БЕКЕТОВ Николай Николаевич: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary Белгилер: Manual revert Көрсөтмөлүү оңдоо |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
08:30, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕКЕ́ТОВ Николай Николаевич [1 (13).1.1827, Пенза губерниясы, Жаңы Бекетовка кыштагы – 30.11(13.12).1911, Санкт-Петербург] – орус физик-химиги, Петербург ИАнын академиги (1886), физик-химиктердин мектебин негиздөөчү. Казан университетин 1849-жылы бүтүргөн. 1859–87-жылдарда Харьков университетинин профессору, 1886-жылдан Петербург ИАда иштеген. Ал басым алдында металлдарды алардын туздарынын эритмелеринен суутек ж-а жогорку температурада башка металлдарды туздарынан магний м-н цинк сүрүп чыгара тургандыгын аныктаган. 1859–65-жылдарда жогорку температурада металлды металл оксиддеринен алюминий м-н калыбына келтирүү мүмкүн экенин байкаган. Бул иштери алюминотермия процессине негиз болгон. Ал физикалык химиянын өсүшүнө, аны өз алдынча илимий ж-а окуу сабагы катары киргизүүдө зор эмгек сиңирген.