ДЕМОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДЕМОГРА́ФИЯ''' (гр. demos – эл ж-а ...''графия'') – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша
'''ДЕМОГРА́ФИЯ''' (грекче demos – эл жана ...''графия'') – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми жөнүндөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыла­нып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-жи­тим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (''иммиграция''), башка жакка көчүп кетет (''эмиграция''). Андан тышкары: адам үй­лөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, би­лими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Демография калктын жана анын айрым топто­рунун жаӊыланышынын динамикасын демографиялык процесстерди (калктын табигый кыймыл про­цесстери) талдоо аркылуу айкындайт. Ошондой эле демография калктын курактык-жыныстык, нике жана үй­-бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк саны­нын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Демография илиминин негиздөөчүсү англиялык илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россия­да биринчи демографиялык эмгек Д. Бернуллиге таан­дык. Демографиялык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары менен факторлорун белгилүү аймакта жана түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Демография төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны менен түзүлүшү жөнүндө болжолдуу жана чыныгы материалдар демографиялык саясаттын өзө­гүн түзөт. Демографияда калк жөнүндө маалыматты топтоп, аны тандап жана өзгөчө бөлүмдү (демографиялык ста­тистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негиз­ги орунга ээ. Демографиялык процесстердин байланышы жөнүндө сандык мүнөздөмөлөр математикалык түрдүү ык­малар менен жүзөгө ашат. Ошондой эле графиктик ык­малар кеӊири колдонулат. Ал эми демографиялык про­цесстер менен айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картографиялык изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары демография калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйын­тыгы менен ыкмаларын да колдонот. Мисалы, демографиялык процесстердин социалдык мүнөздөгү аспектилери демографиянын социология, антропология жана медицина, гео­графия менен тыгыз байланышта экендигин ай­гинелейт. Калктын отурукташуусу, миграция­сы ж. б. демографиялык процесстер демографияны калк география­сы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймак­тарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк география­сы менен демографиянын айкалышынан пайда болуп, гео­демографиялык абалды илимий изилдөөгө арналган жаӊы илимий багыт) менен байланыштырат.  
өнүгүү мыйзам ченеми ж-дөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыла­нып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-жи­тим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында
өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл
кошулат (''иммиграция''), башка жакка көчүп кетет (''эмиграция''). Андан тышкары: адам үй­лөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, би­лими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Д. калктын ж-а анын айрым топто­рунун жаӊыланышынын динамикасын Д-лык процесстерди (калктын табигый кыймыл про­цесстери) талдоо аркылуу айкындайт. О. эле Д. калктын курактык-жыныстык, нике ж-а үй­бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк саны­нын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Д. илиминин негиздөөчүсү англ. илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россия­да биринчи Д-лык эмгек Д. Бернуллиге таан­дык. Д-лык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары м-н факторлорун белгилүү аймакта ж-а түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Д. төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны м-н түзүлүшү ж-дө болжолдуу ж-а чыныгы материалдар Д-лык саясаттын өзө­гүн түзөт. Д-да калк ж-дө маалыматты топтоп, аны тандап ж-а өзгөчө бөлүмдү (демогр. ста­тистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негиз­ги орунга ээ. Д-лык процесстердин байланышы ж-дө сандык мүнөздөмөлөр матем. түрдүү ык­малар м-н жүзөгө ашат. О. эле графиктик ык­малар кеӊири колдонулат. Ал эми Д-лык про­цесстер м-н айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картогр. изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары Д. калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйын­тыгы м-н ыкмаларын да колдонот. Мис., Д-лык процесстердин социал. мүнөздөгү аспектилери Д-нын социология, антропология ж-а мед. гео­графия м-н тыгыз байланышта экендигин ай­гинелейт. Калктын отурукташуусу, миграция­сы ж. б. Д-лык процесстер Д-ны калк география­сы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймак­тарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк география­сы м-н Д-нын айкалышынан пайда болуп, гео­демогр. абалды ил. изилдөөгө арналган жаӊы ил. багыт) м-н байланыштырат. ''Т. Ниязов.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]]


''Т. Ниязов.''
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

10:08, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

ДЕМОГРА́ФИЯ (грекче demos – эл жана ...графия) – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми жөнүндөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыла­нып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-жи­тим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (иммиграция), башка жакка көчүп кетет (эмиграция). Андан тышкары: адам үй­лөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, би­лими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Демография калктын жана анын айрым топто­рунун жаӊыланышынын динамикасын демографиялык процесстерди (калктын табигый кыймыл про­цесстери) талдоо аркылуу айкындайт. Ошондой эле демография калктын курактык-жыныстык, нике жана үй­-бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк саны­нын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Демография илиминин негиздөөчүсү англиялык илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россия­да биринчи демографиялык эмгек Д. Бернуллиге таан­дык. Демографиялык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары менен факторлорун белгилүү аймакта жана түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Демография төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны менен түзүлүшү жөнүндө болжолдуу жана чыныгы материалдар демографиялык саясаттын өзө­гүн түзөт. Демографияда калк жөнүндө маалыматты топтоп, аны тандап жана өзгөчө бөлүмдү (демографиялык ста­тистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негиз­ги орунга ээ. Демографиялык процесстердин байланышы жөнүндө сандык мүнөздөмөлөр математикалык түрдүү ык­малар менен жүзөгө ашат. Ошондой эле графиктик ык­малар кеӊири колдонулат. Ал эми демографиялык про­цесстер менен айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картографиялык изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары демография калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйын­тыгы менен ыкмаларын да колдонот. Мисалы, демографиялык процесстердин социалдык мүнөздөгү аспектилери демографиянын социология, антропология жана медицина, гео­графия менен тыгыз байланышта экендигин ай­гинелейт. Калктын отурукташуусу, миграция­сы ж. б. демографиялык процесстер демографияны калк география­сы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймак­тарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк география­сы менен демографиянын айкалышынан пайда болуп, гео­демографиялык абалды илимий изилдөөгө арналган жаӊы илимий багыт) менен байланыштырат.

Т. Ниязов.