ДАРЫЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАРЫЯ''' , д а й р а, | '''ДАРЫЯ''' , д а й р а, ө з ө н, с у у – жаан-­чачын, мөӊгү жана бу­лактардан топтолгон суунун өзү калыптан­дырган нук менен таби­гый үзгүлтүксүз агы­мы; чоӊ өзөн суу. Дарыянын пайда болушу климаттык, орографиялык жана геоморфологиялык шарт­тарга байланыштуу. Дарыя алабынын аянты, узундугу, туурасы, нугунун тереӊдиги, суусунун деӊгээли, ылдамдыгы, чыгы­мы жана башкалары менен мүнөз­дөлөт. Ортоӊку кеӊдиктерде жаан-ча­чындын өлчөмү 250 ''мм'', субтропиктерде 500 ''мм'', тропиктерде 700 – 1000 ''мм''ге жет­кенде гана дарыя пайда болот . Дарыянын ка­лыптанышы үчүн жер бетинде сууну бир нукка топтой турган алап (к. ''Дарыя алабы'') жана нук өтүүчү жер­лердин эӊкейиштиги зарыл. Дарыянын башта­лышы – башат, бүт­көн жери (океан, деӊиз, көл, башка дарыяга куйган жери) чат деп аталат. Суу агып жаткан сай – нук, кум-таш чайкап кал­ган тайыздык – сай­роон, суу ташыган­да жайпаган жээктеги түзөӊ – жайылма, жээктеги жардын үстү – кашат, ага келип ко­шулган суулар – куйма делет. Дарыянын узундугу бир нече ''км''ден миӊдеген кмге, туурасы бир нече ''м''ден бир канча ''км''ге, алабынын аянты миӊдеген ''км''<sup>2</sup>ге жетет. Дүйнөдөгү эӊ узун Дарыя – Нил (узундугу 6671 ''км''), Евразияда – Янцзы (узундугу 5800 ''км''), КМШда – Обь (узундугу Иртыш дарыясы менен 5570 ''км''). Дүйнөдөгү суусу эӊ мол Дарыя – Түштүк Америкадагы Амазонка. Кыргызстандагы эӊ узун Дарыя – Чүй (жал­пы узундугу 1030 ''км''), эӊ чоӊ жана суусу молу – На­рын. | ||
жээктеги жардын үстү – кашат, ага келип ко­шулган суулар – куйма делет. | |||
Дарыя жер бетиндеги суунун айлануусунда негиз­ги ролду ойнойт. Бир жылда агып өткөн дарыя суу­ларынын өлчөмү 41 700 ''км''<sup>3</sup>ге жетет, бул кур­гактыкка түшкөн жаан-чачындын 35%ин түзөт. | |||
<table name='ДАРЫЯ 1' type='img'/> | <table name='ДАРЫЯ 1' type='img'/> | ||
| 14 сап: | 9 сап: | ||
[[File:ДАРЫЯ52.png | thumb | К ы р г ы з с т а н д а г ы и р и д а р ы я л а р]] | [[File:ДАРЫЯ52.png | thumb | К ы р г ы з с т а н д а г ы и р и д а р ы я л а р]] | ||
Жер шарындагы нымдуу жана тоолуу аймактар­дагы дарыя суусу мол болсо, ысык жана чөлдүү ай­мактарда өтө аз болот. | |||
Дарыяларды гидрология илими изилдейт. Дарыялар­дын адамдын жашоосу жана анын чарбачылыгы үчүн мааниси өтө чоӊ. Кээ бир дарыялар кеме жү­рүүгө, сал агызууга пайдаланылат; суу сакта­гычтар, ГЭС ж. б. курулат; өнөр жайды, калкты, айыл чарбаны суу менен камсыз кылат; андан балык кар­малат. Дарыянын жайылмаларындагы топурак күр­дүү болгондуктан, мол түшүм алынат. Айрым Дарыялардын нугунда жана кашатында алтын, пла­тина, алмаз, касситерит, рутил ж. б. баалуу ме­таллдардын чачынды кендери болот. | |||
үчүн мааниси өтө чоӊ. Кээ бир | |||
