ДЕМАРКАЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕМАРКА́ЦИЯ''' ( | '''ДЕМАРКА́ЦИЯ''' (французча dtmarcation – чек коюу, ажыратуу) – чектеш мамлекеттердин ортосун­дагы келишимдин негизинде мамлекеттик чек аралар­ды аныктоо жана өзгөчө чек ара белгилери менен белгилөө. Демаркация иштерин жүргүзүүдө 1:50 000 же ири масштабдагы, калк сейрек жайгашкан бө­лүктөрүндө орто масштабдагы карталар колдо­нулат. Демаркациялык карталарда чек ара сызыгынын орду тагыраак берилип, чек ара чекити менен бирге чек ара белгилери, мамылардын орду, ошондой эле алардын геодезиялык ыкмалар аркылуу байланышты­рылып койгон жер бетиндеги туруктуу объекти­леринин орду да көрсөтүлөт. Туруктуу объекти­лер катары тоо чокулары, геодезиялык белгилер, коор­динаталары так аныкталган жерлер кабыл алы­нат. Кийинки мезгилдерде демаркациялык документтерге карталар менен бирге чек ара тилкесинин аэрокос­мостук сүрөтү да тиркелүүдө. | ||
чек ара белгилери, мамылардын орду, | |||
''Э. Кадыров.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
09:25, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДЕМАРКА́ЦИЯ (французча dtmarcation – чек коюу, ажыратуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик чек араларды аныктоо жана өзгөчө чек ара белгилери менен белгилөө. Демаркация иштерин жүргүзүүдө 1:50 000 же ири масштабдагы, калк сейрек жайгашкан бөлүктөрүндө орто масштабдагы карталар колдонулат. Демаркациялык карталарда чек ара сызыгынын орду тагыраак берилип, чек ара чекити менен бирге чек ара белгилери, мамылардын орду, ошондой эле алардын геодезиялык ыкмалар аркылуу байланыштырылып койгон жер бетиндеги туруктуу объектилеринин орду да көрсөтүлөт. Туруктуу объектилер катары тоо чокулары, геодезиялык белгилер, координаталары так аныкталган жерлер кабыл алынат. Кийинки мезгилдерде демаркациялык документтерге карталар менен бирге чек ара тилкесинин аэрокосмостук сүрөтү да тиркелүүдө.
Э. Кадыров.