БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР ''' | '''БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР '''– инди-европалык тилде сүйлөгөн ири уруулар тобу; биздин заманга чейин 1-кылым ченде Рейн менен Висланын, Дунай менен Балтика, Түндүк деңиздин жана Түштүк Скандинавиянын аралыгын мекендеген. Биздин заманга чейин 1-кылымда Байыркы германдар отурук­ташууга өтүп, уруулук жамаат болуп жашап, жерди менчиктебестен, чогуу иштешкен. Биздин замадын 1-кылымынын аягында аларда социалдык жиктелүү башталган. Уруу союздары түзүлүп, колунда байлык топтолгон уруу башчылары, айрымдарын­да король бийлиги болгон. Королду уруунун эркин мүчөлөрү шайлашкан жана анын бийли­гин эл чогулушу менен аксакалдар кеңеши чектей алган. 2–3-кылымдарда өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү уруу­чулук түзүлүштүн акырындап бузулушуна алып келген. Эл чогулушунун мааниси төмөндөп, мамлекеттик бийликтин белгилери пайда болгон. Бул процессти Байыркы германдардын Рим империясы менен болгон тыгыз байланышы да тездеткен. 4–6-кылымдарда алар ''Элдердин Улуу көчүндө'' маанилүү роль ойногон. Батыш Рим империясынын бир топ жерин басып алышкан жана анын натыйжасында ал аймакта вестготтордун, вандалдардын, остготтор­дун, бургундардын, франктардын, лангобарддар­дын королдуктары түзүлгөн. Герман уруулары азыркы кездеги батыш европалык элдердин (немец, швед, даниялыктардын ж. б.) калыптаны­шына негиз болгон. Европанын көп эли герман тилдеринде сүйлөгөн. Биздин замандын 1-кылымында эле Байыркы германдардын өз жазуусу болгон. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
09:41, 17 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР – инди-европалык тилде сүйлөгөн ири уруулар тобу; биздин заманга чейин 1-кылым ченде Рейн менен Висланын, Дунай менен Балтика, Түндүк деңиздин жана Түштүк Скандинавиянын аралыгын мекендеген. Биздин заманга чейин 1-кылымда Байыркы германдар отурукташууга өтүп, уруулук жамаат болуп жашап, жерди менчиктебестен, чогуу иштешкен. Биздин замадын 1-кылымынын аягында аларда социалдык жиктелүү башталган. Уруу союздары түзүлүп, колунда байлык топтолгон уруу башчылары, айрымдарында король бийлиги болгон. Королду уруунун эркин мүчөлөрү шайлашкан жана анын бийлигин эл чогулушу менен аксакалдар кеңеши чектей алган. 2–3-кылымдарда өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү уруучулук түзүлүштүн акырындап бузулушуна алып келген. Эл чогулушунун мааниси төмөндөп, мамлекеттик бийликтин белгилери пайда болгон. Бул процессти Байыркы германдардын Рим империясы менен болгон тыгыз байланышы да тездеткен. 4–6-кылымдарда алар Элдердин Улуу көчүндө маанилүү роль ойногон. Батыш Рим империясынын бир топ жерин басып алышкан жана анын натыйжасында ал аймакта вестготтордун, вандалдардын, остготтордун, бургундардын, франктардын, лангобарддардын королдуктары түзүлгөн. Герман уруулары азыркы кездеги батыш европалык элдердин (немец, швед, даниялыктардын ж. б.) калыптанышына негиз болгон. Европанын көп эли герман тилдеринде сүйлөгөн. Биздин замандын 1-кылымында эле Байыркы германдардын өз жазуусу болгон.