Ад.: ''Чеботарев А. И.'' Общая гидрология (воды суши). Л., 1960; ''Апполов Б. А.'' Учение о реках. М., 1963; ''Шульц В. Л.'' Реки Средней Азии. Л., 1965. | Ад.: ''Чеботарев А. И.'' Общая гидрология (воды суши). Л., 1960; ''Апполов Б. А.'' Учение о реках. М., 1963; ''Шульц В. Л.'' Реки Средней Азии. Л., 1965. | ||
''С. Аламанов.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
08:17, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДАРЫЯ , д а й р а, ө з ө н, с у у – жаан-чачын, мөӊгү жана булактардан топтолгон суунун өзү калыптандырган нук менен табигый үзгүлтүксүз агымы; чоӊ өзөн суу. Дарыянын пайда болушу климаттык, орографиялык жана геоморфологиялык шарттарга байланыштуу. Дарыя алабынын аянты, узундугу, туурасы, нугунун тереӊдиги, суусунун деӊгээли, ылдамдыгы, чыгымы жана башкалары менен мүнөздөлөт. Ортоӊку кеӊдиктерде жаан-чачындын өлчөмү 250 мм, субтропиктерде 500 мм, тропиктерде 700 – 1000 ммге жеткенде гана дарыя пайда болот . Дарыянын калыптанышы үчүн жер бетинде сууну бир нукка топтой турган алап (к. Дарыя алабы) жана нук өтүүчү жерлердин эӊкейиштиги зарыл. Дарыянын башталышы – башат, бүткөн жери (океан, деӊиз, көл, башка дарыяга куйган жери) чат деп аталат. Суу агып жаткан сай – нук, кум-таш чайкап калган тайыздык – сайроон, суу ташыганда жайпаган жээктеги түзөӊ – жайылма, жээктеги жардын үстү – кашат, ага келип кошулган суулар – куйма делет. Дарыянын узундугу бир нече кмден миӊдеген кмге, туурасы бир нече мден бир канча кмге, алабынын аянты миӊдеген км2ге жетет. Дүйнөдөгү эӊ узун Дарыя – Нил (узундугу 6671 км), Евразияда – Янцзы (узундугу 5800 км), КМШда – Обь (узундугу Иртыш дарыясы менен 5570 км). Дүйнөдөгү суусу эӊ мол Дарыя – Түштүк Америкадагы Амазонка. Кыргызстандагы эӊ узун Дарыя – Чүй (жалпы узундугу 1030 км), эӊ чоӊ жана суусу молу – Нарын.
Дарыя жер бетиндеги суунун айлануусунда негизги ролду ойнойт. Бир жылда агып өткөн дарыя сууларынын өлчөмү 41 700 км3ге жетет, бул кургактыкка түшкөн жаан-чачындын 35%ин түзөт.


Жер шарындагы нымдуу жана тоолуу аймактардагы дарыя суусу мол болсо, ысык жана чөлдүү аймактарда өтө аз болот.
Дарыяларды гидрология илими изилдейт. Дарыялардын адамдын жашоосу жана анын чарбачылыгы үчүн мааниси өтө чоӊ. Кээ бир дарыялар кеме жүрүүгө, сал агызууга пайдаланылат; суу сактагычтар, ГЭС ж. б. курулат; өнөр жайды, калкты, айыл чарбаны суу менен камсыз кылат; андан балык кармалат. Дарыянын жайылмаларындагы топурак күрдүү болгондуктан, мол түшүм алынат. Айрым Дарыялардын нугунда жана кашатында алтын, платина, алмаз, касситерит, рутил ж. б. баалуу металлдардын чачынды кендери болот.
Ад.: Чеботарев А. И. Общая гидрология (воды суши). Л., 1960; Апполов Б. А. Учение о реках. М., 1963; Шульц В. Л. Реки Средней Азии. Л., 1965.
С. Аламанов.