БЕЙШЕЕВ Үсөн: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЙШЕЕВ''' Үсөн | '''БЕЙШЕЕВ''' '''Үсөн''' [10. 10. 1920, [[РСФСР]], [[Түркстан АССРи]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек уезди]] (азыркы [[Нарын облусу]], [[Кочкор району|Коч­кор району]], [[Теңдик кыштагы]]) – 12. 09. 1982, ошол эле жер­] – Даңк орденинин толук кавалери. Айылдык мектептен 10-классты бүтүрүп, Кочкор айыл кеңешинде катчы болуп иштеген. Советтик Армиянын катарына 15. 08. 1942-жылы [[Тянь-Шань облусу]]нун Кочкор райондук аскер комисариаты тарабынан чакырылып, Фрунзе шаарындагы жөө аскерлер окуу жайынын артиллериялык курсун бүтүргөндөн кийин 1943-жылы февраль айында фронтко жөнөтүлгөн. | ||
[[File:БЕЙШЕЕВ2.png | thumb | none]] [[ | [[File:БЕЙШЕЕВ2.png | thumb | none]]Алгач 65-армиянын (кийинки 8-гвардиялык) 27-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 83-гвардиялык аткычтар полкунда кызмат өтөп, 3-Ук­раина ж-а 1-Белорус фронт­торунда [[Стралинград]]дын алдынан баштап, [[Курск салгылашуусу]]на, андан [[Украина]], [[Белоруссия]] жана [[Польша]]ны бошотуп, [[Берлин]]ди алууга катышкан. 06. 03. 1944-жылы Красный кыштагы ([[Украина ССРи]], Днепропертровск облусу) үчүн 3-дара­жадагы (№ 31158), 17. 03. 1945-жылы Польшадагы Головачув (Головлув) шаарын бошотуудагы баатырды­гы үчүн 2-даражадагы (№ 28273), 16. 04. 1945-жылы Зеелов бекемделген районун ([[Германия]]) алуудагы эрдиги үчүн 1-даражадагы (№ 1152) Даңк ордендери менен сыйланган. Согуштан кайтып келгенден кийин (1946) өзү туулган айылда жайыт чарбасы, райондук финансы бөлүмү ж.б. сыяктуу кызматтарда иштеген. | ||
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025. | |||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
05:11, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЙШЕЕВ Үсөн [10. 10. 1920, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди (азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Теңдик кыштагы) – 12. 09. 1982, ошол эле жер] – Даңк орденинин толук кавалери. Айылдык мектептен 10-классты бүтүрүп, Кочкор айыл кеңешинде катчы болуп иштеген. Советтик Армиянын катарына 15. 08. 1942-жылы Тянь-Шань облусунун Кочкор райондук аскер комисариаты тарабынан чакырылып, Фрунзе шаарындагы жөө аскерлер окуу жайынын артиллериялык курсун бүтүргөндөн кийин 1943-жылы февраль айында фронтко жөнөтүлгөн.

Алгач 65-армиянын (кийинки 8-гвардиялык) 27-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 83-гвардиялык аткычтар полкунда кызмат өтөп, 3-Украина ж-а 1-Белорус фронтторунда Стралинграддын алдынан баштап, Курск салгылашуусуна, андан Украина, Белоруссия жана Польшаны бошотуп, Берлинди алууга катышкан. 06. 03. 1944-жылы Красный кыштагы (Украина ССРи, Днепропертровск облусу) үчүн 3-даражадагы (№ 31158), 17. 03. 1945-жылы Польшадагы Головачув (Головлув) шаарын бошотуудагы баатырдыгы үчүн 2-даражадагы (№ 28273), 16. 04. 1945-жылы Зеелов бекемделген районун (Германия) алуудагы эрдиги үчүн 1-даражадагы (№ 1152) Даңк ордендери менен сыйланган. Согуштан кайтып келгенден кийин (1946) өзү туулган айылда жайыт чарбасы, райондук финансы бөлүмү ж.б. сыяктуу кызматтарда иштеген.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.