөйүшү, элдин жер которуусу жана таралышы, жайгаштыруу багыттары, эмгек ресурстарынын турпаты жана куруму, эмгекке орноштуруу, калктын иш менен камсыз болушу ж. б.