БАЙЫРКЫ УЙГУР ТИЛИ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЫРКЫ УЙГУР ТИЛИ '''- орхон түрктөрүнүн, | '''БАЙЫРКЫ УЙГУР ТИЛИ '''- орхон түрктөрүнүн, башкача айтканда байыркы огуздардын тилине жакын тил; байыркы жазуу эстеликтери бар жазма тилдердин бири. Бул тилде орхон тамгасы менен ташка чегилген байыркы эстелик (Селенга боюнан табылган), 5-8-кылымдардагы байыркы уйгур тамгасы менен жазылган манихей-уйгур, будда-уйгур сы­яктуу диний маанидеги чыгармалардын котормолору (манускрипти), 10-15-кылымдардагы араб тамгасы менен жазылган мусулман-уйгур эстеликтери бар. Байыркы уйгур тилинин фонетикалык түзүлүшү үчүн и-е, д-т, с-ш тыбыштарынын алмашуулары мүнөздүү. Анда катар муундардын чегинде лт, рт, нт ты­быш айкаштары келет (болтумуз - болдук, бил­тимиз - билдик). Байыркы уйгур тилинин грамматикалык түзүлү­шүндө атоочтуктун байыркы (-ма: йор-ыг-ма - бараткан) жана тангыч формасы (-матын, -метин, -мэтин: билмэтин - билбестен) учурайт. Лексикасында байыркы иран, араб тилдеринин эле­менттери бар. | ||
Ад.: ''Малов С. Е.'' Памятники древнетюркской письменности. М.-Л., 1951; ''Баскаков Н. А.'' Тюркские языки. М., 1960; ''Насилов В. М.'' Древнеуйгурский язык. М., 1963. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
08:47, 6 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
БАЙЫРКЫ УЙГУР ТИЛИ - орхон түрктөрүнүн, башкача айтканда байыркы огуздардын тилине жакын тил; байыркы жазуу эстеликтери бар жазма тилдердин бири. Бул тилде орхон тамгасы менен ташка чегилген байыркы эстелик (Селенга боюнан табылган), 5-8-кылымдардагы байыркы уйгур тамгасы менен жазылган манихей-уйгур, будда-уйгур сыяктуу диний маанидеги чыгармалардын котормолору (манускрипти), 10-15-кылымдардагы араб тамгасы менен жазылган мусулман-уйгур эстеликтери бар. Байыркы уйгур тилинин фонетикалык түзүлүшү үчүн и-е, д-т, с-ш тыбыштарынын алмашуулары мүнөздүү. Анда катар муундардын чегинде лт, рт, нт тыбыш айкаштары келет (болтумуз - болдук, билтимиз - билдик). Байыркы уйгур тилинин грамматикалык түзүлүшүндө атоочтуктун байыркы (-ма: йор-ыг-ма - бараткан) жана тангыч формасы (-матын, -метин, -мэтин: билмэтин - билбестен) учурайт. Лексикасында байыркы иран, араб тилдеринин элементтери бар.
Ад.: Малов С. Е. Памятники древнетюркской письменности. М.-Л., 1951; Баскаков Н. А. Тюркские языки. М., 1960; Насилов В. М. Древнеуйгурский язык. М., 1963.