БАЙМЫРЗА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙМЫРЗА | '''БАЙМЫРЗА''' Хайт (17. 12. 1917-жылы туулган, Өзбекстан, Наманган аймагы – 31. 10. 2006, Германия) – түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги Орто Азия университетинин тарых факультетин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) университетин (1950) бү­түргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-жылы Слуцк шаарынын алдындагы салгылашуу­да туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-жылы жазында ''Түркстан ле­гионуна'' кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Баймырза да болгон. Согуш аяктагандан ки­йин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-жылы «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөт­төрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылы­на улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин та­рыхын жаңыча көз караш менен чагылдырууга ара­кеттенген. «Түркстандын экономикалык масе­лелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстан­дагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Ала­ш ордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Баймырза АКШ, Улуу Британия, Түркия университеттеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-жылы Баймырза «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-жылы анын жетекчилиги менен АКШда М. ''Чокайдын'' 100 жылдыгы белгиленген. | ||
''А Кубатова.'' | ''А Кубатова.'' | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
04:12, 17 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙМЫРЗА Хайт (17. 12. 1917-жылы туулган, Өзбекстан, Наманган аймагы – 31. 10. 2006, Германия) – түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги Орто Азия университетинин тарых факультетин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) университетин (1950) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-жылы Слуцк шаарынын алдындагы салгылашууда туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-жылы жазында Түркстан легионуна кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Баймырза да болгон. Согуш аяктагандан кийин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-жылы «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөттөрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылына улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин тарыхын жаңыча көз караш менен чагылдырууга аракеттенген. «Түркстандын экономикалык маселелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстандагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Алаш ордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Баймырза АКШ, Улуу Британия, Түркия университеттеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-жылы Баймырза «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-жылы анын жетекчилиги менен АКШда М. Чокайдын 100 жылдыгы белгиленген.
А Кубатова.