БАЙРОН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙРОН Жорж Ноэл Гордон | '''БАЙРОН''' Жорж Ноэл Гордон (22. 01. 1788, Лондон – 19. 04. 1824, Миссолунги, Грекия) – англия акыны, романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. Кембриж университетин бүтүргөн (1808). Байрон «Чайльд Гарольддун сапары» (1812-18), «Дон Жуан» деген поэмаларында өз заманынын маанилүү ма­селелерин козгоп, алдыңкы идеяларын даңа­залаган. «Гяур» (1813), «Корсар» (1814), «Лара» | ||
[[File:БАЙРОН13.png | thumb | none]] | [[File:БАЙРОН13.png | thumb | none]] | ||
(1814) аттуу поэ­маларында 19-кылым­дын башындагы коомдон безген, деспотизмге кар­шы чыккан, бий­ликке баш ийбеген бунтчул | (1814) аттуу поэ­маларында 19-кылым­дын башындагы коомдон безген, деспотизмге кар­шы чыккан, бий­ликке баш ийбеген бунтчул жана ин­дивидуалист каар­мандардын обра­зын түзгөн. Ал азаттык идеясына жан-дили менен бе­рилип, ага бүт өмү­рүн, поэзиясын арнаган. Анын «Ман-фред» дра­малык поэмасы (1817), «Каин» мистериясы, «Ко­ло кылым» сатиралык поэмасы (1823) белгилүү. Байрондун «Шильондун туткуну» поэмасы жана бир канча ыры кыргыз тилине которулган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
04:53, 17 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙРОН Жорж Ноэл Гордон (22. 01. 1788, Лондон – 19. 04. 1824, Миссолунги, Грекия) – англия акыны, романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. Кембриж университетин бүтүргөн (1808). Байрон «Чайльд Гарольддун сапары» (1812-18), «Дон Жуан» деген поэмаларында өз заманынын маанилүү маселелерин козгоп, алдыңкы идеяларын даңазалаган. «Гяур» (1813), «Корсар» (1814), «Лара»

(1814) аттуу поэмаларында 19-кылымдын башындагы коомдон безген, деспотизмге каршы чыккан, бийликке баш ийбеген бунтчул жана индивидуалист каармандардын образын түзгөн. Ал азаттык идеясына жан-дили менен берилип, ага бүт өмүрүн, поэзиясын арнаган. Анын «Ман-фред» драмалык поэмасы (1817), «Каин» мистериясы, «Коло кылым» сатиралык поэмасы (1823) белгилүү. Байрондун «Шильондун туткуну» поэмасы жана бир канча ыры кыргыз тилине которулган.